Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:57

Каримов ГЭС курулушуна сес көрсөттүбү?


Казакстан -- Өзбек президенти Ислам Каримов жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Астана, 7-сентябрь, 2012.
Казакстан -- Өзбек президенти Ислам Каримов жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Астана, 7-сентябрь, 2012.

Өзбек президенти Ислам Каримов региондогу суу маселеси согушка алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.

Бул эскертүү Кыргызстанга, тагыраак айтканда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна карата да берилди. Кыргызстан бул эскертүүгө карата кандай позицияда болуш керек? Бул маселе “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна коюлуп, ага мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, мурунку юстиция министри Марат Кайыпов жана саясат таануучу Орозбек Молдалиев катышты.

“Азаттык”: Аликбек мырза, сизден баштасак ГЭСтердин курулушу, суу маселесинен региондо согуш чыгып кетүүсү канчалык реалдуу? Ислам Каримовдун сөзү чочутуп коюубу же реалдуу негиз, даярдыктар барбы?


Аликбек Жекшенкулов: Астанада болгон жолугушуу - тарыхый жолугушуу болду деп ойлоймун. Анткени Борбордук Азияда суу башында турган Кыргызстан менен Тажикстан турат. Суунун этегиндеги Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан ошол суудан пайдаланат. Менин оюмча, өзбек президенти Ислам Каримов жалпы дүйнө жүзүндө согуш болушу мүмкүн деп айтты. Борбордук Азияда болот, же болуп кетиши мүмкүн деп так айткан жок. Жалпы дүйнө жүзүндө ошондой шарттар түзүлүшү мүмкүн дептир. Каримовдун сөзүн эки-үч жолу окуп чыктым.

Ошон үчүн биз бул сөздөн кооптонбой эле кандайдыр бир жыйынтык чыгарышыбыз керек. Суу маселеси жыйырма жылдан бери айтылып келатат, чечиле элек. Совет доорунда бул Ташкендеги борбор аркылуу чечилчү. Андан кийин суу берип, көмүр, газ алган схемалар болуп турду. Азыр алар жок. Мына ошондон кийин Кыргызстан айласы кеткенден кийин эгемендүү укугунан пайдаланып, Камбар-Атаны, Нарын каскадына ГЭСтерди салабыз деп чыкты. Менин оюмча, бул туура. Биздин энергетикалык жана экономикалык көз карандысыздык маселесин чечүү үчүн биз ал ГЭСтерди салышыбыз керек.

Кошуналар менен сүйлөшүп, Орусияны кошуп, тегерек столго отуруп эсептешсек, бир чечимге келсек болот.



Марат Кайыпов: Муну “кокон пештик” деп коёт. Каримов ошондой сөздү айткан болсо, демек ал сөзү менен адаттагыдай эле кыргыз бийлигин, өлкөсүн коркутуп, курулушка тоскоолдук кылам деген ой болуш керек. Каримовдун сөзү кечээ Алмазбек Атамбаев энергетикалык шакекче курабыз деп, капсуланы койгондон кийин пайда болгон сөз. Түздөн-түз ушуга байланыштуу. Себеби биз көз карандысыз энергетикалык шакекчебизди куруп алсак, анда Каримовдон көз каранды болбой калабыз.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG