Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Польша президенти Лех Качински кырсыктан ажал тапты


Президент Лех Качински жубайы Мария менен (архивден, 2007-жыл)
Президент Лех Качински жубайы Мария менен (архивден, 2007-жыл)

Польшанын президенти Лех Качински, жубайы Мария жана өлкөнүн бир катар расмий адамдары Орусиянын Смоленск шаарынын жанында авиа кырсыкка учурап курман болушту.

Мамлекет башчынын кызматын парламенттин Төмөнкү палатасынын төрагасы Бронислав Коморовски аткармакчы.

Орус президенти Дмитрий Медведев жана премьер-министр Владимир Путин президент Лех Качинскинин өлүмүнө байланыштуу Польша элине көңүл айтышты. Орус бийлиги 96 кишинин өмүрүн алып кеткен кырсык жакшылап иликтенет деп убада кылышты.

Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат өкүлү Ирина Андриянова буларды билдирди:

- Учак кыйраган жерде ушу тапта 174 киши иштеп жатат, 50 даана техника тартылган. Орус президентинин тапшырмасы менен чукул кырдаалдар министри Сергей Шойгу кырсык болгон жерге учуп кетти. Министрликке таандык эки тик учак соттук медициналык эксперттерди жеткирүүгө даярданууда.

Польшанын премьер-министри Доналд Туск кабинеттин чукул жыйынын өткөрүүдө. Президенттин кызматын аткаруу парламенттин Төмөнкү палатасынын төрагасы Бронислав Коморовскиге жүктөлмөкчү.

Смоленсктин губернатору Сергей Ануфриев “Россия-24” телеканалына маалымдагандай, учак шаар аэропортуна коноордун алдында дарактарга илинип калып, кулап түшкөн.

Качински менен анын аялы Мария, Куралдуу күчтөрдүн штаб жетекчиси, тышкы иштер министринин орун басары, Борбордук банктын төрагасы жана башка расмий адамдар бараткан. Алар Катындагы эскерүү чараларына катышмак. 1940-жылы Катында польшалык миңдеген согуш туткундары жана интеллигенция өкүлдөрү советтик армия тарабынан өлтүрүлгөн.

Польшада желектер түшүрүлүп, баш калаада элдер президенттик сарайдын алдына гүл, шамдарды алып келип жатышат.

- Кабар тараган чакта мен президенттик сарайдан алыс эмес жерде болчумун. Ар кыл жаштагы адамдар анын алдына гүл жана шам алып келип жатышты. Теле жана радиостанциялардын машинелери агыла баштады. Бул – Варшава үчүн өзгөчө күн экени анык болуп калды, - дейт "Азаттыктын" Варшавадагы кабарчысы Майкл Хиршман.

Лех Качински 1949-жылы 18-июнда туулган. Анын эгиз бир тууганы Ярослав "Мыйзам жана адилеттүүлүк" партиясын жетектейт. Бир нече жыл мурун ал Польшанын өкмөт башчысы болуп турду.

Лех Качински Варшава университетинин юридикалык факултетин бүтүрүп, 1979-жылы эмгек укугу боюнча доктордук диссертациясын жактаган. Жаш кезинен бери саясатка аралашып, жумушчулардын укуктарын коргоо комитетинде, профсоюздарда иштейт. Кийин Польша президентинин кеңсесинде коопсуздук бюросун жетектеген, сейм жана сенаттын мүчөсү болгон.

2001-жылы бир тууганы Ярослав менен бирге "Мыйзам жана адилеттүүлүк" деген партия түзгөн. Бир жылдан кийин Варшава мэрлигине шайлоону жеңген. 2005-жылы өлкөнүн эң жогорку кызматына шайланган. Жубайы Мария кесиби боюнча экономист болчу, кызы Марта юрист болуп иштейт. Качинскилердин 2 небереси бар.

XS
SM
MD
LG