Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

М.Садыркулов министр кызматынан баш тартты


Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов тышкы иштер министри кызматынан баш тартты. Кезинде оппоненттеринин айласын куруткан саясатчынын эми кандай кадам жасаары табышмак болуп турат.

2007-жылы апрель айында президенттик администрацияны жетектөөгө келген Медет Садыркулов бул кызматтан быйыл 8-январда бошотулган. Медет Садыркулов менен удаалаш вице-премьер-министр Элмира Ибраимова да кызматтан бошотуу тууралуу арызын президентке жазып берген.

Медет Садыркуловдун тобунда болгон Ибраимованын кызматтан кетүүсү президент айланасындагы топтордун айыгышкан кармашынан кабар берип турганын талдоочулар белгилеген.

Ибраимовадан сырткары Медет Садыркуловдун парламентте жана аткаруу бийлигинде жакын кишилери бар. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаттары Зайнидин Курманов, Галина Куликова, Кабай Карабеков, Алишер Мамасалиев, Орзубек Назаров, Эрнест Акрамов жана башкалар.

Президент бул топту өзүнөн алыстатпоо үчүн Медет Садыркуловго Тышкы иштер министрлигин сунуштаган. Бирок Медет Садыркулов дүйшөмбү күнү президент менен жолугушууда тышкы иштер министри кызматынан баш тарткан. Ал тууралуу Садыркулов “Азаттыкка” мындайча билдирди:

-О шол маалымат чын. Рахматымды айттым президентке. Болду ошол. Мен баш тарттым. Башка эч нерсе айта албаймын.

Президенттик администрациянын башчысы Тышкы иштер министрлигин башкаруудан баш тартуусунун себеби, башка кызматка барыш мүмкүндүгү жөнүндө суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Медет Садыркулов аркылуу бийлик менен жакындашууга барганын билдирген Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Мамасалиев акыркы кадрдык чечимдер түшүнүксүз болуп жатканын билдирди:

- Медет Чоканович жана Элмира Ибраимова биздин “Ак жол” партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү болот. Ошондуктан алардын эмне себептен кетип калганын түшүндүрүп, бизди деле кичине маалымдар кылса болмок. Ал маселе боюнча бизде эч кандай жыйын болгон эмес. Ошондуктан сиздерге эч нерсе дей албаймын. Менин өзүмө да алардын эмне себептен кеткени чоң суроо болуп жатат. Алардын келечеги эмне болот? Мага бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.

Саясат таануучу Марат Казакпаев Садыркуловдун чечими тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Эң биринчиден, менин оюмча, Медет Садыркулов тышкы саясат боюнча анча деле адис эмес. Аны өзү деле сезип жатат болуш керек. Ошондуктан менин оюмча, министрликте оор маселелер көп. Аны чече албай калса, аброю түшүп кетет. Ошон үчүн баш тартты окшойт. Министрликтен баш тарткандан кийин элчи деле болбойт ко. Илим менен алектене баштайт го.

Айта кетүүчү нерсе, Медет Садыркулов менен дүйшөмбү күнгө белгиленген сүйлөшүүдөн мурун жума күнү президент тышкы иштер министри Эднан Карабаев кызматынан алып, сунушу олуттуу экенин Медет Садыркуловго ишаара кылгандай болду эле.

Медет Садыркулов ал кызматтан баш тартып олтурат. Демек эки-үч жылдан бери ийиндеш келген Курманбек Бакиев менен Медет Садыркуловдун жолу ар башка кетчүдөй болуп турат. Ал эми бош турган Тышкы иштер министрлигине кимдин бараары азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG