Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Токтогулда башка динге өткөн адамдын үйүн өрттөп кетишти


Айрым изилдөөлөр боюнча, христианчылыктын протестанттык багытын тутунган кыргыз жаштарынын саны өсүүдө.
Айрым изилдөөлөр боюнча, христианчылыктын протестанттык багытын тутунган кыргыз жаштарынын саны өсүүдө.

Токтогул шаарчасынын төрт тургуну христиандыкты кабыл алып, "Жахабанын күбөлөрү" агымына кирген адамдын үйүн өрттөп жиберди.

Укук коргоо органдары бул иш боюнча кылмыш иши козголгонун, ал эми үйү өрттөлгөн жаран коопсуздугунан чочулап, башка жакта жашап жатканын билдирди. Башка динди кабылдаган кыргыздар менен мусулман кыргыздар ортосунда чырлар буга чейин да өлкөнүн ар кайсы аймактарында болуп келген. Көбүнчө христианчылыкты тутунуп кеткен кандаштары каза тапканда көмүүгө жер бербей койгон окуялар катталган. Кыргызстан диний эркиндик жарыяланган өлкө катары белгилүү.

Дин тутуу эркиндигине көлөкө

Токтогул шаарчасынынын тургуну, тарса же болбосо христиан дининин протестанттык багытындагы "Жахаба күбөлөрүнүн" мүчөсү болгон адамдын үйү 70 пайыз күйүп кеткен. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаевдин айтымында, окуя 17-майда болуп, кылмышка шектүү 4 адам кармалган.

- Үйдү ошол максатта өрттөшкөн. Ал мезгилде үйдүн ээси үйүндө болгон эмес. Үй өрттөлгөндөн кийин бул төрт баланын ичинен экөөсүнө кылмыш ишин козголгон.

Сусунбаев кылмыш иши козголгон эки адам азыр үй камагында экенин кошумчалады.

Бул окуя кыргызстандык протестанттарды кыйла кабатыр кылууда. Алардын айтымында, Токтогулдагы окуя Кыргызстандагы диний эркиндикке доо кетирип койду. Бул диндин өкүлү Нарысбектин белгилешинче, башка динди карманып кеткен кыргыздар жектөөгө арбын кабылып жатат.

-“Сен эмнеге диниңди сатып кеттиң, башкалар сага акча төлөп жатабы? Ошон үчүн силер диниңерди саткансыңар, сатылып кеткенсиңер” деген сөздөр айтылат. Мен болсо аларга Кудайды ар ким өзүнүн жүрөгү менен тааныйт. Динде адам сатылып алынбайт деп айтам. Кудайдын адамдын жүрөгүнө салган өз ишеними бар. Ал эми кайсы жолду тандайт, ал ар бир адамдын өз иши.

Көп диндүү Кыргызстан

Диний кырдаалга көз салган бир катар жарандык уюмдар жер-жерлерде диний негизде касташуу күч алып жатканын билдирүүдө. 100гө жакын улуттун өкүлү байырлаган Кыргызстанда Совет доорунда негизинен ислам, тарса жана иудаизм салттуу дин катары өкүм сүрүп келген. Ал эми эгемендик алгандан тарта дин эркиндиги жарыяланып, азыр өлкөдө 30дан ашык багыттагы жүздөгөн диний уюмдар иш алып барууда.

Дин таануу борборунун аналитиги Индира Асланова дин жаатында мамлекеттик туруктуу саясат жоктугунан конфессиялар аралык араздашуулар болуп жатат деп эсептейт.

- Кыргызстан көп диндүү өлкө экени факт. Муну моюнга алыш керек. Кыргыздардын арасынан башка динге өтүп кеткендер бар. Бирок биздин түшүнүктө башка динге өтүп кетсе эле ал чыккынчылык катары саналып жүрөт. Эгер ушул диндердин үстүндө турган мамлекеттик идеология болгондо, андай көйгөйлөр болмок эмес.

Кыргызстанда калктын 80 пайызы мусулман экендиги айтылып жүрөт. Ошондуктанбы, башка ишенимге өткөн мекендештерине мусулмандар арасында нааразылык күч.

“Дил мүрөгү” адеп-ахлак борборунун жетекчиси Өзбек ажы Чотонов нааразы болууга жөндүү себептер бардыгын айтат:

- Башка диндегилер өз улутташтарын өз динине чакырып, даават кылса, ага эч кимдин каршылыгы жок. Бирок биздин үй-бүлөнү башка динге үгүттөсө, ага биз каршы болушубуз керек. Анткени, үй-бүлөбүз бузулат, балдарыбыздын көз карашы өзгөрөт. Биздин менталитетке, дегеле бизге каршы иштерди жасай баштайт. Мисалы, алар Куран окубай калышат. Жакшы нерселерди убада кылып, же сүйлөп койсо эле булар жакшы экен дебеш керек. Христиан, мусулман болуп, экиге бөлүнүп калган кыргыздар эч убакта тынч жашабайт.

Айрым изилдөөлөр боюнча, христианчылыктын протестанттык багытын тутунган кыргыз жаштарынын саны тынымсыз өсүүдө. Алар мурда ачык иштесе, азыр ачык чыгуудан оолак болуп калышты.

2000-жылдардын башында өлкөнүн айрым аймактарында башка динге оогон кыргыздарды кодулоо, алардын сөөгүн айылына койдурбай коюу сыяктуу чыр-чатактар да чыккан.
XS
SM
MD
LG