Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Тажик түрмөсүнөн качкандар Кыргызстанга кирип келбейби?


Баткендеги кыргыз чек арачылары.
Баткендеги кыргыз чек арачылары.

Бул багыттагы суроолорго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алдындагы чек ара кызматынын штаб башчысы Чолпонбек Турусбеков жооп берет.

- Чолпонбек мырза, Тажикстан бийлиги абактагылардын кайсы тарапка бет алгандыгы белгисиз экендигин айтып жатышат. Алардын Кыргызстанга кирип кетүү ыктымалдыгы жокпу?

- Бул маалыматты чек ара кызматы да алдык. Бүгүнкү күндө өлкө түштүгүндө жайгашкан чек ара отряддары бүт баары күчөтүлгөн абалда кызмат өтөөдө. Тажикстандагы абактан качкан адамдар боюнча өзүбүздүн атайын чек ара иштеринин барын колдонуудабыз. Тажикстандын чек арачылары менен маалымат алышуу боюнча дагы жумуштар жүрүп жатат. Аларды издөө жумуштары Тажикстандын ичинде болуп атат, биз тарапка өттү деген маалыматтар жок. Качкандардын сүрөттөрүн сурап атабыз. Алардын качканы боюнча маалымат түшөр замат Тажикстан менен чектешкен Ош облусундагы Борбобо менен Кара-Бак, Баткен олбусу менен Согди облусунун ортосундагы Кайрагач, Кулунду жана Кызыл-Бел чек ара бекеттерине атайын тапшырмалар берилди.

- Деги эле чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн учурда кандай иштер жасалууда?

- Эми чек ара коопсуздугу боюнча жыл сайын эле өзүбүздүн атайын иш чараларыбыз бар. Май айынын ортосунан кийин кар эрип, чек арадагы ашуулардын бардыгы ачылат. Бул мезгилде биздин ыкчам чек ара жоокерлерибиз ошол ашуулардын астына чыгышат. Азыр чек ара ашууларынын бардыгы текшерилген, ал жерлерде биздин күчтөрүбүз турат. Чек ара коопсуздугун сактаганга кудуретибиз жетет.

- Ошондо конкреттүү кандай иш чаралар уюштурулууда?

- Жалпысынан айтканда, Тажикстан менен ондон ашык атайын райондорду белгилегенбиз. Ошол райондордун ичинде чек ара ашууларына кирип кеткен коктулар бар. Ошолордун баарында биздин атайын күчтөрүбүз топтолгон, ошол жерлерде кызмат өтөп атышат азыр.

XS
SM
MD
LG