Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Өзгөндүктөр С. Кадыралиевдин депутаттык мандатын инисине ылайык көрүшөт


Акыркы сүрөт: Бул сүрөт маркум депутат атылардан бир күн мурда тартылып алынган.
Акыркы сүрөт: Бул сүрөт маркум депутат атылардан бир күн мурда тартылып алынган.

Өзгөн шаарынын Куршаб айылында маркум депутат Санжар Кадыралиевдин миңге чукул жердештери чогулуп, депутатты атууга буйрук бергендерди чукул арада табууну бийлик өкүлдөрүнөн талап кылышты. Ошондой эле чогулгандар Санжар Кадыралиевдин депутаттык мандатын, анын бир тууган иниси Орунбек Кадыраливге өткөрүп берүү өтүнүчү менен өлкө башчысына жана «Ак жол» партиясынын депуттарына кайрылуу жолдошту.

Маркум депутат Санжар Кадыралиевдин кичи мекени, Куршабтын Кызыл-Сеңир айылына чогулган элдин биринчи талабы - депутатты атууга буйрук бергендерди тез арада таап жазага тартуу. Айыл тургундары буга чейинки өлтүрүлгөн депутаттар сыяктуу Кадыралиевдин өлүмү да жабык бойдон калбаш керек деп жатышат.

Айыл аксакалы Абсамат Орозбаев:

-Кайраттуу, жаш жигитибиз каза таап отурат. ИИМге , прокуратурага, премьер-министрге , президентке кайрылабыз, бизге Санжарды атууга буйрук бергендерди таап берсин! Себеби, буга чейин да бир канча депутаттар атылып, дайынсыз калган.


Эми маркумдун туугандары жана жердештери Санжар Кадыралиевдин депуттатык мандатын анын бир тууган иниси Орунбек Кадыралиевге ыйгаруу демилгесин көтөрүп, облустун бардык аймактарынан кол топтоого киришишти.

-Орунбек жогорку маалыматтуу, билимдүү жигит. Санжардан да артык иштеп берет деген үмүтүбүз бар. Анын аткара албай калган иштерин иниси жасасын. Жогорку бийлик өкүлдөрүнөн ушуну суранып жатабыз.

Учурда айыл тургундары Орунбек Кадыралиевди депутат кылуу үчүн ар аймактардан кол топтоп башташты. Демилгечилердин бири Мамазаир Ормоновдун айтымында, Орунбек Кадыралиевге депуттаттык мандатты ыйгаруу демилгесин колдогондордун саны он беш миңге чукулдап калган:

-Президентке, Жогорку кенешке, жогорку сотко он беш миңден ашуун кол топтоп жөнөтүштү. Биздин бул катыбыз жоопсуз калбайт деп ишенебиз. Акжол фракциясынын тизмесине киргизип, Орунбекти Санжардын ордуна депутат кылып беришин талап кылабыз.

Орунбек Кадыралиев «Ак жол» партиясынын депутаттыка көрсөтүлгөндөрдүн тизмесине кирген эмес. Ошол себептүү айылдаштарынын мындай талаптары мыйзамга туура келбейт дегендер арбын.

Коомдук саясий ишмер Төлөгөн Келдибаев:

-Он миңдеген кол топтосо деле буга баш мыйзамыбыз жол бербейт да. Андан көрө, жердештери Санжар Кадыралиевди аткандарды катуу жазалоону талап кылышса туура болмок экен. А Орунбек инисин депутат кылабыз деген аракеттери суу кечпейт.

Бирок Кадыралиевдин жердештери анын аткара албай кеткен иштерин ар дайым жанында жүрчү иниси жакшы билээрин, өзү да депуттаттыка татыктуу деп ишенимдүү айтышууда.

Өзгөчө Орунбек Кадыралиевди депутат кылууга учурда жаштардын жоон тобу да катуу киришкен өңдүү. Куршаб айылынын жаш тургуну Жамшыт Жолонов:

-Орунбек ага, Санжар аганын тарбиясын алган, кыргыздын чыгаан уулдарынын бири. Ошон үчүн аны депутаттыкка көрсөтүп бул жерде көптөгөн жаштар топтолуп турабыз. Президентке да кайрылып жатабыз.

Депуттаттык мандатка жердештери тарабынан көрсөтүлүп жаткан Орунбек Кадыралиев, учурда 31 жашта, эки дипломдун ээси, экономика жана юридика адистиктерин аяктаган. Буга чейин Ош аймагына спорттун эрежесиз мушташ түрү менен таанылган.

Учурда Орунбек Кадыралиевди депуттаттыка сунуштоо менен Өзгөн, Ноокат жана Араван райондорунда кол топтоо иштери улантылып жатат. Бирок азырынча бул маселе тууралуу бийлик тарап эч кандай жооп ката элек.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG