Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Бажы биримдиги кандай максатты көздөйт?


Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин жана Казакстандын премьер-министри Карим Масимов.
Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин жана Казакстандын премьер-министри Карим Масимов.

Бир айдан кийин Орусия менен Казакстан ортосунда түзүлгөн Бажы биримдигинин кодекси күчүнө кирмекчи. Бул биримдикке кирүү үчүн даярдык көрүп келаткан Беларус ага кошулбай калды.

Бул туурасында Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен Санкт-Петербургда сүйлөшкөндөн кийин айтты. Сүйлөшүүгө беларус өкмөт башчысы Сергей Сикорский катышпай койду.

Владимир Путин менен Карим Масимов бажылык келишимге 28-майда кол коюшту. Бажы биримдигин түзгөн Москва менен Астана эми калган өлкөлөр менен болуучу соодада аларга бирдей баа бычат. Өз ара соодада салык салуудан баш тартышат. Орусиялык кара май менен көгүлтүр отун үчүн өкмөттүк салык бажылык биримдикке өткөндөн кийин да арзандабай турганы Беларуска жаккан жок. Беларус президенти Александр Лукашенко буларды айткан:

- Мунай үчүн Орусия өкмөттүк салыкты эки эсеге кымбаттатып, аны менен бизди жарга такамак болууда.

Ага жооп ирээтинде Владимир Путин ансыз да 6,3 миллион тонна кара майга Беларустан салык жыйналбай турганын айткан:

- Ошого карабай биздин кесиптештер калган кара май үчүн жеңилдиктин кеңейишин каңкуулашы – башка кеп.

Серепчилер беларус лидери Бажы биримдигине кирер алдында соодалашып, мунай менен көгүлтүр отунду арзаныраак алууну каалаганын айтышууда. Бул максатка жетүү үчүн Лукашенко мурда качып, ататтырбай келаткан кара май өндүрүүчү ишканалардын акцияларын сатууга да даяр болгон. Александр Лукашенко өткөн аптада буларды айтты:

- Орусиялык көп олигархтар уккусу келген суроого жооп: алар эгер мунай берсе анда биздин ишканаларды менчиктештиргенге уруксат берилеби? Беребиз!

Бажы биримдиги күчүнө киргенде Орусияга Казакстандан келүүчү бир жарым миңдей товар салыгы арзандайт, ал эми 350 товардыкы кымбаттайт. Адистердин баамында, дары-дармек, ооруканалар үчүн жабдуулар, үн жазчу апараттар жана башкалар арзандайт. Ал эми четтен келчү эт, колбаса, консерва, Кытай жана Түркиядан алынып келген кийимдер кымбаттайт.

Бажы биримдигинин түзүлүшү Кремлдин канча жылдардан бери жүргүзүп келаткан саясаты болгонун, мурдагы СССР курамына кирген өлкөлөрдү кайра өз айланасына тартуу максатын көздөөрүн серепчи Ярослав Романчук айтат:

- Мурдагы советтик өлкөлөрдүн аймагында кандайдыр бир ийрим түзүү аракеттердин акыркысы ушул болду.

Орусия, Беларус жана Казакстан Бажы биримдигин түзүү тууралуу 2009-жылы айта баштаган.

XS
SM
MD
LG