Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Украина: шайлоодо ким утса да Орусия үчүн ыңгайлуу


7-февралда Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Президенттик кызмат үчүн өкмөт башчы Юлия Тимошенко менен “Региондор” партиясынын лидери Виктор Янукович ат салышууда.

Бул күндөрү парламенттин Шайлоо жөнүндө мыйзамга толуктоо киргизүү сунушуна Украинанын президенти Виктор Ющенко кол койду. Ага ылайык, шайлоо комиссиясынын отуруму кворум болбогон учурда да өткөрүлөт.

Виктор Янукович мындай толуктоолорго оң баа берип, эми шайлоо комиссиясынын отурумун болтурбай коюу эч кимдин колунан келбейт деп билдирди.

Юлия Тимошенконун блогу эми шайлоо комиссиялары оппозициянын көзөмөлү астында иштеп калат деп, нааразылыгын билдирген.

Ю.Тимошенконун үгүт плакаты
Ушул күндөрү калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолор шайлоодо Виктор Янукович жеңип чыгарын ырастоодо. Шайлоонун экинчи айлампасы кандай жана кимдин жеңиши менен аяктабасын – убагында «саргылтым ыңкылаптын» башында турган Виктор Ющенко бул жолу элдин колдоосуна ээ боло алган жок.

Виктор Ющенко шайлоонун биринчи эле айлампасында аз добуш чогултуп, таймаштан чыгып калган. Бул болсо расмий Москвага дем берип, орус бийлиги Украина менен тыгыз мамилелерди түзүүгө далалат жасоодо: Орусиянын президенти Дмитрий Медведев элчи Зурабовду Киевге аттандырды. Москванын жаңы элчисин Киевге аттантпай кылчакташы Виктор Ющенко менен Дмитрий Медведевдин кер-мур айтышып калышынан улам болгон.

Украинадагы серепчилер президенттик шайлоодо Виктор Янукович жеңе турганын айтканы менен, орусиялык саясатчы Михаил Виноградов мындан күмөн саноодо:

- Янукович эң көп кол жыйнап, жеңишке жетти деп турганда Ющенко же Тимошенко кийин анысын жокко чыгып, ал утулуп калат.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Марков Украинадагы саясий кырдаал тууралуу буларды айтат:

- Көп өлкөлөрдө оппозиция бийликти шайлоонун жүрүшүндө бурмалоого барды деп айыптайт. Жок, оппозиция көз бойомочулукка барат деген бирден бир өлкө Украина андай айыпты азыркы өкмөт башчыны колдогондор айтышат.

Акыркы жылдары Украина менен Орусиянын мамилелери начарлап кеткен. Ушундан улам шайлоодо ат салышкандардын кимиси бийликке келбесин Москва ыңгайлуу болоорун байкоочулар айтышат.

Янукович Кремлге жан тартаары маалым. «Саргылтым ыңкылаптын» лидерлеринин бири Юлия Тимошенко мындан эки-үч жыл мурда Орусияга кирүүгө тыюу салынганына карабай, кийинки учурда премьер-министр Владимир Путин менен тил табышып кетти.

"Азаттыктын" архивинен: Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы

2004-жылы Украинадагы “саргылтым ыңкылап” В.Ющенкону президенттик такка алып келген. Бийлик үчүн кармаш анын оң колу эсептелген Ю.Тимошенкону элдешкис каршылашына айлантты. Назарыңыздарда режиссер Дамиан Колодийдин даректүү тасмасынан үзүндү. ZMa

Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

XS
SM
MD
LG