Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

А. Сарыбаев: Оппозициянын деңгээли өстү


Бириккен оппозициянын элдик курултайы
Бириккен оппозициянын элдик курултайы

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикиринде Кыргызстандагы саясий оппозициянын деңгээли көтөрүлдү, бирок ал бийликке койгон талаптары пассивдүү мүнөздө болуп жатат.

- Оппозициянын ишемби күнү уюштурган курултайында талаптары жазга чейин аткарылбаса эл массалык каршылык акцияларына чыгарын эскертти. Кандай деп ойлойсуз, бириккен оппозициянын чечимдери азыркы кырдаалга жооп береби?

- Мамлекетте болуп жаткан объективдүү кризистик кырдаал бул чечимдерге өзүнөн өзү эле алып келип атат. Оппозиция жөн эле туруп жумурткадан кыр чыгарып аткан жок, тескерисинче конкреттүү өтө мыйзамдуу, конструктивдүү сунуштарды киргизип атат. Мен айтат элем, бул пассивдүү сунуштар болуп атат. Адатта чет өлкөлөрдөгү, өнүккөн өлкөлөрдөгү, демократиясы өнүккөн өлкөлөрдө, ал эле эмес биздин кыргыздардын илгерки тарыхында эле эгерде элдин жашоосу аябай төмөндөп кетсе, анда катуу толкундоолор, катуу талаптар коюлуп келген. Ошондуктан биз оппозициянын сунуштары албетте элдин талабы деп эсептейбиз. Мамлекетти башкарып аткан адамдар өздөрү эле оппозициясы жок эле жасай турган иштер болчу.

- Бир топ көз караштарда оппозиция 10 жыл кандай болсо ошондой эле калды деп атышат. Ошол эле мезгилде оппозиция жанагыдай демилгени көтөрүп атат. Оппозиция системаны алмаштырыш үчүн эмне кыла алат бүгүнкү күндө, күчү канчалык?

-Оппозиция мурункудай болуп калган жок, тескерисинче оппозициянын деңгээли өстү. Койгон талаптарынын баардыгы тең системалаштырылып, дүйнөлүк тажрыйбага таянып иш кылып атат. Ошондуктан оппозиция бир топ өскөндүгүн, талаптарынын бардыгы орчундуу жана орундуу экенин көрсөтүп атат.

-Тарых илимдеринин доктору Ташмамбет Кененсариев айтып атат, Кыргызстан үчүн азыркы шартта кризис күчөп турган кезде мисалы Орусиядагыдай, Казакстандагыдай бийлик саясий чечим кабыл алып, бийликти күчтөндүрүш керек деп атат. Кандайдыр бир мезгилде авторитаризмге жакыныраак саясат керек дегендей көз карашын билдирген экен. Сиз кандай деп ойлойсуз?

-Ал киши тарыхчы болгону менен тарыхты билбейт окшойт. Себеби бизде азыр мындан артык бийлик күчтүү болушу мүмкүн эмес. Анткени азыр президенттик бийлик дагы, парламент дагы, анын өкмөтү дагы бир жеңден кол чыгарып, бир жакадан баш чыгарып турган бир күч. Мындан артык дагы кандай вертикаль болот? Анда сотту, прокуратураны, адвокатураны жоюш керек. Бул киши ошондой талап коюп атса керек. Бизде андай болушу мүмкүн эмес. Тескерисинче азыркы бүгүнкү күндөгү мамлекеттик бийлик системасы менен мындан он - жүз эсе чоң ийгиликтерге жетишүүгө болот. Ал түбөлүк президент деген сөз.

-Президент ушундай кырдаалда кандай кадамдарга барышы керек?

- Өзүнүн эле милдетин, эл алдында берген антын аткарыш керек.

XS
SM
MD
LG