Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Пахлавадан чыккан чыр


Жаш укук коргоочулар Жогорку Соттун алдында “Түрк жаранынын зомбулугуна кабылган кыргыз кызынын укугун тебелетпейбиз” деген ураан алдында акция өткөрүштү.

Ал арада Жогорку Сот Чолпон Орузбаевага кол көтөргөн Гүнеш Йылмаздын иши боюнча өкүм чыгарып, Йылмазды соттук териштирүү бүткүчө эки ай убактылуу тергөө абагында калтыруу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Ал эми Бишкек шаардык соту түрк жаранын камактан чыгарып, азыр Гүнештин кайда экени дайынсыз.


Жаштар Кеңеши деп аталган уюмдун мүчөлөрү Жогорку Сот алдына чыгып, колдоруна “Акыйкаттык кайда?”, “Абийирибизди акчага сатпайбыз!”, “ Сатылма сотторду сотко!” деген ураандарды кармап турушту.

Уюмдун мүчөлөрү кыргыз кызы Чолпон Орузбаевага кол көтөргөн Гүнеш Йылмаздын иши боюнча адилет чечим чыгарууну Жогорку Соттон талап кылып жатышат.

Кеңеш жетекчиси Мавлян Аскаров Кыргызстанда “чет элдиктердин кыргыз жарандарына зомбулук көрсөткөн учурлар арбын” экендигин белгилеп, бирок көбү жазасыз калып жатат деп, ал үчүн сотторду күнөөлөп өттү:
Гюнеш Йылмаз мени тепкенде ичегим айрылып кеткен экен. Күндүз шок абалында жүрө берипмин. Сызылып чыга берип кечкиге бир жерге чогулуп кан уюп калыптыр.

- Ички иштер министрлигинин, сот системасынын шалаакылыгынан жана сатылуу принциптери менен иштешинин негизинде башка мамлекеттин жарандары биздин мыйзамды, жаранарды сыйлабай ушундай кордук, зомбулуктарды көрсөтүп, мыйзамсыз иштерге барып атат.

Түрк жараны Гүнештин колунан запкы жеген Чолпон Орузбаеванын окуясын кыргыз журтуна "Азаттык" айтып чыккан. Эмесе окуянын таржымалын эсиңиздерге сала кетсек.

Ооруканадан ооруканага

16-апрелде Бишкектеги “Бета-Сторес-3” соода борборунда иштеген 36 жаштагы Гүнеш Йылмаз кол алдындагы Чолпон Орузбаеваны урганы тууралуу кабар келип түшкөн. Чолпондун айтымында, Йылмаз ага “эскиси сатылбай турса жаңы пахлаваны сатасың” деп ачууланыптыр.

- Мурда тийишип мейманкана, кафелерге чыкырып жүргөн. Эки-үч жолу кагып койгом. Катуу сөздөр менен эле айтып койгом, оюмда эч нерсе жок. Анан эле чыкты, "эскирип кеткен пахлаваны сатпай, жаңысын сатасың" деп себеп тапты да, ошондон уруп-согуп кирди.

Гүнеш Йылмаз мени тепкенде ичегим айрылып кеткен экен. Күндүз шок абалында жүрө берипмин. Сызылып чыга берип кечкиге бир жерге чогулуп кан уюп калыптыр.


Кийин Чолпон милиция чакырып, арызын жазып берген. Үйүнө кайтып, бирок кечке маал саламаттыгы начарлап, ооруканага жеткирилип, эки күн реанимацияда жаткан. Ошентип кыз баш-аягы 17 күн ооруканада болгон. Соттук-медициналык экспертиза “Орузбаеванын денесине оор жаракаттар келтирилген” деген корутундусун чыгарып берген.

Ал арада Биринчи май райондук соту Йылмазга карата Кылмыш кодексинин 104-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга ылайык түрк жараны кеминде 5-8-жылга чейин эркинен ажырамак.

Бирок Гүнеш Йылмаз Бишкек шаардык сотуна даттанып, экинчи инстанциядагы сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарылган.

Бишкек шаардык сотунун судьясы Людмила Нарынбаева Гүнеш Йылмаздын иши боюнча сот мыйзамдык негизде чечим чыгарганын “Азаттыкка” билдирди:

- Баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карап жаткан сот эки маселеге көңүл бурат: баш коргоо чарасы өзгөтүлүп жаткан адам тергөө иштерине жолтоо боло алабы же качып кетүү коркунучу барбы? Бул иш боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан адам бардык териштирүү иштери соңуна чыкканын айтып, “бул адам эч кимге жолтоо кыла албайт, ал качып кетет дегенге негиз жок”- деп айтты.

Анда Гүнеш Йылмаз кайда?

Бул чечимге канааттанбай калган Чолпон Орузбаеванын туугандары жана адвокаттары Жогорку Сотко кайрылышкан. 7-июнда Жогорку Сот баштапкы сот өкүмүн күчүндө калтырды. Ага ылайык, Гүнеш Йылмаз эки ай бою алдын ала тергөө камагында – СИЗОдо кармалууга тийиш. Бирок түрк жараны сотко келбеди. Анын адвокаты келип, Гүнеш тууралуу маалымат айтпастан кетип калды. Ал иштеген “Бета-Сторес” соода борборунан Гүнеш Йылмаз 1-июндан тарта иштен бошотулганын билдиришти.

Йылмаздын кайда экени тууралуу Бишкектеги Түркия элчилиги комментарий берүүдөн баш тартууда. Ал эми андан зомбулук көргөн Орзубаеванын жакындары “Йылмаз өлкөдөн чыгып кетти” деп чочулап жатышат. Чолпондун агасы Курманбек мындай божомолун ортого салды:

- Биз адвокаттарды жалдап атканда айтышты, буга чейин ушундай эки окуя болгон деп. Паспорту бул жерде алынган күндө деле булар Казакстан аркылуу чек арада 300 доллар берип өтүп кетет дейт. Анан тигил жерге барганда элчилик аркылуу “паспорт жоголду” деп эле жаңысын алып кетип калат экен. Ошондон улам биз да чочулап атабыз, бул да чыгып кетпейби деп.

Кыргызстанда жергиликтүү көптөгөн жаштар чет элдик компанияларга жалданып иштешет. Иш берүүчү менен жалданма жумушчулар ортосунда буга чейин ушул өңдүү окуялар катталган.

Серепчилер жалданмалар өз укуктарын билбегендигин жана эмгек тартибин буза тургандарын, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн ээн баштыгынан ушул сыяктуу окуялар катталат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG