Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Түрмө, аял жана ыр


Көк асманды терезеден тиктеп, кусага баткан күндөр. Эркиндикти сагынуу. Буулугуп кайдадыр учкусу келип, бирок айласыз торго камалган акын жүрөгү, аял жүрөгү.

Жакында эле акын Жыпар Арыкованын “Тордолгон асман” китебинин бет ачаары өттү. Эсиңиздерге сала кетсек, акын 2007-жылы Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан “башка мамлекет кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылган” деген айып менен кармалып, 11 айдан кийин эркиндикке чыккан.

Бул жалганда эч кандай көрсөтмө, эреже болбосо дейм. Каалгасы чоң ачылган мейкиндик, аалам болсо. Көйкөлүп чөп өскөн талаа болсо. Ага оонасам, гүлдөрдүн жытын искесем. Тоодон ылдый чуркасам...

Бул “Тордолгон асман” китебиндеги акындын ой-толгоосу. Сыз абакта отурган күндөрдө көктү карай оболоп учкусу келген эңсөөсү.

- Чуркап бардык проблемаларды чечип жүргөнүбүз менен тирүүчүлүктө биз эркиндик баасын билбейт экенбиз. Мен китепте ушул темага көбүрөөк басым койдум.

Камерада өткөн он бир ай. Он бир кылымга тете ал күндөрдө акынды китеп менен кол жазма сактап калган экен. Ошол тытылгандан калган кол жазмалар эми минтип китепке айланды.

- Ар бир саатыңды санаш үчүн жазыш керек. Жазасың тытасың, кайра жазасың. Ошо менен сүйлөшкөндөй, кимдир бирөөгө сырыңды айткандай болуп каласың. Баш жагында коркуп, унитазга салган күндөр болду. Түрмөнүн начальниги кез-кезде “аа Жыпар, мемуар жазып атасыңбы, мемуар?” деп күлүп калчу. Мына ошол мемуардын элге жетчү сааты келип калды.



2007-жылдын июнь айы. Акындын жүрөгүнө кеткис так түшкөн мезгил. Ошол кырсык тооруган күнү акынга кытайлык Ибрагим Үсөк аттуу кытай жараны тынымсыз телефон чала берет. Ал сураган документ Жогорку Кеңештин деле сайтында илинип турган. Көрсө ал өтүнүч артында мандем бар тура. Жыпар Арыкова анын себебин колуна кишен салынганда гана түшүндү. Абак ага чоң сабак болду. Жакындарынын башына мүшкүл алып келди. Эркиндикке чыккандан алты ай өтпөй атасы дүйнөдөн кете берди.

- Мен ошол Кытайдын тыңчысы болсом, Кытай бийлигинен миллиондогон акча алып турсам, Кыргызстандын жарым жашыруун документин сатып жиберген болсом, азыр бир бөлмө үйдө жашабайт элем. Китебимдин чыккан күнү менин майрамым, менин тоюм. Он бир ай бою ар бир алтынчы күнү баштыгын көтөрүп, мага жолукканы келген бир туугандарымдын майрамы. Ошондо мамлекеттин бирден-бир өкүлдөрү келип, “ушул бийликтин катачылыгы болду эле” деп моралдык жактан кечирим сурап койо алаар бекен?

Күйүтүм күлү көккө сапырылган,
Күлүк ой күндү санайт такым урган.
Күткөн күч, кудуретим акыйкаттык,
Күн зарлаган тилектин аты Ыйман!


Чындыксыз куу жолдой тагдырдын, чырмалган торунда калганмын

Мөгдүрөбөйм ушакчынын кебинен,
Жүдөбөстөн чыйраламын эми мен.
Ыр жаратып алып турам ырахат,
Алтын күздүн аймалаган желинен...


Бул саптарды окуп отуруп, анын ээси түрмөдө отурганына анча ишене албай кетесиң. Токтокан Тынаева учурда Степное айлындагы №2 аялдар абагында жазасын өтөөдө.

Степное айылындагы аялдар абагы
Степное айылындагы аялдар абагы
Токтокан Тынаева биз барган кезде ээн бөлмөдө радио угуп, ойго батып отурган экен. Бизди көргөндө шашкалактап ордунан тура калды. Ал-жай сурашкан соң, ала барган китептерибизди колуна карматтык. Бул жерде ал кир жуугучтун милдетин аркалайт экен. Иштеген жери менен бир сыйра тааныштырды.

- Бул менин иштеген жерим. Көрүп турасыңар, эки кир жуугуч машинем бар. Кездешүү бөлмөсүнүн шейшептери менен ашкананын майлыктарын жууйм. Кечкисин отрядга барып жатам.

Токтокан Тынаева жаш күнүнөн чыгармачылыкка аралашып, “Жамгыр күүсү” аттуу ыр жыйнак чыгарган экен. Табышмак тагдырды кара. Бүгүн ал жараткан саптар жалаң түрмө, зарыктырган эркиндик, балдарга болгон сагынычтан куралган.

Жылдар өттү, жатам дале тушалып,
Балдарымды сагынганым күч алып.
Эңсегеним эркин жашоо дүйнөсү,
Жүрөгүмдү эзип бүттү кусалык.


- Азыркы “Кабар” агентствосу мурда “Киртаг” деп аталчу. 1982-жылдан тарта ошол жерде иштегем. Биринчи китебим жарык көргөндө акын Акбар Рыскулов өзү рецензия жазып берген эле. Ырларым гезит-журналдарга үзбөй чыгып турчу. Кийин “Адабият”, “Мектеп” басмаканаларында иштеп жүрдүм. Анан эгемендик орногондо ишсиз калдым.

Эгемендик орногон кезде Токтокан Тынаева беш баласын багыш үчүн соодага өтөт. Нарындан жер алып, Бишкектен май куючу жай иштетет. Тагдыр деген кандай? Иши жүрүшүп, балдары чоңоюп калган кезде күйөөсү каза табат. Бул жоготуу артында дагы бир кырсык жашынып турган:

- Мурдатан жакшы тааныш, катташып жүргөн аял бар эле. 2008-жылдын 10-январында кызы менен келин көргөнү келген. Коноктоп түнкү 11лер чамасында таксиге салып жиберген элем. Ошол түнү жаздыкка баш койгон тейинче көзүн ачпаптыр. Коңшуларынын айтымында, жаратылыш газы чала жабылып, ошого уукан экен. Анан 3 айдан кийин “сиздин үйүңүздө болгондон кийин өлгөн тура, сурак бересиз” деп камап салышты. Убактылуу кармоочу жайда үч жыл жаттым.

- Кызы эмне деди анан?

- Кызы кошо өлүп атпайбы. Бирок менде андай ой жок эле. Ортобузда эч кандай чыр-чатак да болгон эмес. Же ал мага, мен ага карыз болсомчу. Аны өлтүргөндөн мага кылдай пайда жок болчу.

Биз акындын бул кылмышка канчалык тиешеси бар же жок экенин айта албайбыз. Бирок ошол каргашадан кийин ал 13 жылга кесилет.

- Алты жыл олтурдум. Убактылуу кармоочу жайда 3 жыл отурдум дебедимби. Ал жерде бир күн эки күн катары эсептелет да. Алты жылым кетти. Анан былтыр амнистияга чыгып, 3 жылым дагы алынды. Ошону менен 11 жыл, үч айым кемиди. Эми дагы амнистия чыгат деп жатышат. Ага илинсем күзгө чейин чыгам го.



Учурда акын эркиндикке чыгаар күндү зарыга күтүп жаткан кези. Ал түрмөдө жаткан кезде үйдө неберелер төрөлгөн экен. Ага бир чети кубанса, экинчи чети чоң эне болуп, өз колу менен ак бешикке салбаганына арманда:

Карааныңдан кагылайын неберем,
Ак тоюңа бара албады чоң энең.
Айды карап жалбарынып өзүңө,
Ак батамды берип турам дембе-дем.


Учурда ага бала-бакырасы, жек-жааты бат-баттан каттап турат экен. Бир гана кичүү уулун 5 жылдан бери көрө элек.

Садага болоюн балдарым,
Силер бар өлүмгө барбадым.
Чындыксыз куу жолдой тагдырдын,
Чырмалган торунда калганмын.


- Беш балам бар. Кичүү уулумдан башкасы очор-бачар болуп калышты. Көкүрөк күчүгүмдү беш жылдан бери көрө элекмин. Келген менен паспорту жок, киргизбейт. Паспорт алайын десе энеңдин паспорту керек дешет экен. Менин документтерим бүт камалган кезде жоголуп кеткен. Атасы болсо өлгөн. 23 жаштагы бала аликүнчө паспорту жок (ушул жерге келгенде үнү каргылданып, жашып кетти).

Түрмө адамды өзгөртөт эмеспи. Бирок Токтокан Тынаеванын ырларын угуп отурсаң, жүрөгү назик бойдон калгандай. Бул жерге түшкөн түркүн тагдырларга зээни кейип, коңур күздүн жамгырлуу кечинде ушул ырды жараткан экен:

Ушул жайды эч бир эне көрбөсүн,
Ушул жерге күнөөсүздөр келбесин.
Көргөн түштөй унутаармын акыры,
Түйшүк салган түндөй түрмө дүйнөсүн.


Башында алтын капас, андан кийин темир тор

Учурда темир тор артында олтурган Үмүт Тургунова бир кезде кыргыздын капчыктуу бир байынын көрөркөзү болгон экен. Бирок ал бакыбат турмушу узакка созулбаптыр. Азыр Үмүт экинчи аял болуунун баасы кандай болорун жакшы билет.

Сүйүү бирде адамга канат бүтүрсө, бирде уу ичирет белем. Азыр абак торунда отурган Үмүт Тургунова бир кезде айжамалы төгүлгөн, сулуу кыз болуптур. Балким ошол чырайы болбогондо ушул күнгө кабылат беле? Таң. Эмесе кеп башынан болсун.

- Биринчи радиодо иштегем. Түгөлбай Казаковдун тушунда арыз жазып киргем. Байма Сутенова эже өзү колдогон эле. Ошол жылдары Султан Раев “Кырк кыз” аттуу сулуулар сынагын өткөргөн. Адахан Мадумаров анда жаш эле, жумушта отурсам “шанс болуп атат, жүр катыш” деп келиптир. Чыгыш бийин бийлеп, Жапонияга жолдомо утуп алдым.

Ал сынак Үмүттүн турмушуна чоң өзгөрүү алып келет. Тал чыбыктай солкулдаган кызга кырктан ооп калган мырзанын көзү түшөт. Артынан калбай кайда барса тооруп жүрүп, акыры максатына жеткенин айтып отурду:

- Өзү ошол жерден көрүп жактырып калган экен. Анүстүнө өзүм теңдүүлөрдү тоотчу эмесмин. Бир жолу Дооронбек Садырбаевден интервью алганы барсам, ошол жерде отурган экен. Кайда барбайын, аны кезиктирчүмүн. Акыры бири-бирибизди да жактырып калдык. Кийин “аялым оорукчан” деп аксакалдардан уруксат сурап, мага үйлөндү. Бир канча жолу той өткөрдү. Ал кезде Кыргызстан кыйналып турган эле.

Үмүт тиш кагып калган күйөөсү менен 18 жыл бирге жашайт. Үйлөнгөндөн көп өтпөй бизнеске байланыштуу чет өлкөгө чыгып кетишкен экен:

- Күйөөм “мени бул жакта иштетпей, банкрот кылабыз деп жатышат” дегенинен, бүт бизнесибизди жыйыштырып, Венгрияга учуп кеттик. Бир топ жыл ошол жакта жүрдүк. Турмушубуз жакшы эле башталган. Бирок кыздары эс тартып калышкан экен, жашатпай коюшту.



Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик аял. Дайыма өзүн күнөөлүү сезип күн кечирүү. Бардар жашоонун артында ошондой түйшүк жаткан эле. Аны баштан өткөн гана адам билбесе...

- Балдарым атасына эле окшош. Баары аны тааныйт. Ошого карабай “атамдан эмес” дешет. “Бизди кичине кезде таштап, сага кетип калган. Байлыгына кызыгып тийгенсиң...” деги койчу, сөз көп. Экинчи сорттогу адам катары мамиле кылышат. Чыдадым, аябай көп нерсеге чыдадым.

Үмүттүн айтымында, туш-туштан уккан жеме, күйөөнүн кызганычы келинди акыры тажата баштайт. Алтын капаста көргөн кордугу башынан ашканда баарына кол шилтеп, Орусияны көздөй сапар тартат. Үч баласы күйөөсүндө калат. Бирок эне жүрөгү түтпөйт эмеспи, эки жылдан кийин чүрпөлөрүн көрүү үчүн Кыргызстанга айланып келет.

- Күйөөм өзү чакырткан, “жашайлы” деп. Эки жыл өзүмчө жашап калдым да. Августта келмекмин, бирок 2009-жылы декабрда келдим. Кырк күндөй эс алып, жаңы жылды балдарым менен тосуп кетейин деген максатым бар эле. Анан кичүү уулумду өзүм менен чогуу алып кетсемби дегем. Бирок үйгө келсем, күйөөмдүн кыздары келип калып ызы-чуу чыгып кетти. Андан кийин батирге чыктым.

Балээнин баары ошол батирдин айынан башталат. Үмүт ага киргенден көп өтпөй кожейкеси киши колдуу болуп көз жумат.

- Жалгыз бой келин экен. Ошол күнү үйгө коноктор келет, отуруш кылабыз деп айтып калды. Мен күндүз аябай чарчагандыктан уктап калыпмын. Эртең менен турсам, менин бөлмөмдөгү килемдин үстүндө көмкөрөсүнөн түшүп жатыптыр. “Тур” деп жулкулдатсам болбой койду. Жаңы паспорт алайын деп жүргөм, ал турбаган соң кетип калгам.

Бул эми Үмүттүн гана чындыгы дечи. Бөөдө келген кырсыктан кийин ал 16 жылга эркинен ажыратылган экен.

- Төрт жарым ай убактылуу кармоочу жайда жаттым. Тигил аялга келген жигиттерди сүрөттөп бергем. “Андай болсо, аларды таап бер” дешти. Жабык жерде отурсам кайдан табам, ошону менен кесилип кеттим.

Учурда Үмүттүн сыртта калган үч уулу бой тартып калган экен. Кээде телефон аркылуу сүйлөшүп турарын айтты.

- Күйөөм үч баламды багып, окутуп жатат. Ошого ыраазымын. Эми бул жерден чыксам кудай жолуна түшүп, Африка тарапка кетсемби дейм. Бул жакта тура албайм го. Буга чейин адашып жүрүпмүн. Мурда эле Ыйса жолуна түшкөндө түрмөгө түшпөйт элем...

Ошентип маегибиз соңуна чыгып, шаарды көздөй кайттык. Артыбыздан муңдуу да, үмүттүү да тиктеген каректер узатып кала берди.

XS
SM
MD
LG