Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Убагында президенттин кайсы бир сөзүн да тытмалап жиберчү оппозиция бул жолку ири өзгөрүүлөр боюнча бирдиктүү билдирүү жасаганга да жараган жок. Деги кыргыз оппозициясына эмне болду?

2005-жылы Курманбек Бакиев бийликке келери менен эле ага каршы күчтүү оппозиция пайда болду. 2006-2007-жылдары оппозициялык толкундоолор бийликти титиретип, президент алар менен эсептешүүгө, кайсы бир талаптарды аткарууга аргасыз болду. Ошондогу он миңдеген толкундоолордон аман-эсен чыгып алган бийлик, бара-бара үстөмдүгүн арттырып отуруп жакында эле абсолюттук үстөмдүк орноткондой болду.

Маселен, 2006-2007-жылдары оппозиция уюштурган ири толкундоолордо бийликтин өтө борбордошуп кеткени, УТРКны коомдук кылуу керектиги сыяктуу талаптар айтылган болчу. Ал маалда өлкөнүн стратегиялык тармактарын сатууну шарттаган мыйзамдарды кабыл алуу, өлкөнүн кан тамырына тете тармакты башкарууга президенттин уулунун келиши такыр мүмкүн эмес эле. Андай шартта жалындап турган оппозиция дароо бийликтин эсин оодарган сокку урмак.

Бирок арадан эки жыл өтпөй абал таанылгыстай өзгөрдү. Президент Курманбек Бакиев түзгөн “Ак жол” партиясы көптүккө салып, парламентте Камбар-Ата ГЭСтерин сатууну шарттаган мыйзам кабыл алышты. Оппозиция буга карата бирдиктүү чыга алышпады. Президент башкаруу системасын реформалоону баштап, уулу Максим Бакиевди бийликке алып келди. Мында да оппозиция биригип билдирүү жасаганга жараган жок.
Аскарбек Мамбеталиев

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, өлкөдө кубаттуу оппозиция сөзсүз болушу керек. Бирок тилекке каршы азыркы оппозиция чаалыгып бүттү:

- Негизи оппозиция сөзсүз болушу керек. Анткени алар жок болсо бүттү мамлекеттин иши. Менин оюмча, оппозициянын алсырашы да жалпы улуттун, элдин ахыбалына байланыштуу. Ал бизне начар болуп атат.

Өнүгүүнүн негизги өзөгүн баалуулук түзөт. Элдин баалуулугу прогрессивдүү же сенек болушу мүмкүн. Азыр бизде баалуулук деген жок болуп атат. Элибиз эмне жаман, эмне жакшы экенин ажыратып билбей атат.

Маселен “непотизм” деген түшүнүк бар. Ал – туугандарды бийликке алып келүү. Бул көрүнүш бүт дүйнөдө, өнүккөн өлкөлөрдүн баарында жаман. Бирок биздин элибиз кашайып ал көрүнүштү жаман деп айтпай атпайбы. Анан оппозиция муну кайра-кайра айтканы менен элден колдоо таппаса чаалыгат да. Алар деле чарчайт да.


Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун айтымында, оппозициянын алсырап кетишине ошол эле оппозициядагы адамдар себепчи болду:

- Коомдук турмушта ушундай, бир процесс улам басаңдап, кайра жаңы дем менен чыгып, өзгөрүп турат. Оппозициянын күчү деле ошол сыяктуу такай эле арта бербейт. Ошол сыяктуу бүгүнкү кезде оппозиция мурдагы позициясынан бир топ тайып кетти. Буга оппозициядагы айрым жигиттердин да таасири тийди. Анткени алар кызмат берсе эле кетип калып атышты.

Ал эми жаңы, демдүү, жаш оппозициянын карааны көрүнбөй атат. Бирок өлкөдө оппозициясыз болбойт. Оппозициясыз кыйын ахыбал түзүлүп, өнүгүү тизгинделет.


Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын мамлекетти башкаруу магистри Айнура Аскарованын пикиринде, ушул тапта жалпы эле саясий, интеллектуалдык элита, ишкерлер чөйрөсү “күтүү режиминде” турушат. Көбү мындан ары эмне болорун, саясат кай жагына оорун байкап турушат. Андыктан жакынкы 1-2 жылда жаңы оппозициялык күчтөрдүн пайда болушу күмөн.

А.Аскарова оппозициянын алсыроо себептери тууралуу мындай дейт:
Айнура Аскарова

- Менимче өлкөдөгү партиялардын алсыздыгы (бир гана бийлик партиясынын үстөмдүгү), жарандык коомдун алсыздыгы, шайлоодон кийинки оппозициянын өз ара, ички талаш-тартыштары, элдин пассивдүүлүгү, ошондой эле жакшы бир идеянын таңсыктыгы оппозициянын алсырашына себепчи болду. Ушулардын бардыгы биригип келип, мурда бийлик “А” дей электе эле кыйкырып чыкчу оппозицияны, кардиналдуу өзгөрүүлөр, олуттуу өзгөрүү болуп атса дагы баш көтөрө алгыс кылып салды.

Жаңы түзүлүп аткан “Келечек” жаштар коомунун мүчөсү Урмат Акунов, мурда “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү болуп келген. Оппозициянын алсыроосунун себебин ал мындайча түшүндүрдү:

- Оппозиция деп айтылган менен аны бириктирип, кармап туруш оор экен. Ал жерде бир киши бириктирип, кармап турса гана алар биригип, оппозиция болот экен. Ал кишилердин бирден бири бизде Аликбек Жекшенкулов болчу. Ал камалгандан бери оппозициянын бели сынды десем болот. Азыр оппозицияга баягы жумуштан куулган же бийликке таарынгандар эмес, бир гана Кыргызстандын келечегин ойлогон адамдар керек экен. Анткени азыр көп эле аксакал оппозиционерлерибизди көрүп атабыз. Мурунку бизнесин же мурунку чай ичишкен мамилесин ортого коюп эле тура беришет экен. Кээ биринин арты да таза эмес. Ошол себептүү чечүүчү учурларда билдирүү жасаганга да кошула алышпайт. Мен мындайларды көп эле көрдүм оппозицияда жүрүп.

Саясат талдоочулардын пикиринде, Кыргызстанда оппозиция 2001-жылдан бери карай күчтөнүп отурган. 2005-жылы ал чегине жетип, элдик толкундоолордун аркасында оппозиция бийликке келген. 2006-2007-жылы оппозиция бийликти кыйла солкулдатканы менен кийинчерээк мизи кайтып калды.

Ал арада оппозициядагы белдүү саясатчылардын бири Кубатбек Байболов чоң саясаттан кетүүгө мажбур болгонун айтып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти. Дагы бир жалындуу оппозиционер Өмүрбек Абдрахманов да Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болду. Кылмыш иши козголуп кетип, АКШда жүргөн дагы бир оппозиция өкүлү Равшан Жээнбеков аркага кайта албай калды. Аликбек Жекшенкулов, Исмаил Исаков, Эмил Каптагаев сындууларына кылмыш иштери козголуп, айрымдары камалып да чыгышты. “Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев да чырлуу жашыруун видеосу чыкканы оту өчкөндөй.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG