Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Дыйкандар: Буудайдын түшүмү мээнетти актаган жок


Дыйкандар быйыл түшүм өтө аз болгонун айтышууда. Баткенде 1 гектар жерден 15-18 центнерден буудай алынса, Жалал-Абадда бул көрсөткүч 10 центнерге чейин төмөндөп кеткен. “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга Жалал-Абад облусундагы “Кенч” айыл чарба кооперативинин башчысы Акыбай Сооронбаев жана Айыл чарба министрлигинин үрөөнчүлүктү өнүктүрүү департаментинин бөлүм башчысы Мухамед Насыров катышты.

“Азаттык”: Акыбай мырза, сиз көп жылдардан бери эле айыл чарба кооперативин түзүп, буудай-пахта жана башка эгиндерди айдап келе жатасыз. Быйылкы түшүмдүүлүктүн аздыгына эмне себеп болду? Жогоруда биз айткандай өткөн жылкы саясий окуялардын кесепетиби?

Сооронбаев: Негизги себептердин бири – минералдык жер семирткичтердин, күйүүчү майдын кымбаттыгы, кургакчылык, суунун жетишсиздиги да терс таасирин тийгизди. Ошондой эле дыйкандарда которуштуруп айдоо мүмкүнчүлүгү да жок. Айыл чарба техникаларынын жетишсиздигине да байланыштуу болду. Себептер көп, бирок негизгилери мына ушулар.

“Азаттык”: Өзүңүз буудайдан канча түшүм алдыңыз?

Сооронбаев: Биздин кооператив 130 гектар жерге буудай айдадык, орточо 27 центнерден түшүм алдык. Анын ичинде 20 центнерден да, 40 центнерден да бар.

“Азаттык”: Бул өтө эле аз көрсөткүч эмес го?

Сооронбаев: Аз көрсөткүч. Анткени мээнет менен чыгым акталбай калып жатат.

“Азаттык”: Мухамед мырза, Баткен менен Жалал-Абад тууралуу айтылып кетти. Башка аймактарда буудайдын түшүмдүүлүгү кандай болду? Расмий маалыматтар эмне дейт?

Насыров: Акыбай мырза түшүмдүүлүктүн төмөн болуп жатышына себептер тууралуу эң туура айтып кетти. Быйылкы жылы март-апрель айларындагы кургакчылык түшүмгө терс таасирин тийгизди.

Мындан тышкары минералдык жер семирткичтердин кымбаттыгы болду. Ошого карабастан биздин колунан берекеси төгүлгөн дыйкандарыбыз өз аракеттерин көрүп, жакшы түшүм алууга аракеттеништи.

Жалпы республика боюнча 631 миң гектар жерге буудай айдалган, бүгүнкү күнгө чейин 585 миң гектар аянты орулуп бүттү. Түшүмдүүлүк ар бир гектар жерден орточо эсеп менен 26,2 центнерден айланды. Бул былтыркы жылга караганда 7 центнерге көп. Мындайча айтканда быйыл дыйкандардын кампасына 1 млн. 500 миң тонна дан түштү.

“Азаттык”: 1,5 млн. тонна деп өтө эле ашыкча айтылган жокпу? Мына сиз азыр бизге айтып жаткан, сиздерге жергиликтүү бийликтер чогултуп берген көрсөткүчтөр канчалык деңгээлде анык?



“Азаттык”: Мухамед мырза, дыйкандар айдаган буудайынан орто эсеп менен 20 центнерден түшүм алганда деле аны өндүрүүгө кеткен чыгымын актайбы? Анткени быйыл күйүүчү майдын баасы жер-жерлерде 45 сомго, жер семирткичтин килосу 25-30 сомго чыгып кетти.

Насыров: Ачыгын айтуу керек, 25 центнерден кем болуп калса түшүм, анда чыгымды актабайт. Эгер 25-30 центерден алганда гана бир аз пайда көрөт.

Сооронбаев: Ошол чыгаша акталбасына көзү жеткен көпчүлүк дыйкандар быйыл буудайларын оруп алган жок, жүздөгөн гектар жерлер калып кетти. Анткени түшүмдү ордурууга да комбайнга чыгым жана башка чыгашалар талап кылынат. Мына ошол жерлердин түшүмдөрү да эгилди, алынды деп отчетко кетти. Орулбай калды деген статистикада маалымат жок. Ошол жерлердин айыл өкмөттөрү, акимдер баары бир маалымат беришти.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG