Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

“Адалдын” аки-чүкүсү


Бишкек шаарында тез тамактануу жайлардан тарта супермаркеттерге чейин “Халал” деген жазууларды көрүүгө болот.
Бишкек шаарында тез тамактануу жайлардан тарта супермаркеттерге чейин “Халал” деген жазууларды көрүүгө болот.

Бишкектеги Ислам борборунуни өкүлдөрү Кыргызстанда “адал” азык-түлүктөрдү колдонгон мусулмандардын укугу бузулуп жатканын айтып чыкты.

Бул тууралуу 21-февралда Бишкектеги маалымат жыйында айтылды. Аталган борбор өкүлдөрүнүн жүйөөсү боюнча, “Адал” (Халал) деген ат менен чыгарылып жаткан азыктардын баары эле адал стандартынын талаптарына жооп бербейт.

Талашка түшкөн демилге

Ислам борборунун өкүлдөрү Кыргызстандын Экономикалык тескөө министрлиги тарабынан алардын ишмердүүлүгүн токтотуу аракеттери көрүлүп жатканына даттанышты. Ислам борборунун алдындагы №30 адал техникалык комитетинин төрагасы Камчыбек Өмүрзаков бул маселеде кээ бир адамдардын жеке бизнестик кызыкчылыктары бар деген ойдо:
"Халал" өндүрүшүндөгү колбасалар

- “Кыргызстандарттан” Шамраев деген киши биздин комитетти жабуу үчүн Экономикалык тескөө министрлигине сунуш берип жатат. Ал эми бир кезде ЦАРИИ деген уюм болгон, билесиздер, ошондогу Максим Бакиевдин орун басары, жаңы дайындалган экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаевдин атынан да жабабыз деген кат келди. Бул жерде биздин, мусулмандардын укугун тебелеп, тепсегендик болуп жатат.


Ислам борборунун алдындагы №30 техникалык комитети 2008-жылдан тарта Малайзиянын адал стандартынын негизинде иштеп, Кыргызстандагы адал азык-түлүк өндүрүүнү каалаган ишканаларга уруксат күбөлүгүн берип келген.

Өмүрзаков президентке, өкмөт башчыга жана депутаттарга кайрылганын, негизинен алардын үч талабы бар экенин кошумчалады:

- Биринчи талап: өкмөт биздин ишибизге кийлигишпесин. Жогорку Кеңеш болобу, өкмөт болобу же министр болобу, бул жерде “Адал” менен бизнестин тиешеси жок. Экинчиси, Экономикалык тескөө министрлигинде адал өндүрүмдөрү деген бөлүм бар, ошону жоюп таштасын. Анткени, Муртазалиев, Шамраев, министрдин орун басары Панкратов, ошол эле Учкун Ташбаев адал продукциясын өндүрсөк, миллиондогон долларлар бар экен деген мааниде сүйлоп, мусулмандарга катуу сокку урууда. Үчүнчүдөн, өзүбүздүн муфтийге кайрылабыз.

Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин алдында 2009-жылы –Адал (халал) бөлүмү ачылган. Бөлүмдүн башчысы Урмат Жолдошев өлкөдөгү оор окуяларга байланыштуу бөлүм ойдогудай иштей албай келгенине токтолуп, жогорудагыдай дооматтарга мындай пикирин билдирди:

- 2008-жылы техникалык комитеттин демилгеси менен улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программасына эки стандарт киргизилген. Адал мейманкана жана адал колбаса боюнча. Иштеп чыгуу мөөнөтү 2009-жылдын төртүнчү кварталында деп аныкталып, 2010-жылдын биринчи кварталында министрлик бекитилмек. Бирок №30 техникалык комитети бүгүнкү күнгө чейин бул тармакта эч кандай практикалык иштерди жүргүзгөн эмес. Ошол стандарттарды иштеп чыкпагандыгына байланыштуу гана “Кыргызстандарт” №30 техникалык комитетинин иш-аракетин токтотуу же курамын карап чыгуу боюнча демилге көтөрүүдө.

“Адалдын” баары эле адал эмеспи?

Бишкектин 8-кичи районундагы мечиттин имамы Билалиддин Сайпиев ислам дининдеги адал менен арамдын айырмасын ажыратып берди:

- Арам деген сөз Куран аяттары, хадис-шарифтер менен, ошондой эле күчтүү далилдер менен айтылган. Ал кайтарылып, тыюу салынган деген сөз. Арамды ким Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн жасаба анда ал соопко жетет. Кимде-ким бул арам нерсени кылуучу болсо, анда ага азап бар. Эми “халал” тууралуу айта турган болсок, бул чечилген, уруксат берилген дегенди түшүндүрөт. Кыргызча адал деп айтылат.
"Халал" өндүрүшүндөгү азыктардын көргөзмөсү, Астана, 2010-жылдын 7-октябры.

Бишкек шаарында тез тамактануу жайлардан тарта супермаркеттерге чейин “халал” деген жазууларды көрүүгө болот. Бирок анын баарын эле адал, тагыраак айтканда, мусулманчылык эрежелер менен даярдалган тамактар, азык-түлүктөр деп айтууга болбойт дешет билермандар.

Ислам борборунун алдындагы №30 техникалык комитеттин адал тамактар боюнча эксперти Азамат Ташбаевди угалы:

- “Халал” деген сөздү өздөрү жазып алышкан. Динден такыр маалымат жок, адал дегендин маани-маңызын билбегендер. Башка диндеги адамдар да бар. Мейли башка динден, улуттан болсун, бирок адал мусулмандар үчүн болгондуктан, адал стандартына бир аз көз жүгүртүп, ойлонуп, адал стандартынын негизинде гана жасаш керек. Мал кандай союлат, эти кандай бышат, эти кандай даярдалат? Кимдер сатыш керeк? Булар мусулмандардын укугун түшүнүшү кажет.

Ал ортодо Экономикалык тескөө министрлигиндеги адал-халал бөлүмү адал азыктарын чыгарып жаткан ишканалардын тизмесин жарыялаганы турат. Бул үчүн өлкөнүн диний башкармалыгы менен биргеликте иш жүрүп жаткандыгын бөлүм башчысы Урмат Жолдошев айтат:

-“ Адал” деген ишканаларды муфтият аркылуу аныктап, алардын тизмеси муфтияттын сайтына, биздин расмий сайтка да, бүт жерге илинет.

Кыргызстан калкынын 80 пайыздан ашыгын ислам динин тутунат деп айтылат. Ошого жараша такыба момун-мусулмандар тарабынан тамактын жана азыктын кандай эттен жана кандай ыкма менен жасалып жатканына талап өсүп жаткан сыяктуу. Ошондон улам ар жерде “адал” деген ат менен сатылып жаткан азыктар менен тамактардын тек-жайына кызыгуу да, күмөн саноо да күч алып жаткан шекилденет.
XS
SM
MD
LG