Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Р. Отунбаева: Бакиев жоопкерчиликтен кача албайт


Р.Отунбаева апрель ыңкылабынын эртеси. Бишкек 2010-жылдын 8-апрели.
Р.Отунбаева апрель ыңкылабынын эртеси. Бишкек 2010-жылдын 8-апрели.

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева бүгүн телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылып, кулатылган президент Курманбек Бакиев эл аралык уюмдардын, ири үч мамлекеттин жетекчилеринин кийлигишүүсү менен өлкөдөн чыгарылганын, алар Бакиевди эл аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча жоопккерчиликке тартууга кепилдик бергенин билдирди.

16-апрелде өлкө калкына жааган телекайрылуусунда убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева буларга токтолду:

К.Бакиев: Менин күнөөм жок. Жалал-Абад 2010-жылдын 12-апрели
- Элдик көтөрүлүш менен бийликтен кулатылган мурдагы президент өзүнүн туугандарын жана айылдаштарын, аялдарды жана балдарды барымтага алып, тирүү калкандын артына жашынып, ар кайсы аймактар менен этностук топтор арасында жарандык карама-каршылыкты козутуу үчүн максаттуу иш-аракеттерди жүргүздү, Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирди жана биздин өлкөдөгү тынчтыкка, туруктуулукка коркунуч жаратты.

Роза Отунбаеванын айтымында, өлкөдөгү кырдаалды эске алып, жарандык согуш чыгып кетпесин деген максатта убактылуу өкмөт ЕККУнун жана БУУнун тынчтык сактоочу миссияларынын жигердүү ортомчулугу алдында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин, АКШ президенти Барак Обаманын жана Россия Федерациясынын президенти Дмитрий Медведевдин жеке катышуулары менен мына ушундай кечиктирилгис чараларды көрүүнүн зарылдыгына дуушар болду.

К. Бакиев соттон эч кайда кача албайт, ал дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жашырынып кала албайт.
Р. Отунбаева
Ошол эле мезгилде Роза Отунбаева өлкөдөн чыгып кеткен Курманбек Бакиев жоопкерчиликтен кача албастыгын айтты:

- Курманбек Бакиев жана анын жанындагылар эч кандай жоопкерчиликтен качып кете албайт. К.Бакиев соттон эч кайда качып кете албайт. Ал дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жашырынып кала албайт. Бакиев менен акыркы убактарга чейин чогуу болушкан анын жактоочуларынын жана туугандарынын эч кимиси өлкөдөн чыгарылган жок. Жоопкерчиликтен эч ким качып кутулбайт, сот адилеттиги сөзсүз түрдө жүзөгө ашырылат: мурдагы президент кыргыз элинин алдында мыйзам боюнча толук жооп берет.

Курманбек Бакиев кечээ (15-апрелде) Казакстандын аймагында президенттик кызматын өз каалоосу менен өткөрүп берүү жөнүндөгү арызын жазып берген. Аны бүгүн эртең менен Кыргызстандагы Казакстандын элчиси, ЕККУнун элчиси убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаеванын колуна тапшырды.

Эл ичинде Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын Кыргызстандын аймагынан чыгарбай кылган кылмыштарына ылайык жоопко тартуу керектиги кеңири айтылууда. Маселен бүгүн нааразы болушкан эки жүзгө чукул адам УТРКнын жанында жана убактылуу өкмөт башчынын кеңсээси орун алган Коргоо министрлигинин жанында пикет өткөрүшүп, аны кайра кайтарып келүү талабын коюшту.
К. Бакиевди кармаш керек эле, бир туугандарын да кармап, мыйзам чегинде жоопко тартыш керек.
М. Ниязов

Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов болсо кыргыз эли апрель ыңкылабында жазыксыз төгүлгөн кандан кийин болуп көрбөгөндөй биримдикке келип, жарандык согуштун чыгышына жол бербестигин, К.Бакиевди жана анын жакындарына элдин жек көрүү сезими күч экенин билдирди.

Анын пикринде, убактылуу өкмөт мурдагы президентти Кыргызстандын аймагынан чыгарбай кармап, мыйзам чегинде жазаласа болмок.

Курманбек Бакиевдин кызматтан кетүү боюнча жазган арызы, 2010-жылдын 15-апрели
- К.Бакиевди кармаш керек эле. Анын бир туугандарын дагы кармап мыйзамдын чегинде жоопко тартуу керек эле. Бул кыргыздын кийинки муундарына сабак болушу керек болчу. Мындай мамлекеттик кызматка келген адамдар ушундай ыплас жол менен эч качан мамлекетти башкарып кете албайт. К.Бакиевди жана анын жанындагыларды жоопкерчиликке тартуу үлгү болушу керек эле.

Мирослав Ниязов белгилегендей азыр убактылуу өкмөттүн көтөргөн жүгү оор, мына ошол жүктү ар кимиси ар кайсы жакка тарткылабай, бир пикирге келип жоопкерчилик менен көтөрүп кетүүсү зарыл.
Менимче, эми К. Бакиевди Кыргызстанга кайра бере турган мүмкүнчүлүк түзүлбөйт.
К. Абыдмен

Курманбек Бакиевдин Кыргызстандан чыгарып кетүүгө ортомчу түшкөн абройлуу эл аралык уюмдар менен үч ири державанын жетекчилеринин Кыргызстандагы кыйын кезең, курч кырдаалга тынчсызданып кийлигишкенин жеке эле кыргыз элинин коопсуздугу эмес Борбор Азиянын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы чеим катары кабыл алгандар да бар.

Саясат талдоочу Кубан Абдымендин пикиринде, үч ири держава жетекчилери жана абройлуу эл аралык уюмдардын К.Бакиевди өлкөдөн чыгарууга ортомчу болгону менен аны Кыргызстанга кайтырып берүүсү же эл аралык сотко алып чыгуусу күмөн туудурат.

Кубан Абдымен, 2007-жылдын 21-мартында тартылган сүрөт.
- Эң негизгиси К.Бакиевдин беш жыл аралыгында топтогон байлыгынан дагы маанилүүсү анын маалымат топтогону болуп жатат. Ал канчалаган мамлекет жетекчилери менен жолугушуп, канчалаган эл аралык уюмдар менен кызматтышып көптөгөн маалыматтарды өзүнө батырып, тигилерди оңтойсуз абалга калтыруучу позитивдүү маалыматтарга дагы ээ экенин түшүнгөндөн кийин, эгерде сот болсо элге ошол маалыматтар ачыкталып кетпесин деген көз караш үстөмдүк кылып, К.Бакиевди Кыргызстанга бере турган мүмкүнчүлүк түзүлбөйт го дейм да. Бул биринчиси. Экинчиси, ага жетпей эле К.Бакиевдин ден-соолугу абдан начар экени белгилүү. Мына ошол себептен гумандуулук маселе катары дагы анын саламаттыгына шарт түзүп бергенге көбүрөөк ыкташат го деген ой келет.

Эл арасында Курманбек Бакиевдин бир туугандарынын алигиче кармалбаганына да нааразылык күч. Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов Курманбек Бакиев сөзсүз сот жоопкеричлигине тартыларын, Жаныш Бакиев түндө укук коргоо органдарына офицердик сөзүн берип, бүгүн саат онго чейин куралдарын таштап, колго түшүп берерин айтканы менен убадасына турбаганын, аларды кармоо боюнча атайын кызматтар аракет көрүп жатышканын айтты.

XS
SM
MD
LG