Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Мендес: Кыйноо - Кыргызстанда кеңири тараган көрүнүш


БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда. Бишкек, 12-декабрь.
БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда. Бишкек, 12-декабрь.

БУУнун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес Бишкектеги маалымат жыйынында кыйноо Кыргызстанда кеңири тараган көрүнүш деп баалады.

Анын айтымында, кыйноо көбүнесе милиция тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалган алгачкы сааттарда колдонулат.


Кыйноонун кайсы түрү көп колдонулат?


Бириккен Улуттар уюмунун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендестин белгилешинче, Кыргызстанда кыйноонун башына желим баштык кийгизип муунтуу, электрошок колдонуу, уруп-сабоо, газ менен ууландыруу сыяктуу түрлөрү пайдаланылат. Мындай мамиле кылмышка шектүүлөр кармалган биринчи сааттарда жана кылмышты иликтөөнүн формалдуу эмес бөлүгүндө колдонулат.
2011-жылдын 10 айында ИИМ кызматкерлерине карата сегиз кылмыш иши козголсо, анын экөө гана сотко өткөрүлгөн. Сот бул боюнча дагы деле өкүмүн чыгара элек.Хуан Мендес

БУУнун өкүлү кыйноо фактыларын азайтуу үчүн бейтарап соттук-экспертиза болушун сунуштады:

- Соттор менен прокурорлор милициянын кармоочу жайынан алып келинген жарандардан кандай кыйноолорго кабылганын такай сурап-билүүсүн сунуш кылаар элем. Стамбул протоколуна ылайык, тийиштүү медициналык текшерүүгө көргөзмө берүүсү зарыл. Жабык кармоочу жайлардагы медициналык кызматкерлер Жаза аткаруу башкармалыгына көз каранды болбой, Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилишине чакырар элем.

Ошондой эле соттук-медициналык кызматкерлер кыйноолорду кантип аныктоо жана жабыр тарткандарды кандай дарылоо боюнча атайын даярдыктан өтүүсү керек. Компетенттүү, көз карандысыз жана бейтарап соттук-экспертизалык системанын болушун камсыздообуз зарыл.


Хуан Мандес кыйноо фактылары боюнча ыкчам, натыйжалуу, кылдат жана калыс иликтөөлөрдүн жоктугу кабатырлантаарын да белгиледи. Анткени ушул багытта жолуккан айрым жетекчилер кыйноо колдонгону үчүн камалган же жоопкерчиликке тартылган бир да учурду айта алган эмес:

- 2011-жылдын 10 айында ИИМ кызматкерлерине карата сегиз кылмыш иши козголсо, анын экөө гана сотко өткөрүлгөн. Ал эми сот бул боюнча дагы деле өкүмүн чыгара элек.


Абактардын абалы аянычтуу


Анткен менен милиция өзүнүн дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда. ИИМдин ички коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Талант Мурзакматов кылмышка шектүү адам жоопкерчиликтен качыш үчүн деле кыйноо болду деп айтып коюшу мүмкүн деп эсептейт:

- Жоопкерчиликтен чыгып кетүү үчүн башыма пакет кийгизди, сабады жана башка деп айтып коюшу мүмкүн. Биз жана оперкызматкерлердин жетекчилери да иш-чараларды көрүп атабыз. Жетекчилер кызматкерлер менен сүйлөшүп, үйрөтүп жатышат. Кыйнап эле мойнуна алдырат дегенге биз анча макул эмеспиз. Мурда болсо болгондур, бирок быйыл кыйноо боюнча 8 иш козголгон.
Абактар абдан начар абалда. Эл аралык коомчулук биринчиден, соттолуучуларды кармоо жагдайын кескин жакшыртууга жардам берет деп үмүттөнөбүз. Алмазбек Атамбаев

БУУнун баяндамачысынын айтымында, денесине залака келтирген кыйноолордон тышкары айрым жабык жайларда адамдарды кармоо шарты өтө начар. Мендес ушундай шарттагы эки-үч убактылуу кармоо жайын жабууну сунуштады.

Ошондой эле 2010-жылы июнь окуясы боюнча айыпталып жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун абалына да токтолду:

- Мен Азимжан Аскаровду өзгөчө белгилеп кетким келет. Бишкек СИЗОсунда аны менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болду. Ал абактын жертөлөсүндөгү бир кишилик камерада экендигине карабастан абалы жакшы, интеллектуалдык жактан абдан активдүү экен. Анын иши Жогорку Сотто жакында каралат, аны өмүр бою абакка кармоого чыккан адилетсиз чечим жокко чыгарылат деген ишенимде турам.

Хуан Мендес баштаган делегация бир аптанын ичинде Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев, бир катар депутаттар жана жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушту. Өз кезегинде мамлекет башчы абактардагы абалды жакшыртып, кыйноолорго каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүлө турганын белгилеген болчу.

- Албетте бул жааттагы абал мени тынчсыздандырат. Тилекке каршы абак жайлардын, түрмөлөрдүн өзү абдан начар абалда. Эл аралык коомчулук соттолуучуларды кармоо жагдайын кескин жакшыртууга жардам берет деп үмүттөнөбүз.

Маалыматка ылайык, кыйноо боюнча абалды аныктоо үчүн 50дөн ашуун адам тартылган. Алардын катарында кыйноого кабылгандар да бар. Мендес болсо кыргыз өкмөтү тарабынан анын иш сапарына тоскоолдуктар болбогонун белгилөөдө. Болгону 2 убактылуу кармоочу жайга кирүүсү көпкө кармалгандыктан, айрым пландалган жолугушуулары болбой калган.

БУУнун баяндамачысын Кыргызстанга мамлекет жетекчилиги чакырган. Мендес Кыргызстан бул маселени чече алат деп ишенерин билдирди. Эми ал кыйноолорду болтурбоо боюнча өз сунуштарын жазып, 3-4 жуманын ичинде толук вариантын кыргыз өкмөтүнө берет.

Хуан Мендес баштаган делегация Кыргызстандагы абал менен жакындан таанышып, абалды оңдоо үчүн сунуштарды иштеп чыгуу максатында 5-декабрда келген. Бир аптадан ашуун убакыттын ичинде тергөө абактар, убактылуу кармоочу жайлар жана психо-неврологиялык, психиатрия ооруканасы болуп, 15 жабык жайды кыдырып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG