Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Ванкуверде кышкы олимпиада башталат


12-февралда Канаданын Ванкувер шаарында дүйнө коомчулугу күткөн 21-кышкы оюндарынын ачылыш салтанаты болмокчу.

Алгач Канаданын олимпиадалык ассоциациясынын демилгеси менен 1998-жылы эле Калгари, Квебек жана Ванкувер шаарлары кышкы олимпиадалык оюндарды өткөрүү үчүн сынакка катышкан.

Мындан мурда Квебек шаары да эки ирет кышкы олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө өз талапкерлигин коюп, эки жолу ийгиликке жетпей калган. Акыркы ирет 1995-жылы Квебек шаары 2002-жылкы кышкы олимпиаданы өткөрүү таймашында АКШнын Соль-Лейк Сити шаарына утулуп калган.

Ошондуктан 1998-жылдын 21-ноябрында Канаданын олимпиадалык ассоциациясынын демилгеси менен уюштурулган конкурстун биринчи этабында Ванкуверге - 26 добуш, Квебекке - 25 жана Калгариге - 21 добуш берилген. Арбын упайга ээ болгон эки шаар 3-декабрда кайра экинчи сыноого коюлган.

Мында Ванкувер шаары 40 добушка ээ болуп, кышкы олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө өз талапкерлигин Канада өлкөсүнүн атынан койууга мүмкүнчүлүк алган.

Спорт адиси Касымкул Оболбековдун айтымында, 2002-жылы Солт-Лейк Сити шаарына кышкы оюндарды өткөрүү укугун берүүдө паракорлукка жол берилгендиктен Квебек шаары 8 миллион канада долларын төлөтүп алууга аракет кылган. Бул чыр-чатак ырбаганы менен жыйынтыгы чыкпай, ошондон бери талапкер шаарга добуш берүү эрежесине өзгөртүүлөр киргизилген.

Олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө талапкер шаардын даярдыгын текшерүүгө барган Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрү эч кандай белек-бечек, акчалай сыйлыктарды алууга катуу тыюу салынган.

Ванкувер шаарынын тургундарына сурамжылоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында алардын 64 пайызы колдоого алып, шаардын талапкер болушуна макулдугун билдиришкен.

2003-жылы 2-июлда Чехиянын Прага шаарында өткөн Эл аралык олимпиада комитетинин 115- Конгрессинде Ванкувер шаары 21-кышкы олимпиаданы өткөрүү укугун жеңип алган.

ЭОКтун президенти Жак Роггенин билдиргенине караганда, Ванкувер шаары 56 добуш менен утуп чыккан. Түштүк Кореянын Пхенчхан шаары Ванкуверден үч упай менен жеңилип калган.

Финалдык таймашууга чыккан Австриянын Зальцбург шаары биринчи раундда эле 16 добуш алуу менен четке чыгып калган. Бирок биринчи раундда Түштүк Кореянын Пхенчхан шаары 51 упай алып, лидер болгону менен экинчи раундда алдыга чыга албай калган эле. Биринчи таймашууда Ванкуверге 40 добуш гана берилген.

Буга чейин Ванкувер шаары кышкы олимпиаданы өткөрүүгө эки ирет 1976-жана 1980-жылдары өз талапкерлигин коюп, мындай укукка ээ боло албай калган. 1976-жылы Австриянын Инсбрук шаары, 1980-жылы Лейк-Плесид шаарлары кышкы олимпиаданын кожоюндары болушкан.

Ванкувер - олимпиаданын чордону

21-кышкы олимпиаданын салтанаттуу ачылыш аземи 12-февралда Ванкувер шаарындагы 59 миң 800 орундуу башкы стадион Би-Си Плейсте өткөрүлөт.

Бул стадион 1983-жылы курулуп, ошондон бери «Британиялык Колумбия арстандары» футбол клубуна таандык болуп эсептелет. Мындан сырткары кышкы олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи ушул стадиондо болмокчу.

28-февралда 21-кышкы олимпиаданын жабылуу салтанаты өткөрүлүп, кийинки эстафета 2014-жылкы олимпиаданы өткөрүү үчүн Сочи шаарынын мэрине олимпиада туусу тапшырылат.

Ванкувердеги олимпиада шаарчасы

Хоккей оюну менен дүйнөгө таанылып, олимпиадалык чемпион аталган канадалыктардын өтө сүйгөн мелдештери Ванкувердеги Канада Хоккей Плейс борборунда уюштурулат. Бул борбор мурда америкалык автогигант аталып, Улуттук хоккей Лигасынын «Кэнакс» клубунун оюндары өткөрүлүп келген. Имарат 1993-жылы пайдаланууга берилип, 19 миң 300 күйөрманга ылайыкталган.

Кышкы олимпиаданын муз үстүндө көркөм бийлөө мелдештери жана шорт трек коньки жарыштары Ванкувердеги Пасифик Колизиум спорт борборунда болмокчу.

Хоккей турнирлери менен таанылган бул арена 1968-жылы курулганы менен олимпиаданын шылтоосу менен кайра реконструкцияланды. Реконструкциядан кийин аренадагы муз айдыңы бир сааттын ичинде даяр болот. Бул жерде жаштар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаттары да өткөрүлүп келген.

Керлинг таймашууларын болсо былтыр жаңы курулган Ванкувер олимпиадалык борборунан көрө аласыздар. Борбор 5 миң 600 көрүүчүгө ылайыкталган. Уландар арасында керлинг боюнча дүйнө чемпионаты өткөрүлүп, адистер жогору баа беришкен.

Ошондой эле Ванкувердеги 2008-жылдан баштап иштей баштаган УБК кышкы спорт борборунда дагы кыз-келиндер арасында хоккей боюнча мыктыларды иргеп алуу таймашуулар өткөрүлөт. Бул борборго дагы хоккей беттешүүлөрүн сүрөөнгө алуу үчүн 6 миң 800 күйөрман сыят.

Ванкувер шаарына жакын жайгашкан Ричмонд олимпиадалык булуңундагы борбордо коньки спорт мелдештери болмокчу. Олимпиаданын шылтоосу менен эки жыл мурда курулуп бүткөн имарат 7 миң 600 орундуу. Учур талабына ылайык архитектура менен курулуп, көз жоосун алган имарат түнкү шамды элестетет.

Жаңы курулганы менен жасалгасы, көркөмдүгү жогору бааланып, конкурста дүйнөгө таанымал «Бээжиндин чыйырчык уясы» жана Умилдон борбордук теннис кортун артка калтырып, эл аралык сыйлыкка татыктуу болгон. Сыртынан карасаң деңиз жээгиндеги спорт сарайын элестетсе, анын аянты 34 миң чарчы метрди ээлеп, залкар экенин далилдеп турат.

Бул имаратта кышкы олимпиаданын кызытма текшерүү лабораториясы да жайгашкан.

Ошондой эле Ванкуверге жакын жерде Вест-Ванкувердеги Киприс-тоосу (Cypress Mountain) спорт базасында фристайл жана сноуборд боюнча таймашуулар белгиленген. Бул борбор да 21-кышкы олимпиаданын шылтоосу менен 2007-жылы курулуп, бир учурда 12 миң күйөрманды кабыл алат. Ошондой эле бул жерде жасалма кар чыгаруучу ишкана да жайгашкан.

Ванкуверден 126 км аралыкта Уистлер тоосунда да Олимпиадалык айыл курулуп, меймандарды кабыл алууда. Бул жердеги Уистлер Криксайд лыжа базасында тоо лыжа спорт мелдештери өткөрүлмөкчү.

Дүйнөдөгү эң атактуу лыжа борбору катары таанылган аймак 1966-жылдан бери иштейт. Түндүк Америкадагы башкы лыжа базасы катары таанылып, 7 миң 700 күйөрман мелдештерге күбө боло алат. Тоо лыжа мелдештери үчүн Блеккомб чокусу кызмат кылып келет. Деңиз деңгээлинен 2 км бийиктеги бул тоодон 1,5 км лыжа жолу менен мелдештер өткөрүлөт. Кардарларды 24 көтөргүч тейлейт.

Ошондой эле ушул аймактагы Уистлер олимпиадалык паркы 2008-жылы пайдаланууга берилген. 12 миң күйөрман эң кызыктуу биатлон, түрдүү аралыктарга лыжалык жарыштар, лыжанын эки таймашы, бийиктиктен лыжа менен секирүү (трамплин) спорт түрлөрү боюнча олимпиадалык күч сынашууларга күбө болот. Бир мезгилде спорттун төрт түрү боюнча мелдештерди өткөргөн мындай спорт база жокко эсе. К-95 жана К-125 трамплин олимпиадалык талаптарга ылайык курулган.

Уистлер чана тебүү борбору 2007-жыл пайдаланууга берилсе да спорт чөйрөсүнө таанылып калды. 12 миң көрүүчүгө ылайыкталган аталган олимпиадалык аймакта бобслей, скелетон жана чана спорту боюнча мөрөй талашуулар өткөрүлөт. Жарыш жолу 1450 метрден болгондуктан эки жылда дүйнө Кубогунун этаптык мелдештери да өткөрүлгөн.

Ванкувер олимпиадасынын эн белгиси

Таштан куралып тургузулган Ванкувер олимпиадасынын эн белгиси 2005-жылы 23-апрелде коомчулукка көргөзүлгөн. Эн белгиде инукшук-эстелик сөлөкөтү чагылдырылган. Бул эстелик таш-Иланаак деп аталып, жергиликтүү калктын тилинен которгондо «дос» деген түшүнүктү билдирет. Бул эстелик таш Ванкувер шаарынын Англия куймасына жакын жерде жайгашкан. Эн белгидеги жашыл түс токойду, көк түс болсо тоону, көгүлтүр түс асман менен океанды түшүндүрсө, кызыл түс Канаданын желегиндеги клен жалбырагын элестетет. Эн белгидеги сары түс таң алдыда чыгып келаткан күндү чагылдырып турат.

Ванкувер олимпиадасынын талисмандары, төлгөсү

21-кышкы олимпиада үч талисманга ээ. Биринчиси - Мига аталып, ал деңиз аюусун элестетип, жарымы косатка окшоп, тең жарымы ак барибал жаныбарына түспөлдөшүп кетээрин айтышууда. Экинчи талисмандын аты - Куатчи. Ал Канаданын токойлорунда жашап, хоккей ойноону самаган балдар сүйгөн «бигфут» аттуу жаныбардын түспөлүн жаратышкан. Үчүнчү талисман Суми деп аталып, жаныбарлардын духун билдирип, Канаданын фаунасында жана Тынч океанындагы жаныбарлардын образынан жаралып, параолимпиадалык оюндарга да талисман катары кабыл алынган.

Олимпиадалык от эстафетасы

Бишкектик кышкы спорт күйөрманы Өндүрүш Токтоназаровдун айтымында кышкы олимпиаданын оту да салт боюнча Грекиянын Олимп шаарынан 2009-жылдын 22-октябрында тутандырылып, эстафеталык жүрүш баштаган.

21-кышкы олимпиаданын отун грекиялык лыжачы Василиас Димитриадас күндүн нурунан олимп отун тутандырып, күздүн ысык күнүнө карабай кышкы лыжалык кийимдериди кийип, эстафетаны баштап берген.

Олимпиаданы уюштуруучулардын айтымында, олимпиадалык от 45 миң км аралыкты басып өтүп, 12 миң эстафетачынын колунан колго берилип, 12-февралда Ванкувердеги Би-Си Плейс стадионуна алынып келинет.

Олимпиадалык таймашуулар

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Алмаз Касеновдун айтымында, Ванкувердеги 21-кышкы олимпиадалык оюндар спорттун 7 түрүнө ылайык 15 дисциплина боюнча мөрөй талашуулар болот.

Жеңүүчүлөргө 86 комплект байгелер ыйгарылат. Мурдакы кышкы олимпиадаларга салыштырмалуу 2 комплект сыйлык да кошулуп ыйгарылмакчы. Алар фристайлдын ски-кросс түрү боюнча эр-азаматтарга жана кыз-келиндердин жеңүүчүлөрүнө тапшырылат.

Мындай чечим 2006-жылы 28-ноябрда Кувейте өткөн ЭОКтун аткаруу комитетинин чечимине ылайык белилмекчи. Мындан тышкары дагы бир нече кышкы спорт түрлөрү сунушталган менен кабыл алынган эмес.
XS
SM
MD
LG