Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Ванкувер: АКШ кайра алдыга чыкты


Алтын медалдын ээси Евгений Устюгов

Алтын медалдын ээси Евгений Устюгов

Ванкувердеги оюндарда Орусия сегиз күндө бир алтын, 2 күмүш жана 2 коло байгелүү болуп, 11-орунда келатат.

Ванкувер олимпиадасынын сегиз күндүк жыйынтыгында орусиялык спортчулардын жолу болбой, өздөрү каалагандай байгелүү орундарга илинбей турат.

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин дене тарбия жана спорт боюнча жогорку мектебинин жетекчиси Канат Жанузаковдун пикиринде, бул ирет Ванкуверде канчалык аракет кылышканы менен орусиялыктар ийгиликке жетпей, бир алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалы менен 11-орунда келүүдө.

Ванкувер олимпиадасында лидерликти Америка Кошмо Штаттарынын командасы колго алышты. Учурда 6 алтын, 6 күмүш жана 8 коло медаль утуп, топ баштап калды. Ал эми экинчи орунга Норвегия өлкөсү көтөрүлүп, учурда алар 5 алтын, 3 күмүш жана 2 коло байгелүү болушту.

Төрт алтын, беш күмүш жана төрт коло медалдарды менен Германия өлкөсү үчүнчү катарда турат. Оюн ээси- Канада өлкөсү 4 алтын, 3 күмүш жана 1 коло байгени утуп алуу менен төртүнчү орунда келүүдө. Азия аймагынан Түштүк Корея, Кытай, Жапон өлкөлөрү гана таанылып, мөрөй алышты.

Түштүк Кореянын спортчулары 3 алтын, 2 күмүш медаль тагынды. Кытайлыктар 2 алтын, бирден күмүш жана коло байгелүү болушту.

Олимпиадалык мөрөй талашып жатышкан 82 өлкөдөн учурда 26 мамлекет гана байгелүү орундарды камсыз кылып турушат.

Ванкувердеги кышкы олимпиаданын сноуборддун хафпайп ыкмасы боюнча кыз-келиндердин мелдештери жыйынтыкталды.

Мында австралиялык Тора Брайт Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталды. Америкалыктар Ханна Титер менен Келли Кларк-экинчи жана үчүнчү орундарды ээледи.

Ванкуверден 165 км алыстыктагы Уистлер олимпиадалык паркында кыз-келиндер 15 км аралыкка лыжа менен жарышып, мөрөй талашты.

Жыйынтыгында норвегиялык Марит Бьорген марага биринчи келип, олимпиаданын эки жолку чемпиону аталды.

Швециялык Анна Хоаг-экинчи, польшалык Юстина Ковальчик- үчүнчү орундарды камсыз кылышты.

Орусиялык лыжа чеберлери бул жолу да күйөрмандардын ишенимин актай албай, байгелүү орундарга жетпей калышты.

Тоо лыжасынын супер-гигант слалом түрү боюнча эр-азаматтар өнөрлөрүн көрсөтүп, норвегиялык Лунд Аксель Свиндаль баш байгенин ээси болуп, Ванкувер олимпиадасынын алтын медалын тагынды. АКШнын намысын коргогон Боде Миллер менен Эндрю Вайбрехт күмүш жана коло байгелүү болушту.

Кыз-келиндер арасында бир кишилик скелетон чана жарыштары соңуна чыкты.

Мында англиялык Эми Уильямс биринчи орунду камсыз кылып, Ванкувер олимпиадасынын чемпиону болуп калды.

Германиялык Керстин Шимкоовяк менен Аня Хувер күмүш жана коло байгелүү болуп, өлкөсүн таанытты.

Эр-азаматтардын скелетон чана жарыштарында канадалык Жон Монтгомер марага биринчи келип, жердештерин сүйүнтүп, жеңиштин бийик секисине көтөрүлдү. Мында орусиялык Александр Третьяк коло байгелүү болуп, келечегинен үмүткөр кылды.

Себеби ал дүйнө чемпионатында дагы үчүнчү орунду ээлеп, жаштар арасында дагы дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон.

Биатлон боюнча эр-азаматттар 20 км аралыкка лыжа менен жарышып, мылтыктан таамай атып, мөрөй талашты. Мында норвегиялык Эмил Свендсен мергендиги жана чапчаңдыгы менен айырмаланып, Ванкувер олимпиадасынын чемпиону аталды. Эмил мырзага бул спорттун сырын үйрөтүп, үлгү болуп келген мекендеши, олимпиаданын беш жолку чемпиону Эйнар Уле Бьорндален дале табында экенин далилдеп, күмүш байгелүү болду. Белорусиялык Сергей Новиков үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болду.

Кыз-келиндер да 1000 метрге коньки менен жарышып, канадалык Кристин Несбитт марага биринчи болуп келип, олимпиадалык алтын медаль тагынды.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун айтымына караганда кыргызстандык Ольга Решеткова бир жарым км. спринт лыжа жарышына катышып, марага 54-болуп келип, ишенимди актай албады.

Көркөм муз тебүүдө жигиттердин финалдык өнөр көрсөтүүлөрү 19-февралда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү аныкталды.

Ванкуверде эр азаматтар арасында көркөм муз тебүү мелдештеринде Турин олимпиадасынын чемпиону, орусиялык Евгений Плющенко алдыңкы орунда келатканы менен алтын байгени америкалык Эван Лайсачекке алдырып жиберди. Жапониялык Дайсуке Такахаси коло байгелүү болду.

Нарындык спорт күйөрманы Жумабек Жусуповдун пикиринде, Ванкувер олимпиадасынын таасири менен Кыргызстанда дагы кышкы спортко көңүл бурулуп, кар калың жааган Нарын аймагы лыжа спортун өнүктүрүүгө ыңгайлуу.





XS
SM
MD
LG