Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

М. Ниязов: Конституцияны шашылыш кабыл алуу - жаңылыштык


“Эл арманы” партиясынын төрагасы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Мирослав Ниязов азыркыдай шартта Конституцияны шашылыш жол менен кабыл алуу туура эмес, бизге азыр күчтүү президенттик бийлик керек деп эсептейт.

- Бүгүн Конституциялык кеңешме өз ишин башталды. Анда Убактылуу өкмөт 26-апрелде жарыялаган Конституциянын долбоору каралууда. Башка дагы долбоорлор каралышы керекпи?

- Менин оюмча, Конституцияны ушундай шашылыш жол менен караш бул түк жарашпайт бүгүнкү Кыргызстандын акылабына. Мына Кыргызстандын келечеги таптакыр бүдөмүк болуп атат, улуттар арасында проблемалар көбөйүп чабышып кетип аткан учурлар болуп атат. Кан төгүлүп кетти орто жерден. Эми ушул кырдаалда бул Конституцияны шашылыш түрдө алыш, мен ойлойм, бул өтө чоң жаңылыштык. Бул Конституциянын жыйынтыгы чыга турганга көзүм жетпей атат.

- Сиз күчтүү президенттик жана парламенттик бийликти жактаган элеңиз, өзүңүздүн долбоорду дагы алып чыгасызбы?

- Албетте, мен ачык эле айтып атам. Бүгүн Кыргызстанды эч кандай Конституция, эч кандай мыйзам жакырчылыктан, оор акыбалдан, кырдаалдан чыгарып кете албайт. Бүгүн Кыргызстанга улуттук лидер керек. Ошол адам өлкөнү азыркыдай абалдан чыгарып кетет. Бул Конституция - бул тил эмизүү деген сөз. Ошондуктан мен дагы бир жолу кайталап кетейин, бизге бүгүн күчтүү президенттик бийлик керек, Кыргызстанды тынчытып, мыйзам жолуна, конституциялык талаага киргизип, андан кийин өлкөнүн келечегин ойлонсок болмок.

- Сиз мыйзамдуу жолго кириш керек деп жатасыз. Кантип кириш керек андай жолго?

- Бул жолго эч кандай мыйзам киргизип бере албайт. Азыр күчтүү лидер болуп, андан кийин күч органдарды, алардын көңүлүн көтөрүп коюш керек, буларды мамлекеттин коопсуздугуна бекем күч болуп берсин деп, биздин бүгүн максатыбыз Конституцияда эмес . Эң негизги максат - Кыргызстан деген мамлекетти сактап калыш, элди тынчытып, анан бир жолго чыгуу. Башка жолду мен ачыгын айтканда көрбөй атам.

- Ошентсе дагы Убактылуу өкмөт сунуштаган долбоорду канчалык өзгөртүүгө болот?

- Менин оюмча, булар биротоло эле парламенттик республикага барабыз деп атат. Бул алардын ички кызыкчылыгы болуп атат, бул элдин кызыкчылыгы эмес, бул Конституция элдин кызыкчылыгына каршы.

- Сиз да катышасызбы талкууларга?

- Албетте, мен өзүм катышпасам да биздин өкүлдөр барып катышат, ачык айтабыз, биз бул Конституцияны толугу менен колдобойбуз. Адашып кетебиз. Үчүнчү жолу адашсак, анда биз өтө оор акыбалга келип калабыз.

- Рахмат.

Тасмада: ЕККУнун Бишкектеги борбору, Убактылуу өкмөт демилгеси менен 4-майда жаңы Конституция долбоору талкууланды. Талкуудан соң Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев баш мыйзам боюнча өтө көп сунуштар түшүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Конституциялар төөбастысы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG