Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Сатыбалдиев: Курулуш эки жарым айга кечикти


Оштоугу курулуш иштери, 14-октябрь 2011-жыл.
Оштоугу курулуш иштери, 14-октябрь 2011-жыл.

Ош, Жалал-Абад шаарларынын калыбына келтирүү боюнча мамдирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев июнь коогасында жапа чеккендерди үй менен камсыз кылуу иштери жөнүндө кеп салат.

- Мына кыштын илеби сезилип, суук түштү. Ош жана Жалал-Абадда июнь коогалаңында жабыркаган канча адам үйлүү болушту?

- Былтыркы май, июнь окуяларында жалпысынан 1870 үй күйүп кеткен. Былтыркы жылы эки бөлмөлүү 28 чарчы метр, үч бөлмөлүү 38 чарчы метрдик өткөөл үйлөр бардык жапа чеккен үй-бүлөлөргө берилген. Экинчи фазасы быйылкы жылы объективдүү себептер менен, келишимдерге кол коюу, каржы булактарды табуу маселелерине байланыштуу эки жарым айга кечигип калдык.

Ошондуктан быйылкы жылы анча-мынча маалымат каражаттарында жапа чеккендерден интервьюларды, сыналгыдан да, радиодон да көрдүм. “Биздин үйлөр бүтпөй калды” деп доомат коюп жатышат. Бирок ал үйлөр сөзсүз түрдө бүтөт. Кышка канчалык даяр болсок дагы, кыш айттырбай келет деген чындык болуп жатат. Бир эле жапа чеккендер эмес, карапайым эл деле бүгүнкү күнгө чейин көмүр албаганы факт экенин моюнга алуу керек.

- Эки жарым айга кечигип калдык дегенде, канча үй жөнүндө кеп болуп жатат?

- 1640 үй жөнүндө сөз болуп жатат. Былтыр 140 үй толук бүтүп, менчик ээлерине берилген. Калгандарынын бардыгынын жашай турган жерлери бар. Эки-үч бөлмөлүү убактылуу үйлөр бар. Андай абалда Кыргызстанда бүгүнкү күндө көп эле адамдар жашап жатат. Ал үйлөрдүн ар биринде меши бар. Бир бөлмөсү тамак иче турган, бир бөлмөсүндө жата турган жерлери бар.

Ооба, укук коргоочулар, жапа чеккен карапайым элди түшүнсө болот. Каржы табуу, жергиликтүү бийлик менен курулуш көзөмөлдөөчүлөрдүн макулдугун алуу көпкө узарып кеткенине байланыштуу быйыл кеч калып калган факты бар.

- Натыйжада кыш түшкөндөн кийин бул курулуштардын абалы эмне болот? Жазда эле уланабы?

- Эми сапатына мүчүлүш боло турган курулуш иштерди токтотобуз. Ал эми сапатка зыяны жок болбой турган дубалдын үстүн жабуу өңдүү процесстер жүрө берет.

Объектилерди кыдырып жүрөм. Азыр бардык жерде иш жүрүп, токтогон жокпуз. Эми кемчиликтер бар. Биз кышты өтө тез келип калат деп ойлогон эмеспиз. Биз ойлодук эле, былтыркыдай болот деп кудайдан сурандык эле. Дагы кудайдан суранабыз. Аба ырайы жакшы болсо, биз өзүбүзгө алган милдеттенмелерди аткарат элек. Былтыр биз декабрдын аягына дейре иштегенбиз.

- Дирекциянын аткарып жаткан ишин байкоого алган жарандык коомдун өкүлдөрү Ошто салынып жаткан көп кабаттуу үйлөр, социалдык объектилер, маселен Кара-Суудагы Толстой мектеби талапка, стандартка жооп бербейт дешет. Салынган имараттар канчалык бышык жана сапаттуу?

- Эми алардын өздөрүнүн ой-пикири. Жарандык коом кайсы жерди көрүп айтып калышы мүмкүн, билбейм. Бардык курулуш нормадагы тартипте курулуп жатат. Ал үчүн көзөмөлдөө органдары да турат. Биз турабыз, курулушчулар турат. Бир жерде боёгу түшүп калыптыр деп эле, сапатсыз деп айтса анда туура эмес.

Биз жарандык коом менен сүйлөшкөнбүз, көргөнбүз. Мисалы, Толстой мектебинин боёгу чыгып кетиптир дейт. Эми анын бир жылдык кепилдиги бар. Аны курулушчулар өздөрү аткарып беришет. Мамлекет тарабынан бир да тыйын кетпейт.

- Ошол эле бейөкмөт уюмдар бир катар көп кабаттуу имараттар мэриянын балансына киргизилбей туруп эле колдонууга берилип кетти, кызыкчылыктар болду деген сындарды айтып жатышат. Буларга кандай комментарий бересиз?

- Мен кээде такыр түшүнбөйм. Бардыгыбыз мыйзамдуу түрдө жашагыбыз келет. Былтыркы Ош окуясы, май-июнь окуясы өзү мыйзамдуу болду беле? Ошон үчүн муктаж болгон кишилерге, мен ойлойм, аны карабай туруп бериш керек. Ал эмес мына даяр болгон үйлөр эмгичекти бөлүнө элек.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG