Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

БШК шайлоонун алдын-ала жыйынтыгын чыгарды


Добуштарды эсептөө. Ош, 2011-жылдын 30-октябры.
Добуштарды эсептөө. Ош, 2011-жылдын 30-октябры.

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, шайлоочулардын эң көп добушун Алмазбек Атамбаев алып, 50 пайыздык тоскоолдуктан өттү.

Экинчи орунда Адахан Мадумаров келе жатса, үчүнчүгө Камчыбек Ташиев чыкты. Добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыгы Кыргызстандын түштүк аймагында шайлоочулардын добуш берүүсү солгун болгондугун көрсөттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган системасындагы соңку маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү добушканаларда бюллетендердин 98,6 пайызы каралып чыкты. Ага ылайык, шайлоочулардын 63 пайызынан көбү Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев үчүн добуш беришти.

Бишкектеги добуш берүү
Бишкектеги добуш берүү
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоочулардын 14,76 пайыз добушун алса, “Ата-Журттун” лидери Камчыбек Ташиев 14,3 пайыз добушка ээ болуп, үчүнчү орунга чыкты. Калган 13 талапкердин добуштары бир пайызга да жеткен жок.

Жалпысынан президенттик шайлоого 1 миллион 827 миң 800дөн ашык адам катышса, алардын 9 миңден ашыгы бардыгына каршы деп жооп беришти.

Боршайком төрагасы Туйгуналы Абдраимов шайлоо жыйынтыгынна мындайча токтолду:

- Негизинен шайлоо бүт республика боюнча тынч өттү. Өтө одоно, көп мыйзам бузуулар болгон жок. Бюллетенди тобу менен салабыз деп кармалган шайлоо бекеттери боюнча аймактык шайлоо комиссияларына карап чыккыла деген жолдомо бердик. Алар карап чыгып, ошондой одоно мыйзам бузуулар болгон жердеги шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылат.

Президенттик шайлоодо Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында шайлоочулардын адаттагыдан аз келгени байкалды. Маселен, Ош облусунда 637 миңден ашык шайлоочунун 51 пайыздан саал ашыгыраагы гана добуш берүүгө катышкан. Жалал-Абадда 540 миңден ашуун шайлоочунун 48% шайлоого келген. Ошол эле учурда Чүй, Таласта шайлоочулардын 80 пайыздан ашыгы добуш берген.

Ошентип былтыркы апрель окуясынан кийин Кыргызстанда биринчи жолу президенттик шайлоо өттү. Буга чейин Кыргызстандагы президенттик таймаш негизги үч талапкердин айланасындагы жүрөөрү айтылган. Ошондой эле өлкө башчысы экинчи турдан кийин гана белгилүү болот дегендер да болгон.

Алардын бири, саясат талдоочу Медет Түлөгөнов шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу өз пикири менен бөлүштү:

- Мен экинчи тур болот деп ойлогом. Анткени шайлоого чейинки сурамжылоолордо добушун кимге берерин билбеген жарандар көп экени айтылган эле. Бирок бул болжолдоолор туура келген жок. Ошентсе да добуштардын негизги үч талапкердин айланасында топтолоору күтүлгөн эле жыйынтык болчу. Шайлоодо бир катар мыйзам бузуулар болгонуна карабастан, алар массалык мүнөзгө ээ болгон жок деп ойлойм. Менин көз карашым боюнча, бул шайлоонун жалпы жыйынтыгын Боршайком берген маалыматтарда көрсөтүп турат.

Мыйзамга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы 20 календардык күңдөн кем калбай шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга тийиш. Бирок БШК төрагасы бир аптанын ичинде так жыйынтыкты жарыялоо мүмкүндүгүн билдирүүдө. Былтыр кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, өлкө президенти алты жылга шайланмакчы.


Кыргызстанда президенттик шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

XS
SM
MD
LG