Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Оппозиция президенттин укугун чектөөнү максат кылууда


Аликбек Жекшенкулов - "Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору

Аликбек Жекшенкулов - "Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору

Бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылы 3-ноябрда Коомдук парламенттин отурумун өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Анда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы, өлкөдөгү саясий-экономикалык абал, Элдик курултайды уюштуруу маселеси каралмакчы.


“Акыйкат үчүн” коомдук кыймылдын кезектеги отуруму башталганда оппозициялык саясатчылардын Москвадагы иш сапары тууралуу азын-оолак маалымат айтылды. Анда оппозиция тобу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын өкүлдөрү, саясатчылар, мыкты адистер менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр жемиштүү болгону белгиленди.

Ошондой эле БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова менен эки жолу жолугушуу болуп, ал өзүнүн коопсуздугу боюнча маселени чечкенден кийин азыркы бийликтин мыйзамсыз иш аракеттери жөнүндө расмий билдирүү жасай тургандыгын айткан. Ал эми Орусиядагы эмгек мигранттары менен болгон жолугушууда алар азыркы бийликке нааразылыктарын билдиришкен.

3-ноябрда өтүүчү Коомдук парламенттин жыйынына чейин оппозициядагы саясий партиялардын лидерлери, коомдук ишмерлер меморандумга кол кое турган болушту. Меморандумда өлкөдөгү кризистин негизги булагы болгон коррупцияга биргелешип каршы туруу, президент баш болгон мамлекеттик кызматтагылардын жоопкерчиликсиз мамилесин, саясий жана мамлекеттик башкаруу органын түп орду менен өзгөртүү маселесине бирге аракет кылуу көрсөтүлгөн.

Коомдук парламенттин мүчөсү Мирослав Ниязовдун пикиринде өлкөдө башкаруу системасын өзгөртпөсө үй-бүлөлүк башкаруудан арылууга мүмкүн эмес:

- Мына он жети жылдан бери президенттер кутуруп, бийликтин бардыгын колдоруна алып алышып, үй-бүлөлүк башкарууну киргизишти. Биз айтып жатабыз, башкаруу системасын өзгөртүш эң биринчи маселе деп. Президенттин укугуна чек коюшубуз керек.

25-ноябрда өтүүчү Элдик курултайда Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Концепциясы талкууга коюлуп, Конституциянын жаңы долбоору дагы сунуштала турган болду. Мирослав Ниязов азырынча саясатчылар өлкөдө кайсы башкаруу системасы болушу керектигине бир пикирге келе электигин, бирок өзү мындай өткөөл мезгилде президенттик-парламенттик башкаруу системасы ылайыктуу болоорун кошумчалады.

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков болсо оппозициячыл саясатчылар Кыргызстанды өнүктүрүү Концепциясын элге жарыялап, коомчулуктун талкуусуна койсо жөндүү болот эле деген көз карашта:

- Оппозициянын өлкөнү өнүктүрүү Концепциясы канчалык элди ишендире алат. Концепциясы канчалык утопия эмес, баягы булардын жылуу сөздөрүндөгүдөй эмес канчалык ишке аша турган нерсе. Анан ошонун негизинде келип башкаруу системасын өзгөртөбүз дешсе жакшы болоор эле. Алар ошол концепциясын коомчулукка талкууга койсо жакшы болмок.

Жолборс Жоробеков белгилегендей оппозиция биринчи кезекте өздөрү ынтымакка келип, жеке кызыкчылыктары үчүн эмес элдин кызыкчылыгын жогору коюшуп, коомдо туруктуулукту сактап, мыйзамдын чегинде иш алап баруусу зарыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG