Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев баштаган “Саясий куугунтукка каршы күрөш” комитети бүгүнтөн тарта “Репортер-Бишкек” гезитинин баяндамачысы Сыргак Абдылдаевдин кимдер, эмне үчүн бычакташын иликтөөгө киришет. Ал бул тууралуу “Азаттыктагы” таңкы маегинде билдирди.

“Азаттык”:- Топчубек мырза, кечээ “Репортер-Бишкек” гезитинин баяндамачысы Сыргак Абдылдаевди бычактап кетишти. Ага кесиптештери кесиби башкы себеп деп боолголоп жатышат. Сиз кандай баа бересиз жана сиз жетектеген куугунтукка каршы комитет бул окуяны иликтөөгө алабы?

Т.Тургуналиев:-Сөзсүз түрдө иликтөөгө алабыз.Себеби дегенде Кыргызстанда кылмыштын түркүн түрлөрү, анын ичинде журналисттерди өлтүрүү, гезиттерди жабуу, оппозициянын башчыларына каршы жок жерден саясий негизде кылмыш иштерин козгоо жана элдин алдыңкы, чечкиндүү катмарынын өкүлдөрүн кекетүү, мокотуу, оппозициянын жетекчилери менен эмне үчүн жолуктуң, эмне үчүн оппозицияга ыктап жатасың деген саясий куугунтук күчөп жатат. Ошон үчүн биздин комитет журналист жигитке ким, эмне себептен кол салганын бүгүнтөн баштап иликтейт.

“Азаттык”:- Сиз кечээ Улуттук коопсуздук комитетинде суракта болдуңуз. Анда эмне жөнүндө сөз болду жана ага саясий-укуктук жактан кандай баа берип жатасыз?

Т.Тургуналиев:-Өткөн айдын жыйырмаларында “Немецкая волна” деген радиого маек куруп бердим эле. Ошондо айтылган олуттуу бир маселелерди тактайлы деп чакырышыптыр. Анан мен барганда эле “Мени шектүү адам же айыбы бар адам деп чакырдыңарбы?”,- деп сурадым. Алар “Жок,жок, биз ошол маселелерди тактайлы деп чакырдык”,-дешти. Адегенде эки жооптуу кызматкер - Конституциялык түзүлүштү коргоо бөлүмүнүн башчысы Касым Таштанкулов жана тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүм башчысы Абдыкадыр Разаев жана бир сааттан кийин тергөө башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Авазов келип бир катар суроолорду беришти. Алардын эң орчундуусу бийликти оодарабыз, Бакиевди бийликтен кетиребиз депсиңер аны зордук, зомбулук, мажбурлоо жолу менен кетиресиңерби деген суроолор болду. Мен “Революция деген эки түрдө болот.Анын биринчиси колго курал алып, кан төгүлүү менен ишке ашкан жаман жол. Орустун улуу жазуучусу Федор Достоевский “Адамдын бир тамчы каны бул дүйнөдөгү бардык байлыктан артык”деп айткан экен. Ошондуктан мен ага өмүрүмдө мындай жолго дайыма каршы тургам дедим. Экинчи жол тынчтык жол менен ишке ашат. Маселен 2005-жылы революция жасаганда эч бирибиздин колубузда таш да болгон эмес. Эч ким бирөөнүн чекесине чертип да койгон эмес. Тескерисинче бийликтин адамдары бизге кол салган. Ошон үчүн Бакиевдин бийлигин ошондой тынчтык жол, элдин кайраты менен кетиребиз”- дедим. Алар “Мындай ишти силер баштап жатасыңарбы?”-деп сурашты. Анда мен “Кыргызстанда эки түрлүү оппозиция бар. Анын бири бийликке ачык нааразы болгон, тажаган, ал түгүл каргап жаткан элдин катмары. Экинчи катмары уюшкан саясий оппозиция. Бул оппозиция элдин талабынан артта калып жатат, эл өзү бийликти качан оодарабыз деп талап кылып жатышат”-дедим. Алар мындан тышкары митинг качан өтөөрүнө катуу кызыгышып, кайра-кайра сурашты. Мен митингге чыгуу Конституцияда жазылып, уруксаат берилген жана качан чыгаарыбыз тууралуу жок дегенде он күн мурда кабар берерибизди айттым. Бириккен элдик кыймыл ушул март айында сөзсүз түрдө митинг өткөрөрүн, бирок аны качан, кайсы жерде өткөрөрүбүз тактала электигин билдирдим.

“Азаттык”:- Оппозиция бийлик менен сүйлөшүүнү сунуштады. Бийлик ага макул болот жана андан майнап чыгат деген үмүт барбы?

Т.Тургуналиев:- Президент бир ай мурда радикалдуу оппозиция менен да сүйлөшүүгө даярмын деп билдирбедиби. Ошон үчүн бийликке эки түрлүү кат жөнөттүк. Анын бирин мен “Саясий куугунтукка каршы күрөш” комитетинин башчысы катары 22-февралга төрт жетекчиге - президентке, Башкы прокурорго, Ички иштер министрине жана Улуттук коопсуздук комитетинин директоруна кат жазгам. Ага ушул убакка чейин жооп жок. БЭК дагы ушундай сүйлөшүүнү сунуштап эки жолу кат жөнөттү. Сүйлөшүүдө эң ириде саясий куугунтукту токтоткула деген талапты коелу деп жатабыз. Анткени саясий куугунтук беш топко-эң ириде элдин алдыңкы, чечкиндүү катмарына, экинчиден журналисттер менен эркин маалымат каражаттарына, анан укук коргоочуларга, төртүнчүдөн оппозициянын башчылары, анан алардын балдары менен туугандарына каршы болуп жатат. Адегенде силер биз менен сүйлөшүп, саясий куугунтукту токтоткула, анан калганын талкулайбыз деп жатабыз.

Азаттык”:-Маегиңиз үчүр рахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG