Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

НАТО Абхазиянын аракеттерине тынчсызданды


Абхазия Грузия менен чек арасындагы төрт өткөөл бекеттин экөө жабыла турганын жарыялады.

НАТО расмий Сухиминин мына ушул кадамына тынчсызданууда.

Түндүк антлантикалык альянстын басма сөз өкүлү Оана Лунгеску 28-февралдагы билдирүүдө белгилегендей, "өткөөл бекеттердин жабылышы жериндеги кырдаалга жана аймактагы туруктуулукка терс таасирин тийгизет".

Грузия Абхазияны жикчил аймагы катары санаса, Орусия 2008-жылы Түндүк Осетия менен кошо көз карандысыз өлкө деп тааныган.

Абхазиянын өкмөтү Грузия менен чек арасындагы төрт өткөөл бекеттин экөөн жабууну былтыр декабрь айынын соңунда эле чечкен болчу.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини 25-февралда “өткөөл бекеттердин жабылышы кырдаалды нормалдаштыруу аракеттерине каршы келерин” белгилеген.

Кырдаалга терең тынчсыздануусун өткөн айда АКШнын Тбилисидеги элчилиги да билдирген.

АКШнын ЕККУдагы миссиясы “өткөөлдөрдүн жабылышы жергиликтүү тургундардын эркин кыймылын чектей турганына” көңүл бурган. (UE)

XS
SM
MD
LG