Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

Өтүп бараткан аптада коомчулукта президенттик шайлоого ыктымал талапкерлерди таразалоо уланды. Оппозициядагы көзүр саясатчылардын бири Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкердиктен баш тартып, БЭКтин катарынан “Асаба” улуттук партиясы чыгып кетти.

23-июлда болчу президенттик шайлоого талапкердикке каттоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз түшө элек. Бул ириде саясий партиялардын, саясатчылардын бир ыктай чечим чыгара электиги менен түшүндүрүлүүдө. Азырынча коомчулукта негизги талашсыз талапкер катары президент Курманбек Бакиевдин аты аталууда. Муну президент өзү дагы февралдагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып “Барамын. Конституциянын негизинде укугум бар. Мен ошол укугумдан пайдаланышым керек” деп бышыктаган.

Ошого жараша президенттин “Ак жол” саясий партиясынын апрелдин ортосуна белгиленген кезексиз курултайында бир талапкер көрсөтүлөрүнөн шек санагандар сейрек учурап турат. Бийликтин башкы партиясын эске албаганда калган саясий күчтөрдүн ичинен президенттик шайлоого барарын “Эрк” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу саясий кеңештин чечимине таянып жарыя кылды.

Буга чейин “Ар намыс” партиясы өз лидери Феликс Куловдун шайлоого барбай тургандыгын кабарлаган. Бул аптада акыркылардан болуп президенттик шайлоого байланыштуу саясий кеңешин “Асаба” партиясы чогултуп, президенттик шайлоого талапкер көрсөтүлбөйт деген чечим чыгарды. Бейшембиде өткөн ушул эле саясий кеңеште “Асаба” БЭКтин катарынан чыгуу, мурдагы лидер Азимбек Бекназаровду партиянын катарынан чыгаруу чечимдерин чыгарды. Партия лидерлери муну БЭК менен келише албагандыгы менен негиздешти.

- Биз БЭКти аябай эле колдоп келдик. БЭКтин ичинде бизден өткөн радикалдуу көз караштагы партиялар жок болчу. Анан улуттун кызыкчылыгына маани бербеген жагдай түзүлдү. Анан БЭКтин курамынан чыгып кетүүгө аргасыз болдук, - деп билдирди “Азаттыкка” партиянын төрага орун басары Жолдошбек Орозов. Ал эми Бекназаровду партиянын катарынан чыгаруунун себебин партия менен кеңешпей кыймыл түзгөндүгү менен байланыштырды.

Бириккен оппозициянын штаб башчысы Азимбек Бекназаров партиядан чыгуу тууралуу арызды өзү мурда бергенин айтып, президенттик шайлоо алдындагы БЭКте түзүлгөн жагдайды төмөнкүдөй чечмелөөгө аракет кылды:

- Сыноо болуп атпайбы. Биз азыр өзүбүздү сынап көрүп атабыз. Ким калат, ким кетет? Дагы сыналат. Шайлоо башталгандан кийин бир топ электен өтөт. Азыр эми бийлик да жөн жаткан жери жок. Бөлүп-жаруу маселесин катуу иштеп атат. Бийликтин таасирлери деп эле эсептейбиз.

Мындай көз караштын чындыгы жок эмес экендигин белгилеген талдоочулардын бири Кубан Абдымендин айтымында, бийлик шайлоо алдында оппозицияны алсыздандыруу аракеттерин жасай баштайт. Оппозициялык лидер Өмүрбек Текебаевдин талапкердиктен баш тартышынын бир себебин дал ушул кысымдардын натыйжасы катары көрөт талдоочу.

“Ата Мекен” партиясынын саясий кеңеши шаршемби күнү өз лидерин президенттикке көрсөтпөө чечимине келгени мурда маалымдалган. Партиялаштарынын билдиргендерине караганда, бул партия лидеринин өзүнүн жеке чечими болду жана ал мындай кадамга оппозициялык күчтөрдүн биримдигин чыңдоо максатында кабыл алды:

- Оппозициялык күчтөрдү бириктирүүгө ушундай чечкиндүү кадамдар керек болчу. Мындай кадамга Текебаев барды, - деди саясий кеңештин мүчөсү Алманбет Шыкмаматов “Азаттыкка”.

Текебаев өз чечимине түшүндүрмөнү жакында берерин убада кылды. Коомчулукта болсо бул чечимдин жөнү моралдык-психологиялык кысымдар, каражатынын жетишсиздиги өңдүү себептер менен көбүрөөк байланыштырылып жатат. Талапкер болбой тургандыгын Текебаевден мурдараак жарыя кылган Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” айтканына караганда, мындай чечимдердин пайда болушуна биринчи кезекте бийликке ишенбөөчүлүк себеп болууда:

- Эч качан адилет шайлоо болбойт. Фальсификация болот. Ошондуктан биз бийликке ишенбей, “Бакиевдерсиз шайлоо үчүн” күрөшөлү деп атабыз.

БЭК 27-марттагы нааразылык акцияларынын учурунда бийликке беш талап коюп, алар аткарылбаса “Бакиевсиз шайлоо” деген ураандын алдында мөөнөтсүз нааразылык акциясын 20-апрелде баштаарын эскерткен. Оппозиция президенттик шайлоону таза өткөрүү, шайлоого чейин БШК мүчөлөрүнүн, күч бийлигинин жарымын БЭКтин сунушу менен дайындоо, саясий куугунтукту токтотуу талаптарын койгон болчу. Бул талапка бийлик жооп кайтара элек.

Бул аралыкта бириккен оппозиция президенттик шайлоого катышуудан баш тартышы мүмкүн деген жоромолдор айтыла баштады. Мунун себебин саясий кысымдардын уланышы менен байланыштыргандар жаңы мисал катары Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловго каршы козголуп жаткан кылмыш ишин келтиришүүдө. БЭК лидерлери болсо байма-бай жыйындарга чогулуп, бирок бир талапкерди президенттик шайлоого чыгарабы же шайлоодон баш тартып, массалык акцияларды уюштурууга биротоло беттейби бир жактуу чечимин жарыялаша элек.

Саясат таануучу Нур Омаровдун көз карашында, оппозиция шайлоого катышуудан баш тартса, ал аркылуу өзүнүн алсыздыгынан башка эч нерсени далилдей албайт. Муну оппозиция өзү да жакшы түшүнөт, ошондуктан, шайлоого катышуу кызыкчылыгы анда баары бир кала берет дейт талдоочу.

Биринчи талапкер ат үстүндөгү Курманбек Бакиев экендигин эске алган талдоочулар оппозиция бир талапкерди чыгармайынча жеңишке жетмек түгул тең ата ат салышарына да ишенишпейт. Мындай ойду азыр оппозиция лидерлери өздөрү дагы калчап турушат. А түгүл бул башкы максат болуп тургандыгын оппозициядагы саясатчылардын кыйласы нечен курдай белгилешүүдө:

- Ошондой пикир бар. Бириккен оппозициядан бир эле кишини чыгаралы, ал дароо эле баш министр ким болот, ошону айтсын, команда түзсүн, эгерде ошо биз биринчи деп алдыга чыгарган кишини тигил же бул себептер менен шайлоодон чыгарып таштаса экинчи адам да болуш керек деген да пикир бар, - деди “Азаттыкка” БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев.

Бирок оппозициянын бул каалоосу кандай чечилет азырынча белгисиз. Эң ыңгайлуу талапкер катары акмаланып турган Өмүрбек Текебаев баш тарткандан кийин Социал-демократтар партиясынын лидери Алмаз Атамбаев, партиянын парламенттеги фракция башчысы Бакыт Бешимов, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев өңдүү төбөсү көрүнгөн саясатчылардын кимиси талапкер болуп чыгаар экен деп коомчулук бүшүркөп, жооп күтүп турат.

Ошол эле мезгилде талдоочулар арасында өлкөнүн түштүк аймагынан чыккан саясатчыны сүрөө оппозицияны жеңишке кыйла жакындатат деген көз караш көп айтыла баштады. Мындай ою менен бөлүшкөн саясат таануучу Марс Сариев азыр бардык өңүтүн алганда Бакыт Бешимовдун талапкердиги оппозиция үчүн ыңгайлуу деп эсептейт:

- Эми Исмаил Исаковдо кылмыш иши бар, аны бат эле жарыштан алып койсо болот. Атамбаев болсо түндүктөн болуп атат. Сариев бар, ал деле түндүктөн. Ошон үчүн менин пикиримде азыр Бешимов эң эле реалдуу талапкер болуп турат. Бакиевге концептуалдык жагынан дагы, деңгээли жагынан дагы Бешимов реалдуу атаандаш болуп атат.

Кубан Абдымендин пикиринде, бул саясатчыга шайлоону акмалап турган Батыш дагы кайдыгер карабайт.

Бакыт Бешимов өзү болсо башка ыктымал талапкерлер сыяктуу эле бул суроого түз жооп бере элек:

- Мен башынан эле жеңүүчү вариантка токтогонду каалап жатам. Саясий оппозиция Кыргызстанда эң демократиялуу күчтөр жеңиши үчүн ошондой талапкерди алып чыгышы керек. Азыр жеке амбицияга токтолуп, ошого карата иш жасаган мезгил эмес.

Бешимов “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдиргенине караганда, алдыдагы президенттик шайлоодо ушундай жагдай түзүлөрүнө, коррупциясыз, демократиялык мамлекетти курууну каалаган оппозиция сүрөгөн лидер жеңерине терең ишенип турат.

Саясат таануучу Табылды Акеров Бешимовдун эл ичинде кадыры барына анча ишене бербейт. Анын пикиринде Исмаил Исаков, Темир Сариев, Абдыганы Эркебаев сыяктуу саясатчылар тазалыгы менен эл оозунда келатышат. Булардын ичинен Сариев салмактуулук кылат дейт талдоочу:

- Менимче эл ичинде Текебаевден кийин эле таза саясатчы катары аброю бар саясатчы бул – Темир Сариев. Ал Текебаевдин партиясы менен парламенттик шайлоого барганда тизмеде экинчи турган жана шайлоочулардын көп добушун алганга салым кошкон. Ошондуктан оппозиция Темир Сариевге токтолсо туура болот деп эсептейм.

Оппозиция лидерлери жума күнү дагы бир ирет кеп-кеңешке чогулуп, бирок, кандай тыянакка келгени жабык бойдон калды. Айрым булактарга караганда БЭК өзүнүн акыркы чечимин башкы атаандашы, азыркы президент Курманбек Бакиевдин атын чакыраары күтүлүп жаткан “Ак жол” партиясынын курултайынан кийин жарыялоого белсенүүдө. Бириккен оппозициянын чечими бир талапкер менен президенттик шайлоого баруу тууралуу болобу же андан баш тартып, “Бакиевсиз шайлоо” ураанынын алдында нааразылык акцияларына чыгуу тууралуу болобу – убакыт көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG