Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Боснияда «экинчи Кипрге» айлануу коркунучу бар...


Босния-Герцеговина, Сараеводогу согушта өлгөн балдарга арнап тургузулган эстелик, 6-апрель 2009
Босния-Герцеговина, Сараеводогу согушта өлгөн балдарга арнап тургузулган эстелик, 6-апрель 2009

АКШ Босния-Герцеговинаны өнүктүрүүдө ЕБга саясый жактан жардамдашууга тийиш. Мындай сунушту АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташуу комиссиясында болгон угууда британ дипломаты, лорд Пэдди Ашдоун башындагы эксперттер тобу жасады.

2-апрелде АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташуу комиссиясы же Хельсинки комиссиясында болгон угууда Батыш Балкандагы кырдаал опурталдуу экенине көңүл бурулду. Абал дагы осолдобоосу үчүн лорд Ашдоундун сөзүнчө, Европа жана АКШ Босния-Герцеговинанын Евробиримдикке мүчө болуп өтүүсүнө жардамдашуусу зарыл. Анткени бул көп улуттуу мамлекеттеги ар жарандын максаты:

- Муну улутуна, саясый көзкарашына карабай ар бир адам каалайт. Батыш Балкандын калкы каалайт. Менин оюмча, бул механизмди биз үзүрлүү пайдалануубуз керек.

Британ саясатчысы, таанымал дипломат, лорд Пэдди Ашдоун 2002-2006-жылдары эларалык коомчулуктун Босния-Герцеговинадагы өкүлү болгон. Анын айтышынча, калкынын көбүн мусулмандар түзгөн Босния федерациясынын мамлекеттүүлүгүнө акыркы үч-төрт жылда анын курамындагы Серб Республикасындагы элементтер коркунуч туудурууда.

Босния “экинчи Кипрге” айланбас үчүн АКШ Евробиримдик менен мунасада Босния боюнча жаңы саясат иштеп чыгышы абзел, деди лорд Ашдоун комиссиянын төрагасына кайрылып:

- Бул иштин башында Европа туруш керек. Төрага мырза, биз үчүн бул жараянды Кошмо Штаттар жан дилинен колдооосу зарыл.

Лорд Ашдоун ошондой эле Серб Республикасынын лидери Милорад Додик серб калктуу аймакты Босния федерациясынан бөлүп кетүүгө аракеттнип жатканын айтты. Эгер Белград чындап эле Евробиримдикке өтүүнү кааласа, Биримдик менен АКШнын Босния федерациясы боюнча саясатын колдоп, Серб Республикасынын федерациядан чыгуусу жөнүндө сөз болбошу керек экенин Додиктин тарапкерлерине эскертип койууга тийиш, дейт лорд Ашдоун.

Демократияны колдоо боюнча улуттук фондунун Ортолук жана Чыгыш Европа бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Ивана Ховард айым Батыш Балканда сөз эркиндигине жана бейөкмөт уюмдарга бийлик тарабынан кысым өсүп жатканын белгиледи. Босния-Герцеговинанын саясый элитасы “бийликти элди коркутуу үчүн пайдаланбасы үчүн” конституциялык реформа жүргүзүлүшү зарыл, деп санайт Ховард айым:

- Босния-Герцеговина толук функционалдуу, Евро-атлантикалык институттарга камыр-жумур аралашкан демократиялуу өлкө болгусу келсе, коркутуу фактору биротоло жоготулуш керек. Ушун үчүн Эларалык коомчулук конституциялык реформага өзгөчө көңүл бурушу зарыл.

Хорватиянын Адам укугу боюнча Хельсинки комитетинин төрагасы, профессор Иво Банач да Батыш Балканды европалаштыруу саясаты АКШнын жардамысыз ийгиликке жетпейт, деген пикирин билдирди АКШнын Хельсинки комиссиясы уюштурган талкууда сүйлөп.

XS
SM
MD
LG