Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Балыкчы окуясы: 10 айыпталуучу ачкачылык жарыялады


Президенттик шайлоо күнү Балыкчыдагы окуядан бир көрүнүш, 2009-жылдын 23-июлу.

Президенттик шайлоо күнү Балыкчыдагы окуядан бир көрүнүш, 2009-жылдын 23-июлу.

Балыкчы окуясы боюнча камалган СДПнын он тарапкери 27-октябрда ачкачылык иш-чарасын баштады. Айыпталуучулар калыс сотту, мыйзамдуу чечимди талап кылышууда.

Караколдогу №23 тергөө абагынын жетекчилигине жолдогон кайрылуусунда айыпталуучулар негизсиз күнөө коюлуп атканын белгилеп, конституциялык укуктарын коргоону жана адилет чечимдерди талап кылууга аргасыз болгонун айтышкан.

Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Сергей Сидоров Караколдогу тергөө абагында ачкачылыкты баштагандарга тоскоолдуктар болгон жери жок жана алардын саламаттыгы тыкыр текшерилип жатат деп билдирди:

- Бул - алардын укугу. Алар камакта кармоо шартына байланыштуу эмес, дегеле камакка алынгандыгына байланыштуу сотторго, судьяларга жана башкаларга каршы ачкачылык жарыялашты.

Ачкачылык акциясында отурган айыпталуучулардын ал-ахыбалы менен таанышып чыкканын, ачкачылык кармагандардын жагдайына тергөө абагынын жетекчилиги менен адвокаттардан башка эч ким кызыга электигин адвокат Асанкул Молдогазиев да “Азаттыкка” билдирди.

Камактагылар өздөрүндө кылдай күнөө жок дешип, муну августтан бери жүрүп жаткан сот жараянындагы күбөлөрдүн көргөзмөлөрү менен негиздешүүдө.

Президенттикке мурдагы талапкер, СДП лидери Алмаз Атамбаевдин билдиргенине караганда, оппозициядагы саясий лидерлер ачкачылык акыркы арга экенин эскертип, бул акцияга каршы болушкан:


- Мен өзүм да эч нерсе баштабай койо тургулачы деп сурангам. Чыдабай кетишкен окшойт жигиттер. Такыр эле калыстык, чындык жок болуп атпайбы.

Атамбаев жана ал жетектеген СДП жана "Бириккен Элдик Кыймыл" (БЭК) айыпталуучулардын ачкачылык иш-чарасынан деле кандайдыр бир майнап чыгарына ишенген жери жок. Ошентсе да алар президент Курманбек Бакиев менен Балыкчы окуясын көзмө-көз талкуулоо оюнан кайта элек:

- Ортомчу-сортомчу менен жолукканда пайда жок да. Анткени бул маселенин аркасында үй-бүлө турат. Бул маселени прокурор деле, сот деле чече албайт, - деди Атамбаев.

Балыкчы окуясын тындым кылуу максатында президент Бакиев менен СДП фракциясынын өткөн айдагы жолугушуу аракетинен майнап чыкпай калган. Муну оппозиция ортомчулардын бузукулугу катары баалап жүрөт. Айрым аткаминерлердин кыйыткандарына караганда, азыр бийлик административдик реформаны шылтоолоп, Балыкчы окуясына баш оорутууну каалабай турат.
ЖК депутаты Кубанычбек Кадыров

23-июлдагы президенттик шайлоо учурунда Балыкчыда чыккан чатак боюнча Кылмыш кодексинин конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, бийликти басып алууга аракет кылды, шайлоого тоскоолдук жасады деген өңдүү беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Ага ылайык 19 киши айыпкер болууда. Алардын ана башы саналган ЖК депутаты, СДП фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Кадыров депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратылган. Ага удаа эле депутаттын чет өлкөгө чыгып кеткендиги тууралуу маалымат тарады.

Балыкчы окуясы боюнча айыпталып жаткан Канат Сопиев сотто суралууда. Балыкчы, 16-сентябрь, 2009-жыл
Дагы бир негизги айыпталуучу саналган Канат Сопуев да баш калка издеп кеткендиги айтылууда. Дагы бир тобу тил кат менен убактылуу боштондукка чыгышкан. Камакта калган он айыпталуучу ушул айдын башында Караколдогу тергөө абагына которулган. Буга айыпталуучулардын сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу арызынын негизинде жараяндын убактылуу токтотулушу негиз берген.

Адвокат Асанкул Молдогазивдин айтымында, айыпталуучулардын апелляциялык арызын кароого бир жарым ай кетет, мынча мөөнөт камактагыларды Балыкчыда кармоого шарт жок:

- Себеби Балыкчы шаарындагы ИВСте (убактылуу кармоочу жай) такыр эле шарт жок.

Адвокаттын билдиргенине караганда, камактагылардын апелляциялык арызын облустук сот 3-ноябрда караганы атат. Ачкачылык акциясы канчага созулары белгисиз. Бул аралыкта ачкачылыкта отурган камактагылардын тарапкерлери алардын бешөөнүн саламаттыгы жакшы болбой жаткандыгы тууралуу маалымат таратышты.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму баштаган бир катар эл аралык уюмдар Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүп жаткандыгы кабарланган.




"Азаттыктын" архивинен. Тасма: Оппозиция жөө жүрүшүн токтотту

ИИМ менен Баш прокуратуранын эскертүүсүнөн улам кыргыз оппозициясы жөө жүрүшүн токтотуп, Балыкчыга "Бириккен Элдик Кыймылдын" лидерлери гана бара турган болду. Алар 23-июлда, президенттикке шайлоо күнү Балыкчыда камалган атуулдарды дароо бошотууну бийликтен талап кылууда. 2009-жылдын 30-июлу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG