Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:19

Кечээ Бишкекте саясий партиялардын, коомдук уюмдардын демилгеси менен уюшулган элдик курултай өттү. «Азаттыктын» бүгүнкү бетме-бет талкуусу мына ошол курултайдан уюштурулду.

Талкууга коомдук парламент жетекчиси Абдыганы Эркебаев, «Улуу биримдик» партиясынын жетекчиси Эмил Каптагаев, кинорежиссер Каридин Акматалиев, публистчи Байас Турал, бейөкмөт уюмдар жетекчиси Токтайым Үмөталиева, Сапар Аргымбаев катышат.

- Курултайда саясий системаны өзгөртүү жөнүндө арбын кеп болду.Токтайым, аны ушу азыр өзгөртүүнүн зарылдыгы барбы?

Токтайым Үмөталиева: - Өзгөртүүнүн зарылдыгы бар. Биз азыр 2005-жылга - төңкөрүштүн убагына кайрылышыбыз керек. Келишимдер кандай аткарылды? Алар аткарылдыбы-жокпу? Ошондон баштап конституциялык өзгөрүүлөрдү киргизишибиз керек. Азыр монархия деп атабыз. Монархияда үч бутактуу бийликтин эч нерсеси жок. Мен ошондо эле коалициялык өкмөт түзөлү, ошондон баштайлы деп айткам. Эч ким укпай койбодубу. Баары эле бийлик талашуу менен алек болуп калышпадыбы. Ошол коалициялык өкмөт шайлоону алып кетсин дегем. Мынабу меморандумдун авторлору ким? А.Муралиев, Э.Каптагаев, Т.Сариев, мен катышкам. Ошондо белгиледик эле, ушул резолюцияда азыркы бийликтин укугу барбы-жокпу, ушул укуктуулугун айтып кетиш керек эле. Эгер ал укуктуу болбосо кантип түзөйбүз? Ал боюнча уюштуруу комитет түзмөкпүз. Шайлоого чыкпай турган адамдарды топтомокпуз. Ошол меморандумда жазылган.

Байас Турал: - 1990-жылы А.Акаев бийликке келгенден баштап эле негизи бизде капиталисттик системаны куруу башталган. Мен ушуга башынан эле каршы болчумун. Жеке көз карашымда дүйнөлүк өнүгүүнүн үч системасынын ичинен өнүгүүнүн 3-жолун жактап келатам. Мына 20 жылга жакын жашап бул система кыргыз менталитетине туура келбесине ынанып, мына саясий элитабыз системаны өзгөртүү жөнүндө сөз кылып жатат.

Буга убакыт келдиби деп сураш туура эмес. Убакыт алдагачан эле келген. Системаны өзгөртүү убакытка эмес, улуттун менталитетине, түпкү ата-бабаларынын жолуна карата ыңгайлашып жасалыш керек болчу. Ырас, бүгүн ал жөнүндө сөз козголуп жаткандан кийин системаны өзгөртүү жөнүндөгү ойго мен толук кошулам. Убакыт келди деп ойлойм. Кандай кылып өзгөрүлөт – маселе мына ушунда.

Каридин Акматалиев: - Биз, маданият ишмерлери, мындай чоң чогулуштарга катышпай чүнчүп жүргөн кезибиз. Элдин, саясаттын кандайлыгын көрдүм. 2005-жылы 24-мартта революцияны тартып жатып Акүйдүн жанынан накта революционерлер менен сүйлөшкөм. Ошол революциянын кандай натыйжасы болгонун да көрдүм. Анан тийиштүү материалдарды чогултуп жүрүп өзүмчө система тууралуу мындайча ойго келдим.

Айыл-айылдардан шайланган жергиликтүү кеңеш депутаттары келип райондук кеңешти түзүшөт. Алар чогулуп келип облус губернаторун шайлап алышат. Ошол 7 облустун 7 губернатору, 7 облустук кеңештин төрагалары келип президентке сунуш киргизип Элдик кеңешти түзсө дурус болмок.

Эл өзү тандаган адамдардын бийлиги ошентип башталат. А мыйзамды кимдер кабыл алат, иштеп чыгат? Азыр мыйзам кабыл алып жаткан парламент жөн эле нерсе, базар. Аны жоюп жоготуш керек. Ал ишти Мыйзам палатасы эле аткарат. Анда укукчу адистер, илимпоздор Элдик кеңештин заказы боюнча мыйзамдарды иштеп чыгышы керек. Анан чоң Элдик курултай чогулуп ошол мыйзамды 1 күнбү, бир айбы, кенен талкуулап кабыл алышы керек. Анан жер-жерлерге барып иштеши керек.

Сапар Аргымбаев: - Жана концепция жөнүндө айтылбадыбы. Эми ага деле кошумча кошуш керек. Азыр биз партиялык системага өтүп, баарын партиялык шайлоого байлап койбодукпу. Бирок мунун да кемчилиги бар экен. Системаны өзгөртүш үчүн элдин өкүлчүлүк институтун жакшыртыбыз керек. Эгер жалаң парламенттик башкарууга өтө турган болсок, жергиликтүү өкүлдөр дээрлик жок. Мына жергиликтүү шайлоонун өтүшүнө бир да партия кызыккан жок. Системаны өзгөртүш керек дегенде президентти калтырып, премьер-министр деген кызматты жоюп эле салыш керек. Ошондо президент өзүнүн аппараты менен жооп берет.

- Абдыганы мырза, системаны өзгөртүү жөнүндө эгемендик заманында такай айтылып келатат. Ошентүүнүн кези келдиби?

Абдыганы Эркебаев: - Канча жолу сөз болуп, Конституцияны өзгөртүп, бирок системаны өзгөртүү ишке ашпай келатат. Муну өзгөртүштүн бул жерде айтылгандай эки эле жолу бар. Же күч жолу, революция же мыйзамдуулук жолу.

- А сиз өзүңүз мыйзамдуулук жолуна ишенесизби? Мисалы, шайлоо институту…

- Эми анын баарын көрдүк. Мен деле эл сыңары ага ишенбейм. Бирок тополоң салбай, бүлүк салбай, кысым жасоо жолу менен алдыга койгон максатка жетүүгө болот. Мен ага ишенем.

- Токтайым, бүгүнкү кыймылдын башында, аракеттин башында оппозиция турат. Бул кечеги бийликтин өкүлдөрү, бийликте болсо кечээки оппозиция отурат. Эми болсо оппозиция бийликти алабыз деп жатат. Буга чейин болуп келгендей, бул жөн эле орун алмашуу болуп калбайбы?

Токтайым Үмөталиева: - Абдан өкүнүчтүүсү бул болуп жатат. Кечээки апрель митингисине катышкандардын айрымдары азыр түрмөдө олтурат. Боз үйүн алдырып койгондор эмдигиче алалбай жүрүшөт. Ошону эмне үчүн айтпайбыз! Бийлик алыш үчүн ит, куш, ажыдаар менен биригип кете беребизби? Менин оюмча оппозиция өзү ким экенин аныктап алышы керек. Кечээ бийликтен түшүп калса бүгүн оппозицияда жүргөнбү? Ал эртең эле бийликке барышка куштар. Оппозиция Махатма Гандиге окшоп керт башын сайып, «Кыргызстанымды сактап калгым келет» дегендерби. Мен кимисинин артынан ээрчийм? Мына бүгүн А.Бекназаров жакшы айтып кетти. «Мен керт башымды сайдым», деди. А.Муралиев «бийликке жутунбайм» деди. Ошондой кишилерди чогултуп, уюштуруу комитетин түзүп, 20-декабрда чогулчу «Революциялык комитеттин жыйынына катышалы, анан кишилерди айыл-айылга жөнөтөлү» деш керек эле. Дагы бир маселе, минтип ачык чыккандардын үй-бүлөлөрүн коргош керек. Мына К.Байболов үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп чыгып кетти. Ошол балдардын жанында кимдер туруп берет? Аларды кантип коргойбуз? Ошолорду эмне үчүн айтпайбыз!

Абдыганы Эркебаев: - Мен ачык эле айтайын. Бүгүнкү бийликтин башында тургандар эч качан оппозиция болгон эмес. Алардын ичинде, маселен, К.Бакиевди 90-жылдардан бери билем. Ал киши өмүрүндө каршы сүйлөгөн киши болгон эмес. 2005-жылкы кырдаал, толкун аны чыгарып койду. Чогуу иштедик, ал өмүрүндө каршы пикир айтпаган, сүйлөбөгөн киши. Же Акаевге же парламентке бир да жолу каршы сүйлөгөн эмес. Кырдаал ошондой болуп калды.

Анан экинчиси, тегерегиндегилердин баары эле А.Акаев менен иштешкендер. Булар коммунисттик доордо да иштешкендер. Мына көрдүңбү, бул үч ирет тең кызматтан түшпөй келаткандар. Биздин арабызда К.Бакиев, А.Акаев, коммунисттер менен иштешкендер бар. Мисалы мен коммунисттик доордо саясий иште болгон эмесмин. К.Бакиевде да андай иште боло элекмин. А.Акаевдин тушунда иштедим. Мен принцип кармаган кишимин. Жанагындай утурумдук оюндарга азгырылбайм.

Мен жөнүндө «кечээ эле бийликте жүрдү эле бүгүн оппозицияда» деген пикир эл арасында айтылып келатат. Мына силер, журналисттер, да жазып жүрөсүңөр. Мен ага мындай деп айтар элем. Өнүккөн өлкөлөрдө ошондой. Мына карагыла, С.Берлускони Италияда үчүнчү ирет бийликке келди. С.Демирел жети ирет бийликке келген. Айрыкча мынабу парламенттик мамлекеттерде бүгүн бийликтен кетсе эртең оппозиция болуп анан кайра бийликке келе берет. Анын эч кандай эрен-төрөнү жок.

Байас Турал: - Бүгүнкү оппозициянын концепциясын карап андай бир өзгөчөлөнгөн системаны көргөн жокмун. Ушул эле жашап жаткан системадан президенттин бийлигин кыскартып Жогорку Кеңешке берүү, андан алып башкага берүү сыяктуу гана нерселер болуп жатат. Бул системаны өзгөртүү эмес. Системаны өзгөртүү таптакыр башкача болуш керек. Дүйнөлүк өнүгүүнүн үчүнчү жолу деген бар, концепциясы бар. Анын Ливиянын президенти Муаммар Каддафи «Жашыл китебинде» айткан. Мен ошону жактайм. Азыркысы болсо орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт эле болот. Бул жерде системаны өзгөртүп атышын көргөн жокмун. Анын ордуна бийликтин биринен экинчисине өткөрүүнүн гана технологиясын көрүп жатам.

Каридин Акматалиев: - Андан да жаман болуп баратабыз го. Орун алмаштыруу эле эмес, бири-бирибизди сатып, саясий сойкучулукка чакырып, кыйналып келатабыз. Ушул башаламандыкка мен деле күнөөлүүмүн. Конституцияда эл бийликтин ээси болсо анда биз эмне үчүн Батыш системасына өтөбүз? Парламентти таап, ошонун оюнун ойноп, ошолордун үлгүсүн алышыбыз керек экен.

- Сиздин оюңузча бизге кандай система керек?

- Кыргыз элинин жашоо-турмушундагы, ниетиндеги демократиялык өзгөчөлүгүн эске алышыбыз керек. Азыр эл бийлиги, элдин кубаты-күчүнөн артык эч нерсе жок.

Эмил Каптагаев: - Ошол орун алмашуу болуп калбас үчүн, бийликке келгенден кийин жаңы оюндарды баштап өз көмөчүнө күл тартып кетпеши үчүн мына бүгүн биз алдын-ала сүйлөшүп алып, бийлик алмашкандан кийинки саясий жолдорду, саясий кадамдарды такташып алалы деп жатабыз. Бүгүнкү кол койгон меморандум менен концепциянын негизги мазмуну ошол.

Сапар Аргымбаев: - Мен такай айтып келатам. Балтика боюндагы республикаларда «кызматка тыюу салуу» деген мыйзам бар. Саясий чечим кабыл алып, туура эмес иштеген чиновник 10 жыл мөөнөткө жооптуу кызматка орношо албайт. Депутат болушу да кыйын. Ошолорду четке какмайынча бизде ал кайталана берет. Биз деле сезип эле турабыз. Эртең орун талашта кээ бир кишилер озунуп алдыга чыгып кетишет. Ошондой коркунуч бар.

- Токтайым, бул Курултайдын натыйжасы, жыйынтыгы болот деп ишенесизби?

Токтайым Үмөталиева: - Жок, ишенбейм. Жыйынтыгы чыкпайт. Бүгүн да бабырап сүйлөө менен эле таркадык. Эгер ушул Ревком митинг уюштурса ошондон бир нерсе чыгат го деп ойлойм. Азыркыдан эч кандай жыйынтык болбойт.

Каридин Акматалиев: - Бул Курултайдан эч кандай жыйынтык чыкпайт. Биздин саясатчылар, оппозициядагылар чогулуп алып кимдир бирөөлөрдүн буу машинасына ойноп берип атышпайбы. Элдин буусун чыгарып. Системаны өзгөртчү биздин элибиз бар.

Сапар Аргымбаев: - Той болот, тойдун эртеси болот. Курултай болот, курултайдын эртеси болот. Эртең эмне кылабыз дегенге мен бул жерден ачык жооп ала албадым. Мен электр энергиясы жөнүндө айтайын дедим эле. Мына Жогорку Кеңеш энергосекторду өкмөт өзү чечсин деп чечим чыгарып койду. Эми аны өкмөт сатабы-коебу өзү билет. Мына Токмоктон Карабалтага чейин эл бир күнү көчөгө чыгат. Плакаттары баягыдай эле. «Энергосектор - элдин байлыгы, ал элде калыш керек!» Чалдыбарга чейин турсак 200 чакырым экен. 1 чакырымга 1000 киши турса 200 000 кишинин добушун биз ушул жолдон эле көрсөтөбүз.

Байас Турал: - Системанын өзгөртүлүш-өзгөртүлбөшү бир курултай менен чечилип калбайт. Мен буга ишенбейм. А бирок бийликти алмаштырууга болгон аракеттер балким, ишке ашышы мүмкүн.

Эмил Каптагаев: - Натыйжасы менин оюмча, саясий процесстер үчүн абдан эле зор. Анткени былтыркы декабрь шайлоосунан кийин эл таптакыр эле шалдырап, үшү кетип, бу жакшылыктан, өзгөрүүдөн болгон үмүтү өчүп калган. Мына ошондон бери кыйла жанданып калды. Мына жазгы-күзгү курултайларда элдин деми кайра оңолуп, үмүтү жанып, жакшылыкка бел байлап, буюрса бир өзгөрүү болот экен, ушу азыр коррупцияга баткан ууру, калпычы бийлик кетет, деген үмүт пайда болгонун мынабул курултай көрсөтүп олтурат.

Абдыганы Эркебаев: - Бүгүн мына өзүң көрдүң, кескин кадам жасайлы деген сунушу өткөн жок. Кантсе дагы мен кескин эмес, дүрбөлөң эмес, акыл менен иш кылалы деген позиция өттү. Мен ошону колдойм.

- Ушуну менен кебибизди жыйынтыктасак. Ишиңиздерди ийгилик жылоолой жүрсүн!

XS
SM
MD
LG