Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Бажы биримдиги же СССРди эңсөө


Бажы биримдигине кирген үч өлкөнүн жетекчилери жолугушууда. Минск, 2009-жылдын 27-январы.
Бажы биримдигине кирген үч өлкөнүн жетекчилери жолугушууда. Минск, 2009-жылдын 27-январы.

Бажы биримдигине кошулган өлкөлөр болочокто бирдиктүү экономикалык алкакка жуурулушары пландалган. Андай шартта Бажы биримдигине кирген өлкөлөр ортосунда бажы, товарларга кошумча төлөмдөр деген болбойт.

Жарандар бул алкак ичинде СССР доорундагыдай эле тоскоолдуксуз жылып жүрө алышат. Ал арада бир катар ишкерлер Орусиянын экономикалык үстөмдүгүнөн коркушса, айрым саясатчылар эгемендүүлүк коркунучта турганын белгилешет.


Бажы биримдигинен пайда көрөбүзбү?


Бажы кызматы ишкерлерди чогултуп, Бажы биримдигине кошулуунун артыкчылыктарын түшүндүрүүгө аракет кылганы менен ишенбөөчүлүк кала берүүдө.

Кыргыз Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун айтымында, Бажы биримдигине кошулуунун артыкчылыктары көбүрөөк, кемчиликтери болсо аз эле. Ага кошулганда кыргыз товарлары үчүн 200 миллиондук рынокко жол ачылат. Кийим тигүү, азык-түлүк сыяктуу тармактар өнүгөт. Ал эми күйүүчү майлар сыяктуу стратегиялык товарлардын баасы арзан болот. Анын ырасташынча, бул сыяктуу стратегиялык товарларды башка өлкөлөрдөн ташып, диверсификациялоого мүмкүн болбой жатат. Андыктан Орусия менен Казакстанга ыктап, Бажы биримдигине кошулуу керек:

- Биз күйүүчү майларды диверсификациялоого аракет кылдык. Бүгүнкү күнү географиялык жактан алганда да, ишкерлик коомдун кызыкчылыгы боюнча да, Орусия менен Казакстандан башка жактан күйүүчү май ташууга, товарларды диверсификациялоого мүмкүн эмес. Рынок ушундай болуп атат. Иранды алсак, ал жакта деле Ирандын түндүк жагы күйүүчү майларды тээ аймактарынан ташып атат. Башкача айтканда ал жактан ташый албайбыз. Түркмөнстан болсо биржалык баа боюнча соода кылат. Биржалык баа деген күн сайын аныкталып турат. Ошондуктан ал жактан ала турган болсок, күйүүчү майдын баасы биз Орусия менен Казакстандан алганга караганда 40-50 пайыз кымбат болуп калат.

Бүгүнкү күндө Бажы биримдигине кошулуунун артыкчылыктары катары, кыргыз-казак чек арасында бажы бекеттеринин жоюла турганы, эмгек мигранттарынын бул аймакта тоскоолсуз жылып жүрүүсү жана азыркыдай эле Кытайдан арзан баадагы кездемелер келе бере турган болсо, тигүүчүлөрдүн өсүп-өнүгө турганы мисал келтирилүүдө.
Бийликтегилер көпчүлүк суроолорго жооп бере албай жатат. Өздөрү Бажы биримдиги тууралуу бүдөмүк гана түшүнүктөрү бар.


Кемчиликтер катары - азык-түлүк, жашылча-жемиштердин кескин кымбаттай турганы, Кытайдан келген товарларды реэкспорттоонун же алып сатуучулуктун азайышы, авто унаалардын дароо кымбаттай турганы, Дордой, Кара-Суу сыяктуу базарларда соода төмөндөй турганы жана Дүйнөлүк соода уюмуна айып пул төлөп калуу коркунучу мисал кылынууда.

Дүйнөлүк соода уюмунан чыгуу үчүн 1,5 миллиард доллардын тегерегинде айып пул төлөө керектигин эскерте кетели. Бирок азырынча кыргыз бийлиги бул уюмдан чыкпай эле Бажы биримдигине кирүүгө аракет кылып жатканын билдирүүдө.

Кыргызстандагы Эл аралык унаа базасынын өкүлү, ишкер Геннадий Виленский болсо Бажы биримдигине кирүүнүн кемчиликтерин гана көбүрөөк көрүп атканын айтат. Анын айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кошулган соң Орусиянын рыногуна айланып калуу коркунучу бар:

- Азырынча мен Кыргызстанды башка өлкөлөрдүн, Орусия, Казакстан, Беларустун товарларын керектөөчү гана объект катары көрүп жатам. Бизде болсо сунуштай турган эч нерсе жок, аны өзүбүз деле айтып атабыз го. Анан биз бул биримдикте эмне менен соода кылмак элек? Биздин кандай укуктарыбыз болот? Кандай шарттар менен ал жакка бизди кабыл алып атышат? Канча добушка ээ болобуз? Ушул нерселер маанилүү эмеспи. А биз булардын баарын билбейбиз азыр. Анан кантип талкуулайбыз эч нерсени билбей туруп. Булар болсо (бийликтер) билбей туруп эле киребиз деп күүлөнүп алышты. Биз конкреттүү суроолорду берип атабыз, көпчүлүк суроолорго жооп бере алышпайт. Баары тең кагаздан эптеп окуп атышат. Өздөрү Бажы биримдиги тууралуу бүдөмүк гана түшүнүктөрү бар. Эптеп эле даярданып алышкан.

Ишкер Геннадий Виленский ошондой эле Бажы биримдигин эски СССР империясындагы эрежелерге кайтуу аракети катары баалап, “анча болду эсил кайран Советтер Союзун кулатпай кармашса болмок” деди.


Саясий долбоор

Бул Орусиянын саясий долбоору болуп атат. Бир четинен бул Орусияга саясий жагынан пайдалуу болсо, экинчи четинен экономикалык жактан да абдан пайдалуу. Азыр бизден кыйла күчтүү Казакстанда унаалар кымбаттап жаман болуп атат. Беларусь эмне болгонун көрдүк.


“Promotank” компаниясынын директору Азамат Акелеевдин айтымында, Бажы биримдигине кошулуу менен Кыргызстандын Москвага көз карандылыгы азыркыдан да көбөйүп, советтер маалындагыдай баарын Кремль чечкен заман келүүсү мүмкүн. Экономикалык жактан алганда деле эң оболу Бажы биримдиги Орусиянын экономикасы үчүн иштемекчи:

- Бул Орусиянын саясий долбоору болуп атат. Бир четинен бул Орусияга саясий жагынан пайдалуу болсо, экинчи четинен экономикалык жактан да абдан пайдалуу. Мисалы азыр бизден кыйла күчтүү Казакстанда унаалар кымбаттап жаман болуп атат. Беларусь эмне болгонун көрдүк. Ал эми тескерисинче Орусиянын унаа экспорту, өндүрүшү бир нече эсе өсүп кетти. Бул ошол жеке Орусиянын кызыкчылыктары болуп атат. Кире турган болсок биз Орусияга иштеген регион сыяктуу болуп калабыз. Мүмкүн биздеги жумушсуздук кандайдыр бир деңгээлде жоюлат. Бирок көз карандылыгыбыз көбөйөт. Саясий эле эмес, экономикалык жактан да көз карандылык көбөйөт. Диверсификация жок болуп калат. Мурда СССР маалында биз чийки, толук иштетиле элек материалдарды гана камсыздаган өлкө эмес белек. Ошондой болуп калышыбыз мүмкүн да.

Бажы биримдигиндеги өлкөлөр бажылык төлөмдөрдөн түшкөн каражаттарды ар бир мүчө мамлекеттин экономикалык үлүшүнө жараша бөлүшөт. Ушул тапта Орусия бажыдан түшкөн каражаттардын 88 пайызын, Казакстан 7 пайызын, Беларусь 5 пайызын алат. Эгер Кыргыз Республикасы да буларга кошула турган болсо, анын үлүшү Беларустукунан да аз болмокчу. Добуш берүү укугун бөлгөндө деле Орусия өзү жалгыз чечүүчү добушка, башкача айтканда 53 же 57 пайыз добушка ээ болору пландалган. Демек, калган өлкөлөрдүн канча добушка ээ болору маанилүү деле эмес. Мындай шартта Бажы биримдигине кирген башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргыз Республикасы да көп багыттуу саясат дегенди биротоло жоготуп, Москвага багытталган бир тараптуу саясаттан чыга албай калары болжонууда.

Буга чейин Украинанын мурдагы экономика министри Сергей Терёхин Бажы биримдиги тууралуу билдирүүсү менен чыгып, Орусиянын өнөр жай жана соода министри Виктор Христенко Бажы биримдиги саясий гана долбоор экенин айтканын, мунун эч кандай экономикага тиешеси жоктугун жарыялаган. Белгилүү саясий ишмердин баасы боюнча, Орусия чексиз кожоюндук кыла турган Бажы биримдиги “маңыроолорду алдоо” долбоору болуп саналат. Бирок Бажы биримдигине кирген үч өлкөнүн төбөлдөрү жана ага кирүүгө аракеттенип аткан кыргыз бийликтери – “бул чоң мүмкүнчүлүк” деп ишендирүүгө аракеттенишүүдө.

Серепчилердин баамында, кыргыз бийликтери деле шайлоо алдында упай топтоп алуу, Кремлдин колдоосуна ээ болуу далалатын кылып, саясий максаттарды көздөшүүдө.

XS
SM
MD
LG