Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Экс-Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу 16-декабрда нааразылык акциясын өткөрүүгө кам көрүп,жолугушууларды өткөрүүдө.Бирок,анын демилгеси башка саясий күчтөрдөн колдоо табаары белгисиз.

Кыргызстандын мурдагы Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрө баштады. Анын айтымында, муну менен ал 16-декабрда жалпы өлкө боюнча өткөрөм деп мурда кабарлаган нааразылык акциясынын максаты менен коомчулукту тааныштыруу жана ага катышууга үгүттөөнү көздөөдө:

-Жолугушууларга жүздөгөн адам келип, биздин идеяларды колдоп жатышат. Анда биз максатыбыз алдыдагы бир жарым жылдын ичинде президент тазалансын же тазаланбаса башка президентти шайлоо деп айтып жатабыз. Эл жетилип бышып калыптыр. Ошондуктан 16-декабрдагы нааразылык акциясында Кыргызстандын бүткүл эли азыркы бийликтин саясатына жок деген сөзүн айтат.

“ЭрК” партиясынын төрагасы жүрүшүн өзү төрагалык кылган Мусулмандар союзундагы тең төрагасы Нурлан Мотуев менен бирге өткөрүүдө. Жаңы бийликтин саясатын жан дили менен коргоп келген Мотуев өз көз карашын чукул танып, президенттен саясатын өзгөртүүнү талап кылып жаткандыгынын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Акаевдин 18 жылдан бери келаткан кадрлары Бакиевди курчап алып дагы эле отурушат. Алар баягы эле эски саясатын улантып жатышат.Биз президент Бакиевди кет деген жокпуз. Мөөнөтү бүтөөрүнө бир жарым жыл калды. Ошон үчүн тазалан, болбосо кийинки шайлоодо өтпөй каласыз деген эскертүү жасап жатабыз.

Экс-Акыйкатчы өлкө боюнча нааразылык акцияларын өткөрөрүн жарыя кылганда анын чакырыгы коомго таасир бере албайт, себеби кызматтан кеткенден кийин мамлекет башчыга өзүнүн бар экендигин билдирүү үчүн гана ушундай кадамдарга барып жатат деген көз караштар көп болгон.Коомдогу мындай пикирлерге карабастан демилгеси бир топ саясий күчтөр тарабынан колдонуп жаткандыгын Турсунбай Бакир уулу баса белгиледи. “Бирок, Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов 16-декабрдагы акцияга кыймылдын өкүлдөрү катышпасын:

-Алардын нааразылык акция өткөрүүсүнө жалпы жонунан алганда негиздүү. Бирок, 16-декабрда ачык кадамдарга барабыз деген алардын жеке демилгеси. Алар бул маселе боюнча “Акыйкат үчүн” кыймылы менен макулдашкан эмес.Биздин кыймылдын өкүлдөрү ал иш-чараларга катышпайт,-деп билдирсе, саясат талдоочу Асылбек Жооданбековдун баамында, нааразылык акциясы коомду жандантууга күч боло албайт:

-Республикалык масштабда элди өзүнө тартып, бийликтин тигил же бул кадамдарга баруусуна түрткү бере албайт.

Турсунбай Бакир уулу менен Нурлан Мотуев жолугушууларда элди ислам динин таза тутууга да чакырып, дин жаатында түшүндүрүү иштерин кошо жүргүзүп жатышкандыгын жашырышкан жок. Акыйкатчы Турсунбек Акундун баамында, коомдук иштерди Мусулмандар союзу деген атайын уюм түзүп дин менен аралаштыруу Кыргызстандын мыйзамдарына туура келбейт:

-Мусулманчылыкты саясатка аралаштыргандын өзү курчуп турган кыйын кырдаалда жакшылыкка алып барбайт. Анткени, мечит мектептен, мамлекеттен бөлүнгөн. Саясатка аралаштырып, курал катары пайдалануу мыйзамга туура келбейт.

Ал эми дин иштери боюнча эксперт Орозбек Молдалиевдин айтымында, элди нааразылык акциясына үгүттөө ислам дининин хадистерине карама-каршы келген аракет.

Турсунбай Бакир уулу мындай пикирлерге макул болбой, анын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Куранда, хадистерде адилеттүү падыша жөнүндө гана айтылат. Адилеттүү падыша башкарып жатканда эл каршы болбошу керек деп жазылган. Азыр Кыргызстанда адилеттүү падыша, адилеттүү өкмөт, адилеттүү Жогорку Кеңеш бар деп ким айта алат?

Бирок, президент кетирген кемчиликтерин мойнуна алып, азыркы саясатын өзгөртсө нааразылык акциясын бийликти колдогон жыйынга айландырууга Экс-Акыйкатчы даяр экен:

-Берген убаладарын эстеп, каталарымды оңдойм,Кыргызстанда жаңы саясатты баштайм деп айтып чыкса, анда биз жалпы өлкө боюнча өтчү акцияларда президентти колдоп беребиз.

XS
SM
MD
LG