Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Лондондо Максим Бакиевдин соту болду


Максим Бакиев сотко кирип баратат, 7-декабрь, 2012-жыл (Мээрим Касымова тарткан сүрөт)
Максим Бакиев сотко кирип баратат, 7-декабрь, 2012-жыл (Мээрим Касымова тарткан сүрөт)

Лондондун Вестминстер сотунда судья Максим Бакиевдин ишин сот өндүрүшүнө кабыл алды. Кийинки соттук жыйын 2013-жылдын 13-майына белгиленди.

Бул тууралуу сотко катышкан Мээрим Касымова Лондондон “Азаттыкка” телефон аркылуу билдирди. Кыргызстандын Лондондогу элчилиги дагы бул маалыматты тастыктады.

Бүгүнкү жыйында прокурор менен Бакиевдин адвокаттары судьяга ишти жана ага тиешелүү документтерди тапшырды. 25 мүнөткө созулган жыйын соңунда судья Максим Бакиевди мурдагы эле шарттар боюнча күрөөгө коё берди.

Сотто Максим Бакиевдин адвокаты бул ишти эки өлкө ортосундагы саясий кызыкчылыктарга байланыштырды. Адвокат "бул кутум, бул иш “Манас” базасына байланыштуу жана бул жерде “чоң оюн” болууда. Экстрадиция тууралуу бул иштин геосаясий мааниси жана Кыргызстандагы башка көптөгөн иштерге тиешеси бар”, - деп айтканын сотко катышкан Мээрим Касымова “Азаттыкка” билдирди.

Прокурор болсо Максим Бакиев Нью-Йоркто гана эмес Лондон жана Мадрид шаарларында баалуу кагаздар менен көз боёмочулук кылганы тууралуу документтер бардыгын, эки кишинин көрсөтмөсү ишке тиркелгенин айтты.

“Максим мала кызыл көйнөк, кочкул көк түстөгү костюм-шым кийип, ак темгил галстук тагынып келди. Өзү болсо түйшүк басып, өңүнөн азып калыптыр. Жыйын болгон залда аз эле киши болду – адвокаттын сол тарабында 3, оң тарабында 3 киши отурду. Кыргыз элчиликтен 2 киши, БиБиСинин журналисти жана мен. Сот туптуура 10до башталды, Максим Бакиев сол ыптадагы айнектелген тордун артында отурду. Сот башталганда ордунан туруп, аты-жөнүн, туулган күнүн айтты", - деп Мээрим Касымова сүрөттөдү.

Сотко Максим Бакиев адвокатынын коштоосунда өзү келди жана журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартты.

Максим Бакиевге АКШнын Юстиция департаменти “баалуу кагаздар менен мыйзамсыз операцияларды жасаган жана мыйзамдуулукту орнотууга тоскоол болгон” деген айып койгонун, бул күнөөлөр далилденсе узак мөөнөттө абакка кесилээрин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирген.

12-октябрда Максим Бакиев Лондондун Белгравия аймагындагы полиция бөлүмүнө чакырылып, АКШнын талабы менен камакка алынган. 15-октябрда күрөөгө 250 миң фунт стерлинг же 400 миң доллардай коюп, камактан бошотулган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу президентке караштуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикти жетектеген.

2010-жылкы ыңкылапка чейин өлкө экономикасынын кан тамырын кармап турат делген Максим Бакиевге Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан шериктери менен бирге миллиондогон долларлык мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланган жана апрель окуясынан кийин өлкөдө болгон кутумчул окуяларга тиешеси бар деген айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG