Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Садыркулов санаасы: Суроо - түмөн, жообу - күмөн


Аламүдүн капчыгайында 13-мартта үч адам өлгөн трагедиялуу окуянын болгон жери.
Аламүдүн капчыгайында 13-мартта үч адам өлгөн трагедиялуу окуянын болгон жери.

Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси М. Садыркулов баш болгон үч адам өлгөн трагедиялуу окуядан кийин жыйырмага жакын бейөкмөт уюм президент К.Бакиевге кайрылып, ички иштер министри М. Конгантиевди кызматтан алуу жөнүндө маселе коюп жатышат.

Кандуу окуяга катышкан автоунаалар

Бишкек шаарынын чыгыш тарабындагы Жылуу-Суу жолунда автоунаада өрттөнүп кеткен үч адамдын аты-жөнү расмий тастыктала элек. Бейрасмий булактар кырсыкка кирептер болгондор президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, Президенттин карамагындагы Эл аралык стратегиялык институттун мурдагы жетекчиси Сергей Слепченко жана айдоочу экендигине негиздүү далилдерди келтирип жатышат. Булардын туугандарынын, жакын санаалаштарынын, тилектештеринин билдирүүлөрү, адистердин кыйыр билдирүүлөрү да аталган саясатчылардын мерт болуп калгандыгын тастыктоодо.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев күйүп кеткен адамдарга соттук медициналык экспертиза жасалып жаткан жайда.

Саламаттык сактоо министрлиги болсо күйүп кеткен кишилердин ким экендигин аныктоого Кыргызстандын күчү келбей калды деп, Казакстандан жардам суроого мажбур экендигин жарыялады. Министрдин орун басары Мадамин Каратаевдин “Азаттыкка” билдирген акыркы маалыматына караганда медициналык тыянак чыгаруу жараяны 10-15 күнгө создукчудай:

- Алардын ким экендигин ренген дагы, башка нерселер да тааный алган жок азырынча. Ошондуктан биз азыр күтүп атабыз, ДНКга изилдөөгө жиберебиз Казакстанга... Тезирээк аныктаганга аракет кылабыз, бирок, божомол боюнча 10-15 күнгө созулат.

ИИМ окуяны адегенде жол кырсыгы катары каттап, анын себебин ар тараптуу иликтеп жаткандыгын жарыя кылды.

- ИИМде азыр соттук-медициналык, соттук, өрттүк, техникалык, техникалык, автотехникалык, трассологиялык экспертизалар жүргүзүлүп, болгон окуяга укуктук баа берүү аракеттери жүрүп атат, –
деп билдирди ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка”.

Окуя катталган эки күн ичинде расмий тарап ушундай кылдат, тыянагы жок билдирүү жасоо менен чектелди. Ага жараша коомчулукта жооптордон суроолор арбып, учу жок ар кандай жоромолдор күчөп турган кез. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде аңыз кептерге маалымат таңсыктыгы түрткү болуп жатат:

- Ким каза болгону белгисиз деп бир берип атышат. Арсалиев (Эрик Арсалиев – ЖК депутаты –авт.) Садыркуловго машинасын бериптир дейт. Баратканда машина сүзүп кетсе эле өрттөнүп кеткени да кызык болуп атат. Машина күйө башташы мүмкүн, анан ичиндегилер эмне үчүн чыгып кете албай калды деген маселе турат. Сүзгөн машина бир аз күйүп, ордунда турган “Лексус” толук күйүп кетип атат. Ал күйгөнчө ичиндегилер кантип чыга албай калды? Эртең менен саат беште ал жерде машина эмне кылып жүргөн, эгер Садыркулов ичинде болсо деген толгон-токой суроолор көп болуп атат. Сүзгөн машинанын айдоочусу болсо аман-эсен сурак берип атат дейт. Ал сурак берип атабы, эмне кылып атат, кандай неме, ал жөнүндө да маселе жок.

Анткен менен коомчулукта белгилүү саясий ишмерге тиешелүү бул окуя жол кырсыгына караганда саясий буюртма катары көбүрөөк талкууга алынып, биринчи кезекте бул Садыркуловдун саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырылууда. Мындай божомолун “Азаттыктын” кабарчысы менен алгачкылардан болуп Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Акрамов бөлүштү:

- Менин жеке өзүмдө ушундай шек болуп атат. Судмедэксперттер менен сүйлөшсөм – үч өлүк машинеде отуруптур дейт. Өрт чыгып атса мындай аракет кылбай отурат беле машинеде, логика боюнча айнекти уруп, бир нерсе кылат эле да.

Мындай шек саноонун жөнү барын мурдагы вице-премьер министр, Садыркулов менен жакын санаалаш Элмира Ибраимова да “Азаттыкка” билдирди:

- Бир жумадай болду, Медет Чоканович (Садыркулов-авт.) үйдүн жанында бирөөлөр туруп атышат, мени өлтүргөн атышат деп айтты эле.

Ал эми “Улуу Биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев бул окуяны бийлик уюштурган террордук акт деп атады. Партия лидеринин пикиринде буга Садыркуловдун оппозицияга ыктай башташы таасир этти. Окуядан эки күн мурдагы жолугушуусуна таянган Каптагаев Садыркулов акыркы мезгилдери көз карашын тактап, прогрессивдүү саясий күчтөрдүн башын кошуу менен алектенип жүргөнүн айтты:

- Ачык айтпаса дагы мен ал кишинин сөзүнөн түшүндүм, ал киши оппозицияга киргени менен да, кирбегени менен дагы, көп кишилер менен сүйлөшкөнүн, ошо кишилердин пикири азыркы бийликке карата тескери экенин жалпыланган пикир катары айтканын түшүндүм.

Садыркуловдун азыркы бийликке позициясын өзгөртүшү бийликке жаккан жок, коррупциялык бийликтин өмүрүн кыскартууга жөндөмдүү бул адамдын оппозицияга өтүшүнөн корккон бийлик саясатчыны атайылап жок кылып койду, деди Каптагаев.

Кызматынан кеткенден бери Садыркулов коомчулуктун алдында өзүнүн саясий ишмердүүлүгү тууралуу дагы, өзү иштеп кеткен президенттик администрация жана президенттин саясаты тууралуу сын пикирин ачык жарыялай элек болчу. Ал эми январь айында кызматынан кетип жатып ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда буларды белгилеген:

- Мамлекеттик администрациянын иши абдан оор жумуш. Ошон үчүн эки жарым жыл аябай узун убакыт. Бул – менин өзүмдүн чечимим. Көп иштерди жасадык. Аны эл билет. Курманбек Салиевич (Бакиев-авт.) дагы сөзүндө ырахматын айтты. Бу жерде эч кандай маселе жок.

Ушул жагдайды эске алган “Ак жол” партиясынын парламенттеги депутаты Ажыбай Калмаматов да саясатчы бийлик колдуу жок кылынды деген болжол чындыкка коошпойт деди:

- Бүгүнкү күндө Садыркулов оппозицияга өзүнүн оюн ачык билдирип кеткен жок да. Жумуштан өз арызы менен кетти. Бийлик башында эмес, оппозицияда да эмес, жөнөкөй жаран. Ошондуктан анын айланасындагы маселени саясий буюртмага же кылмыш ишине муну байланыштыра албайбыз. Менин оюмча бул кокустук болсо керек.

Президенттик администрациянын маалымат кызматы болсо мурдагы президенттик администрация башчысы киши колдуу болду деген көз карашты саясий упай топтоонун ыкмасы катары баалады. :

- Оппозициянын жыйынтыгын күтпөй туруп эле кээ бир саясий партиялардын өкүлдөрү оппозицияда турган бул саясий, кандайдыр бир буюртма менен аткарылган иш чара деп айтылышы бул эми кудайга жакпаган нерсе. Анын атын колдонуп, кандайдыр бир өзүнүн саясий максаттарына колдонуу аркылуу бир саясий максаттарына жетүүгө болгон аракеттерди кылса болот. Ал эми адамдын өлүмүн колдонуп, трагедиясын колдонуп ушундайга барып жатканды мен такыр түшүнбөйм. Медет Чоканович эч нерсе айткан да эмес, жарыя да жасаган эмес. Кыргызстанда азыркы президенттин өткөрүп жаткан реформаларына, өзгөрүүлөрүнө макул эмесмин деп эч качан айткан эмес, мындай болгон эмес,-деп сүйлөдү "Азаттыкка" Президенттин маалымат кызматынын башчысы Алмас Турдумаматов.

Анткен менен кезинде хансарайдагы көшөгө артындагы тирешүүлөр президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловду кызматтан кетүүгө аргасыз кылганы тууралуу кеп кеңири тараган болчу. Кызматтан кетери менен келерки кызматы тууралуу президент менен он беш күндөн кийин сүйлөшөрүн маалымдаганы менен, январь айынан бери Садыркуловдун эмне иш менен алектенип жүргөнү белгисиз бойдон калган. Акыркы мезгилдери анын бийликтен көз карандысыз аракеттерди көрө баштагандыгы тууралуу маалыматтар арбын айтыла баштаган.

Кыргызстандагы айлакер, жөндөмдүү, уюштургуч мамлекеттик кызматкер, таасирдүү саясатчы саналган Медет Садыркуловдун акыркы тагдыры учурда коомчулукта өлкөдөгү опурталдуу көрүнүштөрдүн бири катары сыпатталууда.

13-марттын кечинде президент Курманбек Бакиевге кайрылуусунда бейөкмөт уюмдар саясий ишмерлердин өлтүрүлүшү, адамдардын бейдарек жоголушу, журналисттерге кол салуулар, оппозициялык лидерлерге жапырт кылмыш иштеринин козголушу өңдүү көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдиришти.

Мындай көрүнүштөрдөн улам жөнөкөй жарандар өздөрүн коопсуз сезбей калды деген жарандык лидерлер мындан ары мындай жашоо болбой тургандыгын президентке кайрылуусунда эскертишти. Буга жол берип жатат деген укук коргоочулар ИИМ жетекчиси Молдомуса Конгантиевди кызматтан алууну сунушташты. Министр өзү болсо акыркы окуяда Садыркуловдун бар-жогун экспертиза гана аныктарын эскертип, ансыз кандайдыр бир тыянак берүү мүмкүн эмес деген жүйөөсүн айтуу менен чектелген.

Бул маселеге президенттик администрация башчысы кезинде эки жарым жылдай коюн-колтук алышып иштеп келген президент Курманбек Бакиев өзү баа бере элек. Табышмактуу окуяга карата көз карашын саясатчынын “Ак жол” партиясындагы тилектештери да айтыша элек.

Президенттин партиясын түптөөдө ошол кездеги администрация башчысы Садыркуловдун “Менин өлкөм” партиясындагы төбөсү көрүнгөн жоон топ саясатчы “Ак жолго” киришкени маалым. Окуяга баасын оппозициялык бирикмелер, кыймылдар, таасирдүү оппозициялык лидерлер да берише элек.

Айрым талдоочулар айлакердиги менен алынган саясатчы Садыркуловдун жок болушуна байланыштуу саясий күчтөр көз караштарын кайрадан тактоого киришип, ага жараша убактылуу тыныгуу болуп турат деп жатышат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG