Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Жашоо, турмуш кайда алып барбады...


Пакистандагы кыргыз элчилигинде президенттик шайлоодо добуш берүү. 30.10.2011 (Сүрөттүн блогдун каармандарына байланышы жок - Азаттык)
Пакистандагы кыргыз элчилигинде президенттик шайлоодо добуш берүү. 30.10.2011 (Сүрөттүн блогдун каармандарына байланышы жок - Азаттык)
Менин бул баянды жазуума көп кыргыз кыздарынын жашоо турмушу, ыйы, көз жашы түрткү болду. Мен жазуучу эмесмин, бирок ушул баян бизден кийинки муундарга, кыргыз кыздарына сабак болоорун үмүт менен жазып кетээр элем. Биз кетирген кемчиликтерди кийинки муундар кетирбесе деп үмүт кылаар элем.

Жашоо, турмуш бардык эле жерде, бардык эле элде кыйын болот. Бирок бөтөн эл, бөтөн жерде турмуш башкача татаал болуп сезилет, себеби ыйлап ыйыңды, ички сырыңды айта албай, же кол берип жардам бере турганың жок - ошондо апаңын айткан сөзү эске келет. «Балам, бармагыңдын башын тиштеп, аттиң, эмнеге апамын сөзүн укпадым экен деп ыйлаганыңда - сенден биз алыс болобуз, балам», -деп айтканы зырт этип жүрөктү өйүп алгандай сезим берип, эки көз жашка толот. Биз бешене деп, бешенеге шылтап коёбуз. Бирок ошо бешенени түзгөн - өзүбүз. Аны мен турмуш куруп, анан келип эми мына түшүнүп жатам. Адам өз убагында талкуулап, өз убагында түшүнө алса мындай каталыктар болбосо керек эле деп ойлойм.

Мен өзүм Пакистанда турам, турмуш курганыма 10 жылдан ашты. Кудайым берген эки балам бар. Мен өзүм аракетчил болгонумданбы, тез эле жумушка кирип, иштеп калдым. Арадан көп өтпөй башка кыргыз кыздары менен тааныша баштадым, себеби жумушумдун алар менен байланышы бар. Мага окшоп кыргыз кыздардын көбү турмуш куруп келгендер. Арадан көп өтпөй эле ар кылдуу маселелер пайда болот.

Пакистанда айта берсек арман көп дегендей, аялзатына кыйын келет. Себеби эми эле аялзаты укуктуу болбосо, башта укуксуз болгон. Саясатка киришпей эле коёлу, мисалга алып жаза кетсек, аялзаты базарга же кайда барбасын жалгыз жол жүргөнгө укугу жок, айыл жерлерде паранжа кийиш керек. Жайында аба ырайы 50 градуска чейин чыгат. Айыл жерлеринде свет тез-тез өчүп турат, колунда бар үй-бүлө генератор алып колдоно албаса, көп үй-бүлө ага шарты жок.

Биздин кыздар көбү айыл жерлеринде турушат. Кыздардын баарынын 3, же 4 баласы бар. Балдарынын экөөнүн туулганы тууралуу күбөлүгү болсо үчүнчүсүндө жок. Кээ бири элчиликте каттоодо турса, кээ бири элчилик эмне экенин билбейт. Бул жерде турмуш - мисалга ала кетсек, биздин кошуна өзбек элинин турмуш-салттарына окшошуп кетет. Бир короодо чогуу жашагандары, кийген кийимдери, кээ бир сөздөрү дагы окшош.

Биздин кыздардын көбү үй-бүлө маселеси менен чалып, кээ бирөөсү ыйлап бугун чыгарса, кээ бирөөсү эмне кылам, Кыргызстанга кантип кетем деген суроо берип жүрөктү оорутат. Мисалга бир экөөнүн турмушун жаза кетсем. Атын жазбай эле жалпы кыздар деп атам. Ошо кыздардын кээ бирөөсү жакшы турмушта жашаса, кээ бирөөсү турмуштан тажап, эмне кылаарын билбей, эптеп күн өтсө болду деген ой менен жүргөндөрү да көп.

Бир кыргыз кыз айыл жеринде турат, өзү жогоркуу билимдуу врач-гинеколог. Айыл жеринде врач-гинеколог абдан баркталат, себеби айылда андай дарыгерлер аз. Ошол кыз өзүнө кичинекей клиника ачып иштейт, акчаны жакшы таап, жолдошунун үй-бүлөсүн дагы бага баштайт. Жолдошу менен кандай мамиледе билбейм, бирок өзүнүн айтымында аны өтө кордойт. Урат, коркутат, «сенин кимиң бар эле, бул жерде өлүп калсаң да сени эч ким издеп келбейт» деп айтат, жада калса паспортун да алып алган. Эми үчүнчү баласы төрөлүп, анын туулганы тууралуу күбөлүгү да жок, же элчилике келип күбөлүк алайын десе жолдошу ага да макул болбойт. Ошентип кыргыздын бир жараны кудайга ыйласа ыйы, сураса колу жетпей, өзүн күнөөлөп жүрөт, эч бир үмүтсүз маңкурт болуп.

Жаза берсем, урматтуу окурман, ушуга окшогон маселелер абдан көп. Биздин кыздардын көбүнүн көйгөйлөрү ушундай. Аны ким чечет? Ага ким күнөөлүү? Албетте, башынан ойлонбогон өзүбүз күнөөлүүбүз, жаман болсо да өз эл, өз жериңен өтөөр эч нерсе жок экен. Бул баян кичине болсо да бизден кийинки муундарга сабак болоорун үмүттөнүп жазып жатам.

(Автор аты-жөнүн жазган эмес)
XS
SM
MD
LG