Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Оппозиция бийликтин жообуна жараша жүрүш жасайт


БЭК ушул ай ичинде президенттикке бир талапкерин көрсөтүүгө кам көрүүдө. Бирок андан аркы аракети 27-марттагы митингден кийин президентке сунуштаган беш талаптын аткаралышына жараша болоорун жарыя кылышууда. Бийликтин ал талапка кандай жооп берери азырынча белгисиз.

Ушул айдын аягында Бирдиктүү элдик кыймылга кирген “Ак шумкар” партиясы курултайын өткөрүп, анда президенттикке өз талапкерин көрсөтөт. Ошол эле мезгилде БЭК да көптөн бери тандап жаткан бир талапкери ким экендигин жарыя кылат. Мына ушул чечимдерден кийин оппозиция президенттик шайлоо алдындагы саясий кырдаалдын андан ары өнүгүшүнө нук салчу аракеттерди көрө баштайт.

Себеби шайлоонун мыйзамдуу өтүүсүнө негиз берчү чечимдер кабыл алынсын деп БЭК бийликке жолдогон талапка жоо берчү мөөнөт аяктайт дейт БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров:

-Бийликтин өзүнө жараша мамиле кылабыз. Бийлик азыр Шайлоо Кодексин одоно түрдө бузуп жатат, бут тосууларды жасап жатат. Жакында Шайлоо Кодексин, шайлоо системасын, шайлоо укутарын кантип бузуп жаткандыгын жарыялайбыз. Аларды болтурбоо үчүн бийликке мыйзамды бузба деп талап койдук. Эгер бийлик мыйзамды бузуп, жеңишке жетүү үчүн мыйзамсыз аракеттерди кыла баштаса биз эмне үчүн мыйзам мейкиндигинен чыкпай тура беришибиз керек? Биз дагы бийлик сыяктуу мыйзам чегинен чыгууга мажбур болобуз.

Эгер бийлик мыйзамды бузуп, жеңишке жетүү үчүн мыйзамсыз аракеттерди кыла баштаса биз эмне үчүн мыйзам мейкиндигинен чыкпай тура беришибиз керек? Биз дагы бийлик сыяктуу мыйзам чегинен чыгууга мажбур болобуз.
Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаровдун айтымында, кыймыл азыр шайлоодо жеңишке кантип жетиш керек деген маселе боюнча кеңешүүлөрдү өткөрүп, анын жол жобосун өз ара талкуулап жатат. Анткени бирдиктүү бир талапкерди көрсөткөн учурда да анын марага жетишине эч ким кепилдик бере албайт:

-Биз тактикалык эки маселе боюнча өз ара кеңештерди жүргүзүп жатабыз. Бир талапкер менен барганда жеңе алабызбы же жокпу деген маселе азыр бизди тынсыздандырып жатат. Ошондуктан бир талапкер менен шайлоого катышуу чоң маселе эмес. Азыр кантип бирдиктүү бир фронт түзө алабыз, аны менен жеңишке жетише алабызбы деп турабыз. Бир талапкерди жарышка салганда бирдиктүү бир фронт болбой калышы мүмкүн. Ошон үчүн чоң бир күч менен бул режимге каршы болсок жеңишке жетебизби деген экинчи тактикалык маселе ойлондуруп жатат.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин баамында, Кыргызстанда түзүлгөн азыркы саясий кырдаалда оппозициянын бир талапкер көрсөтүүсү олуттуу деле маселе болбой калды. Башкы маселе коррупцияга баткан мамлекеттик башкарууну башка жолго сала турган идеяны жана аны ишке ашыра турган лидерди табуу болуп турат. Эгер оппозиция ошондой идея менен лидерге эгедер болсо эл ээрчип кетиши жана бийликтен шайлоону таза өткөрүүнү талап кылып, ага жол бербеши ажеп эмес дейт саясат талдоочу Орозбек Молдалиев:

-Такты талашпай бирөөнүн атын атап койсо эле жагдай өзгөрөт деп кээ бирөөлөр чолок ойлонуп жатышат. Бирөөнүн атын атап койбостон анын тегерегинде элди уюштуруп иштөө зарыл болуп турат. Анткени элди бириктире турган идея жок болуп жатат. Оппозициянын мааниси менен ролу элди өз айланасына идея жана лидер менен бириктиришинде болот. Эл азыр адилеттүүлүктү орното турган, ага кепилдик бере алган ураан эле эмес программаны күтүп жатат. Анан элде бийликке келгенче убаданы аябай берип, бийликке келгенден кийин бизди унутат деген көңүл калуу бар. Ошон үчүн элдин ишенимине кирген лидер болуп, ошо баштаса эл биригип берет, элде кеп жок.

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдырасаков оппозиция биригип бир лидерин көрсөтө албайт, көрсөткөн учурда да ал элди өзүнө ээрчитип кете албайт деген ишенимде. Анткени азыр өлкөгө тынчтык керек экендигин ар бир жаран түшүнүп калды, ошон үчүн оппозициянын талабын эч ким колдобойт дейт депутат:

-Мен ишенбейм, себеби алардын артында эч ким жок.

Бейшенбек Абдарасаков оппозиция шайлоо калыс өтсүн деп талап кылып коюп отура бербей, калыс болушуна өздөрү көзөмөл салышы керек деген ойдо:

-Алар өткөргүлө деп коюп жата бербей өздөрү аракет кылыш керек. Азыр участкалык комиссиялар түзүлүп жатат. Оппозициялык партиялар ошол комиссиялардын ар бирине жок дегенде бирден-экиден өз өкүлдөрүн киргизиши керек. Шайлоо калыс болсун деп бийлик, президент өзү деле талап кылып жатпайбы...

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин айтымында, оппозициячыл партиялар шайлоо комиссияларына өз өкүлдөрүн киргизген менен добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалатпай чыгарууга жетишүүнү башкы максат кылып турат.Себеби оппозиция үчүн эң башкы көйгөй –добуш берүүдөн кийин аларды бурмалатпай сактап калуу жана ага жол бербөө дейт Темир Сариев:

-Азыр эң негизгиси берилген добуштарды сактап калуу болуп турат. Бизге үгүт иштерин жүргүзүүнүн деле зарылдыгы жок. Себеби эл бизге келип бийликке каршыбыз, ага ишенбейбиз, анын талапкерине каршы добуш беребиз деп айтып жатышат.

Анткен менен айрым саясат талдоочулар президенттик шайлоодо бийлик каалагандай натыйжага ээ болушу мүмкүн, себеби добуш жасоого жай мезгили өтө ыңгайлуу деп жатышат. Бирок добуштар бурмаланса эс алуу мезгилине карабастан шайлоодон кийин карама-каршылыктын күчөшү ажеп эмес дейт саясат талдоочу Табылды Акеров:

-Мисалы үчүн Молдовадагы окуялар Кыргызстанда кайталанып кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан бийлик шайлоону демократиялуу өткөрүүнү камсыз кылууга аракет кылышы зарыл.

Ал эми оппозиция бийлик өз талабына оң жооп бербесе шайлоого чейин эле кырдаал курчуп кетиши мүмкүндүгүн жокко чыгарган жери жок. Коомдогу айрым күчтөр болсо президенттик шайлоодон кийинки карама-каршылыкта мөрөй талашууга салмак топтоп жаткандай.


XS
SM
MD
LG