Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Ө. Текебаев: Бир багыттагы партиялар бириге турган жолдобуз


БЭКтин курамындагы күчтөрдүн уставдык жоболорун жана жетекчилик курамын жаңыртып, бир партияга биригүү жаңылануу аракеттери жөнүндө “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ой бөлүшөт.

- Сиздин партияңыз курамына кирген БЭКтин жаңы жобосу иштелип чыга турган болуп атат. Бул жаңы жобо эмне берет, кандай өзгөрүүлөргө алып келет, же эмне өзгөрүлөт кыймылда?

- Кечээки жыйында дискуссия ачылды. Ал талкуулоонун жыйынтыгында БЭКтин бирдиктүү оппозициялык кыймылдын иштөөсүнүн жаңы тартиптери, алдыга коюлган жаңы максаттар, жаңы практикалардын баары алгач иштелип чыгыш керек. Кечээ жыйын көргөзгөндөй, бул дискуссиянын башталышы гана. Бир нече жуманын ичинде коюлган суроолорго жоопторду табышыбыз керек. Ошондуктан алдын ала жобонун тигил, же бул принципиалдуу маселелери жөнүндө бир нерсе айтыш кыйын.

- Ушул жыйында дагы бир маселе БЭКти бирдиктүү саясий партияга айлантуу идеясы да көтөрүлгөндөй болду. Ал биригүү кандай болуш керек, белгилүү бир саясий партиянын айланасындабы, же жаңы партия түзүлүш керекпи, сиз кандай ойлойсуз?

- “Ата мекен” партиясы 1990-жылдан бери келе жатат, биз социалисттик багыттагы партиябыз. 1994-жылдан бери Социал-демократиялык партия келе жатат, ал дагы биз менен бир багытта. Таптакыр жаңы партия түзүп кетебиз деген алабармандык сунуштар да болушу мүмкүн. Бирок биз тарыхты, көп жылдан бери тандалып алган багытты алып таштап башка жакка кеткендик, бул саясий жеңил ойлуулук болуп калат. Ошондуктан мен ойлойм, бүгүнкү партияларга БЭКтин мүчөлөрү тигил, же бул партияга өздөрү тандап кириш керек. Негизинен биз СДП жана “Ата мекен” партиясы келечекте бир партия болобуз деген курсту тандап алганбыз. Бүгүн эле биригип кеткен эрте, анткени техникалык да, юридикалык да, саясий дагы жагы бар бул жерде. Ал эми качан, кандай формада биригебиз аны саясий окуялардын өнүгүүсү жана конкреттүү тарыхый абал көргөзөт.

-Тарыхый абал дегенде жаңы парламентти шайлоого чейин солчул күчтөр бирдиктүү партияга айланышы, маселен “Ата мекен” социал-демократиялык партияга айланышы мүмкүнбү?

- Солчул күчтөрдүн биригүүсү күн тартибинде турат, жалпы эле партиялардын ирилешүү маселеси азыр келип турат. Анткени президенттик, андан мурун парламенттик шайлоо көргөзгөндөй, бизде негизги эки партиялуу система түзүлө баштады десек болот. Анткени электорат, эл экиге бөлүндү. Бийликти колдогондор жана бийликке каршылар. 2007-жылы бийликке каршылардын баары биригип “Ата мекен” социалисттик партиясына добуш берди. Бийликке каршылардын баары биригип биздин электорат, ошол эле адамдар негизинен БЭКтин кандидаты Атамбаевге добуш берди. Мына ошентип элдин саясий жүрүм-туруму, саясий чечими эки партиялыктын түзүлө баштагандыгын көргөздү. Демек бир электоратты бирдиктүү багыттагы партиялар бөлбөстөн, аларды бекем бириктирүү керек. Ошон үчүн аларга бир саясий күчкө биригиши зарыл.

-Өмүрбек мырза, Кыргызстандагы саясий кырдаал мындан ары кандай өнүгөт, жаңы парламент шайлоо болуп кетиши мүмкүнбү?

-Жаңы парлменттик шайлоо болооруна азыр эч кандай белгилери жок. Бирок парламенттик шайлоо деле алыс эмес, алдыда 2012-жылы кезектеги парлменттик шайлоолор болот.

-Саясий кырдаал, оппозициянын аракеттери кандай болот. күзгү саясий бир акциялар болушу мүмкүнбү?

- Ал абалга жараша болот. азыр партиялар дагы саясий кыймылдар дагы күзгүгө иш пландарын даярдап жатышат.

-Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG