Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Президент К. Бакиевге каршы кубаттуу жаңы саясий толкун түрүлүп келатат. Оппозициялык күчтөрдүн башын кошкон жаңы саясий күч 24-декабрда түзүлүп, "Бириккен элдик кыймыл" (БЭК) деп аталып, ага 4 кыймыл, 7 партия бириге турган болуп жатат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Элдик революциялык кыймылдын Улуттук кеңешинин төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, оппозициянын башын бириктирген жаңы кыймылды түзүү жөнүндөгү макулдашууга 24-декабрда “Хаят” мейманканасында салтанаттуу түрдө кол коюлат.

БЭК Курманбек Бакиевди президенттиктен кетирип, убактылуу өкмөт түзүү жана жаңы Конституцияны кабыл алууну башкы мүдөө максаты деп билет. Азимбек Бекназаровдун билдирүүсү боюнча, жаңы кыймыл түзүлгөндөн кийин ага кирген мурунку кыймылдар жоюлат жана кыймылга кирем деген партиялар менен жарандарга эшик ачык болот.

Кыймылдын саясий органы катары Улуттук кеңеш жана саясий партия, кыймылдын лидерлери кирген аткаруучу орган - бюро түзүлөт. Андан тышкары кыймылдын милдеттери менен иштөө тартиби камтылган жобо кабылданат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG