Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

ОРУСИЯДА ЖАШАГАНДАР ОРУС ДЕП АТАЛЫП КАЛАБЫ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Мурунку дүйшөмбүдө дүйнөлүк орус чиркөсүнүн жетекчилиги улуттук идеяны чагылтат деген аныктама менен «Орус доктринасы» долбоорун коомчулукка сунуш этти. Аны сынга алгандар доктринада Орусия көп конфессиялуу өлкө боло албайт, эмне дегенде Орусия бир улуттуу мамлекет деп жазылыптыр дешет. Аны колдогондор болсо «Орус доктринасы» ар бир орус адамынын үстөлүнүн үстүндө жатчу китеби болууга тийиш дешет. 22-августа мамлекеттик сыналгы аркылуу москвалык Патриархтын тышкы чиркөлүк байланыш бөлүмүнүн төрагасы Кирилл Митрополит да паспортко жазылчу «орусиялык» деген сөз орус дегенди билдирбейт, ошондуктан ал жасалма түшүнүк деп атады.

Смоленск жана Калининграддык митрополит Кирилл элге айткан кепте дал ушул жаңы «доктринада» азыркы орусиялык коом үчүн база боло алчу баалуулук бар. Ал суроого суроо менен: «Эмне үчүн кишинин Орусияга тийиштиги бар деген сөз кимдир-бирөөнү айбыктырууга тийиш?» - деген.

Бирок төлүй орустарга арнап жазылган теорияны жеригендер баамында өлкөдө улуттарды ала-булага жиктечү документ дал ушул болот. «Чечен же черкес, финно-угор же түрк доктринасынан орус доктринасы эмнеси менен айырмаланат? – дейт, маселен, диний талдоочу Максим Шевченко, - Буга жооп исламдык, иудейлик же дагы бир конфессиялык долбоордон болбойт. Буга эми улуттук долбоорлору жооп кайтарат».

Буга чукул ойду Татар элдик борборунун төрагасы Жунус Камалетдинов да айткан:

«Бул, азыркы убакта Орусияда көп кайталанчу «Орусия -орустарга» деген ураанга тектеш теория. Орусиядагы татар, чуваш, мордва, чечен же Дагстан жумуриятындагы элдер ар биринин кайталангыс тарыхы, жашоо турмушу, өнүккөн маданияты бар».

Маскөөлүк Патриархтын тышкы чиркөлүк байланыш бөлүмүнүн төрагасы, митрополит Кириллдин өнтөлөөсү менен жасалып аткан «Орус доктринасы» жогорку жак (бийлик - ММ) менен макулдашылган, ошондуктан бул теория айрыкча кооптонуну туудурат дешет.

Митрополит Кирилл айтканга караганда: «буга окшогон баалуулук өлкө үчүн, анын 21-кылымда баштан-аяк жаңыланышы үчүн керек».

Андан аркы кебинде митрополит Кирилл:«Буга чейин эле «орус» дегенибизде ар бир жолу биз баардык, болгондо да улуттары ар башка, бирок орусча сүйлөгөн кишилерибизди туюнчубуз» - дейт.

2002-жылкы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык Орусиянын калкынын 80 пайызына чукулу орус улутундагы атуулдар. Калган тарабынан 4 пайыздан ашуунун ээлеп татар улуту өлкөдө экинчи орундагы этнос.

Анализчилер чөйрөсү болсо саны аз элдер карааны такыр эле байып баратканын каңкуулашат.
XS
SM
MD
LG