Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

ИИМдин ишине ичи чыкпагандар арбын


Министр Зарылбек Рысалиев кыргыз милициясы түзүлгөнүнүн 86 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында, 2010-жылдын 1-ноябры.
Министр Зарылбек Рысалиев кыргыз милициясы түзүлгөнүнүн 86 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында, 2010-жылдын 1-ноябры.

Кыргыз коомчулугунда кылмыштуулукка каршы айныксыз күрөш жүргүзө албай жатат деп милициянын ишине канааттанбагандар көп.

Быйылкы жылдын өткөн он бир айында уюшкан кылмыштарга байланыштуу 289 иш ачылып, алардын 200дөн ашыгы кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө тиешелүү болгон. Кармалгандардын жарымына жакынына жаза чектелген. Бул тууралуу 5-декабрдагы маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын өкүлдөрү билдиришти.


Чабактары камакта, "киттеричи"?


Уюшкан кылмыштуулуккка күрөштү жакшы жүргүзө элекпиз. Жөн эле майдаларын кармап алып, кармадык деген болбойт.
Турат Мадылбеков


Министрликтин тергөө башкы башкармалыгынын башчысы Кубатбек Ноорузбаевдин билдиришинче, уюшкан кылмыштардын бетин ачуу боюнча быйыл күч органдары натыйжалуу иш жүргүздү:

- Катталган кылмыш иштеринин ичинен 289 кылмыш иши уюшкан кылмышка байлыныштуу козголду. Бул кылмыш иштери 231 уюшкан топтордун мүчөлөрүнө ачылды. Мунун 167и сотко өткөрүлүп берилди, 97 адам жазага тартылды. Муну менен катар 35 кылмыш иши сот тарабынан токтотулду. Ал эми эки адам каза болгонуна байланыштуу токтотулду. Бир кылмышкер мунапыстын негизинде бошотулду.

Өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка каршы ыкчам сокку урулуп келатканына бул тармакты тейлеген адистер бекем ишенишет. Бирок коомчулукта бул күрөш «бармак басты, көз кысты» ыңгайында жүрүп жатат деп, милицияга ичи чыкпагандар да арбын.

Жогорку Кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Турат Мадылбековдун айтымында, Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүп жатат деген пикирди жаратуу үчүн кылмыш дүйнөсүнүн «чабактарын» кармоо менен гана алек. Анын пикиринде, коом үчүн коркунуч жараткан кылмышкерлер дале эркиндикте:

- Уюшкан кылмыштуулукка күрөштү жакшы жүргүзө элекпиз. Мисалы, чоң-чоң "акулаларды" биз кармай элекпиз. Ошолор кимдер эле, кимдерди кармай элекпиз деп караш керек? Анан жөн эле майдаларын кармап алып, кармадык деген болбойт.

Бирин кармап, экинчисин бошотуп…
«Водолаз» бошонгонун уккан милиция кызматкерлери аябай кейишти. «Канча кыйынчылык менен кармап келсек, анан ушунтип бошонуп келип, түлөө өткөзүп жатат», - деп айтып жатышты.
Азиза Абдрасулова

Буга чейин Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн ана башы саналган Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна сокку урулуп жатканы айтылып жаткан эле. Көлбаев жан-жөкөрлөрү Алмамбет Анапияев, Адилет Касенов менен Дубайдын полициясы тарабынан колго түшүрүлүп, бирок кайрадан боштондукка чыгарылганы айтылган.
Бирок Көлбаевдин кылмыштуу тобуна сокку урулганы менен кылмыш дүйнөсүндөгү анын каршылашы «Водолаз» аттуу каймана атты алып жүргөн Максат Абакировдун мунапыстын негизинде боштондукка чыгарылышы коомдо ар түркүн пикирди жаратты.

Мындай кадам уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкө болгон ишенимди азайтканын укук коргоочу, ИИМдин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү Азиза Абдрасулова айтат:

- Биздин топ Балыкчыга барсак «Водолаз» деген адам түрмөдөн чыгып келип, түлөө өткөрүп жатыптыр. Муну көрүп милиция кызматкерлери аябай кейишти. Алар «канча кыйынчылык менен кармап келсек, анан ушунтип бошонуп келип, түлөө өткөрүп жатат» деп айтып жатышты. Бул бир жагынан бизде кылмыштуулук менен күрөштү милицияга эле жүктөп койбой баарыбыз бирдиктүү күрөш жүргүзүү керектигин билдирет. Анан милиция барып кармап келсе, башкасы бошотуп койсо болбойт да.

Коомчулукта уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бийлик төбөлдөрү менен мамилеси бар деген пикирлер да арбын айтылып келет.

Ал ортодо интернет баракчаларында Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун Камчы Көлбаев менен Караколдогу «Каприз» мейманканасында жолукканы жана Дубайга чогуу учканы тууралуу маалыматтар таратылды. Буга чейин парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын мүчөлөрү Акматбек Келдибековду мамлекеттик ишмерге ылайыксыз кадамдарга барды, кызматын кыянаттык менен пайдаланды деген өндүү дооматтарды айтып чыккан.

Мындай айыптоолорду четке каккан парламент төрагасы болсо сотко кайрылаарын билдирип жатат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG