Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясий куугунтукка каршы күрөшүүчү комитеттин мүчөсү Мукар Чолпонбаев “Азаттыктын” таңкы маегинде Кыргызстандын эл аралык аброю бийликти кызыктырбай, авторитаризмди бекем орнотту деп билдирди.

- Мукар мырза, Кыргызстанда саясий куугунтук күч алды деп ага каршы күрөшүүчу атайын комитет түзүлдү. Ал азыр оппозиция өкүлдөрүнө, алардын балдарына карата ачылып жаткан кылмыш иштеринин акыйкат тергелишине таасир көрсөтө алабы жана бийликтин мындай басымына бөгөт боло алабы?

- Саясий куугунтуктар акыркы жылдары, айрыкча акыркы жарым жыл ичинде абдан күчөп кетти. Ошондуктан саясий куугунтуктардан жапа чегип жаткан саясатчы адамдарга жардам көрсөтүп, аларга колдоо көрсөтүүнү бир колго бириктирүү маселеси колго алынбаса бийлик аларды бир-бирден жекелеп, шыпыргынын талын бирден жулгандай кылып жок кылышы айкын болуп калды. Ошон үчүн комитетке ар кандай күчтөрдү бириктирүү аракети өз жемишин берет деген ишенм бар.

- Хьюман Райтс Уотч эл аралык уюму өткөн жыл боюнча иликтөөсүндө Кыргызстанда сөз жана басма сөз эркиндиги, атуулдардын саясий эркиндиктери кысмакка алынды деген жыйынтыкка келди. Мындай эл аралык уюмдардын билдирүүсү менен кыргыз бийлиги эсептешет деген үмүт барбы?

- Бүгүнкү бийлик андай эл аралык уюмдар менен эсептешпейт деген ойдомун. Анткени азыркы бийликти Кыргызстандын бүт дүйнөгө тарай турган аброю, бедели кызыктырбайт.

- Демек куугунтукка каршы күрөшүүнүн кандай жолун тандап жатасыздар?

- Кандай болгон күндө биринчиден жалпы элдин каршылыгы бийликке таасир бериши керек. Андан кийин комитет өзүнүн мүчөлөрүнүн аракети аркылуу бийликке, прокуратура жана сот органдарына басым көрсөтүп, аларга түшүндүрүп, сот жана тартип коргоо органдарын үй-бүлөлүк кландын кызматын аткарбай, эл үчүн, мамлекет үчүн, элдин биримдиги үчүн кызмат кылууга чакыруу жолу менен аракет кылабыз деген ойдо турабыз.

- Кыргыз бийлиги авторитаризмге багыт алып, азыр чыныгы жабык мамлекетке айланып барат деген кооптонууларын укук коргоочулар байма-бай айтып жатышат. Бийлик аларды эске алып, демократиялык принциптерди сакташы үчүн кимдер кандай аракет кылышы керек деген ойдосуз?

- Эл арасында бийликке каршы ар кандай уюмдар, кыймылдар өтө көбөйүп кетти деп көп айтып жатышат. Мунун бардыгы бул бийликтин туура эмес саясат жүргүзүп жаткандыгынын натыйжасы. Бийликке эл арасында нааразылык абдан көбөйүп кеткендигинен улам ага каршы ушундай кыймылдар түзүлүп жатат. Анын эң ириси Бириккен элдик кыймыл болду. Ал түздөн-түз саясий кыймыл болуп эсептелет. Андан кийин саясий куугунтукка кабылып жаткан адамдарды коргоо жана куугунтукка каршы күрөшүү комитетинин түзүлүшү да өз-өзүнчө аракет кылып жаткан уюмдарды бириктирүү, укук коргоочуларды бирдиктүү күчкө айландырууга багытталгандыгы көрүнүп турат. Эми ушунун баарына бийликтин адистери көңүл буруп, ушундай кырдаал түзүлүп жаткандыгын түшүндүрүп, кысымга алууга катуу кетпеш керектигин эскертет деген көз караштамын.

Ал эми Кыргызстанда авторитардык бийлик орногондугу баарыбызга белгилүү болуп калды. Багыт алды деп айтуу азыр кеч, багыт алган жок, тескерисинче орноп калды. Мына ошонун кесепетинен Бириккен элдик кыймылга кирген 6 саясатчыга каршы кылмыш иши козголуп, бир канчасынын иши сотто каралып жатат. Ошондуктан куугунтук толук башталды деп ачык айтууга мезгил жетти.

- Саясий куугунтукка каршы күрөшүүчү сиздер түзгөн комитет юридикалык жактан алганда кандай күчкө ээ болот?

- Биринчиден, бул күчтөрдү бириктирип туруп, бийликке басым жасоодон башка айла жоктон түзүлдү. Экинчиден, комитет болуп түзүлгөндөн кийин жеке адам эмес коомдук уюм катары чет өлкөлүк уюмдар менен кызматташат. Андан тышкары чет өлкөдөгү мамлекет жетекчилерине кайрылууларды жасап, кыргыз бийлиги менен алакасын азайтуу, же көбөйтүү маселелери боюнча чет өлкөлөр аркылуу басым жасоого аракет кылат.



XS
SM
MD
LG