Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Бадахшанда коопсуздук кызматынын башчысы мууздалды


Абдулло Назаров
Абдулло Назаров

Тажикстанда кечээ УКМКнын Тоолуу Бадахшан автоном облусу боюнча жетекчисин өлтүрүп кетишти. Генерал Абдулло Назаровду облустун Ишкашим районунда жолдо бараткан жеринен белгисиз адамдардын тобу мууздап салган.

Окуя болгон Ишкашим району провинциянын административдик борбору - Хорог шаарынан 100 чакырымдай алысыраакта, Ооганстан менен чек арага жакын жерде жайгашкан.

“Азаттыктын” тажик кызматына айрым булактар кабарлашкандай, генералга кол салуу болгон учурда анын жанында коопсуздук комитетинин атайын тобу – “Альфанын” – эки аскери да болгон. Бирок алар эмне үчүн жетекчисин коргобогону белгисиз.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Нозиржон Буриев бизге сүйлөп жатып, Назаровду тамеки аткезчилиги менен шугулданган кылмышкерлердин тобу өлтүргөнүн айтты.

"Абдулло Назаровду анын ишине байланыштуу өлтүрүшкөн. Азыр кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат", - деди Буриев.

Абдулло Назаров Советтер Союзунун тушунда КГБнын агенти болгону белгилүү. Бирок 1990-жылдын февралында Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө бир нече күнгө созулган митингде "КГБ демонстранттарды аткан" деп кийин ачык айыптаганы бар. Бул билдирүүсү үчүн ал кызматтан айдалат.

1992-жылы Назаров өлкөдөгү исламчыл, демократиялык жана улутчул партиялардын коалициясына – Бириккен тажик оппозициясына кошулат. Ал кыймыл Тажикстанда союз учурунан берки жетекчилерге каршы түзүлгөн болчу.

Ошондон тарта 1997-жылга чейин өлкөдөгү жарандык согуш маалында Назаров жумурияттын өзүндө болгон эмес жана андан кийин да согуш маалында каерде жүргөнүн ачыктаган эмес.

Качан гана Москвада тажик өкмөтү менен оппозициясы ортосунда тынчтык келишимине кол коюлганда ошол макулдашууга ылайык, ал жумурияттын күч коопсуздук кызматына кайтат.

Ал Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Согдидеги башчылыгынын жетекчиси, аталган комитеттин төрагасынын орун басары болгон.

Назаровдун санаалаштарынын бири, өлкөнүн мурдагы экономика министри Давлат Усмонов чек арадагы бул региондо тынчтыкты сактоодо анын ролу өзгөчө болгон дейт.

"Назаровдун өлтүрүлүшүнүн кесепети өлкө үчүн оор болушу мүмкүн. Бадахшан - өзгөчө мамилени талап кыла турган талылуу регион. Андагы акыбалды эске алып, өкмөт азыр тезинен аймакта Назаровдой стабилдүүлүктү сактап тура ала турган адамды ал жерге дайындашы керек", - деди Усмонов.

Бадахшан автоном облусуна Назаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин бөлүм башчысы болуп мындан төрт жыл мурда барган.

Ошондо ал жаңы эле кызматына кирише баштаганда Кыргызстандын убактылуу өкмөтү Назаровду бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин туугандарын Бадахшанда жашырып жатат деп айыптаган. Назаров өзү муну кескин четке какканы маалым.

Жакында тажик соту Назаровду 2010-жылдын августунда түрмөдөн 25 адамдын качканына тийиштиги болушу мүмкүн деп, ошол учурда окуяга анын катыштыгы канчалык болгонун иликтөөгө чакырган эле. Сот жабык өткөндүктөн анын чоо-жайы белгисиз.

Ошондо коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайынан качкандардин көбү кийин же өлтүрүлгөн, же кайрадан түрмөгө отургузулган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG