Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Тендер: кол ийрисине тартат


Бийликтеги жогорку кызматта тургандарга таандык делген компаниялар мамлекеттик тендерлерге катышып, утуп чыгары айтылды.

Парламент депутаты, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге таандык делген фирма тендерде утуп чыкканын мисал тартып, муну коррупция деп атоого болорун билдирди. Сарпашев өзү аталган компанияга тиешеси жоктугун айтса, өкмөт башчы эч кандай мыйзам бузуу көрбөгөнүн белгиледи.

20-майда Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды-ынтымак” башкаруучу коалициясы өкмөттүн 2012-жылга карата жасаган ишинин отчетун укту. Жыйында депутат Дастан Бекешов вице-премьер-министрге таандык делген ишкананын мамлекеттик тендерге катышып, утуп чыгышына оюңуз кандай деп, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге суроо узатты.

Бекешов сөздүн төркүнү вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жөнүндө болуп жатканын ачыктады. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев аталган маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккандан кийин атайын иликтеп көргөнүн жана мыйзам бузуу жок экенине ынанганын билдирди.

- Мен муну иликтедим, ал тендерге жети чакты компания катышкан экен. Анан ушул компания утуп чыгыптыр. Сарпашев бул жерде отурат, өзү да балким жооп берет. Ал саясат менен алектене баштагандан бери ишканадагы башкаруусун башкаларга өткөрүп берген экен.

Анткен менен депутатты өкмөт башчынын жообу ынандыра албагандай. Дастан Бекешов муну коррупция деп атоого болорун айтты.

- Ишканадагы башкарууну баары өткөрүп берет. Депутаттар да өткөрүп берет. Бирок кыйыр түрдө өздөрү башкарат. Муну өзүңөр жакшы билесиңер. Чынында бардык өнүккөн мамлекеттерде мындай көрүнүштөр коррупция деп эсептелет.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ишкерлик менен алектенип жүрүп мамлекеттик кызматка келген көрүнүшкө нормалдуу деген баа берди.

Буга чейин маалымат каражаттарына вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге таандык делген “Градиент” фирмасы жол куруу боюнча тендерге катышып, утуп чыкканы, ага Сарпашевдин таасири болгону айтылган.

Тайырбек Сарпашев “Азаттыкка” курган маегинде мамлекеттик кызматка келгенге чейин ишкерлик менен алектенгенин жашырбасын, бирок азыр “Градиент” фирмасына ээлик кылбасын айтты.

- Мен аталган компаниянын 1995-96-жылдары түзүүчүлөрүнөн болгом. Анан 1999-жылы анын директорлугунан кетип, ошол бойдон ал компанияга кайтып келген эмесмин. 2012-жылы болсо мен анын негиздөөчүлөрүнөн да чыгып кеткем. Мен карап чыксам, ал компания былтыр 20дай тендерге катышыптыр, бирок болгону экөөнөн гана утуп чыккан экен. Тендерге катышканда анын атаандаштары болгон. Эгер туура эмес утуп алганда ошондо эле атаандаштары айтып чыкмак. Мен мурда бизнесте жүргөнүмдү жашырбайм. Бирок ошол эле мезгилде мен мамлекеттин чөнтөгү менен өзүмдүкүн эч убакта алмаштырбайм.

“Градиент” фирмасын азыр Эмир Сарпашев жетектейт. Адистердин пикиринде, Кыргызстанда тендер өткөрүү жана мамлекеттик сатып алуулар эң коррупциялашкан тармактардын бири катары саналып жүрөт.

Коомдук иликтөөлөр институтунун директору Рита Карасартованын айтымында, тендер өткөрүү иши Кыргызстанда ачык жолго коюлган эмес.

- Тендер өткөрүүнү ачык-айкын кылганга кадамдар жасалбай келатат. Бүт баары ачык-айкын интернетке жайгашуусу керек болчу. Ким сатып алып жатат, кандай сунуштарды берди жана жыйынтыгында ким утту? Уткан компания башкалардан айырмаланган кандай ыңгайлуу сунуштарды бере алды? Ушул суроолордун баарына жооптор интернетте ачык болуш керек. Дүйнөлүк тажрыйба ушундай.

Кайсы бир адамдын же ишкананын пайдасына чечим чыгарууга мамлекеттик кызматта турган жакындарынын таасири болбогон күндө деле, ири алдыда моралдык жоопкерчилик үчүн мындай көрүнүштөргө жол берилбеши керек дешет байкоочулар.
XS
SM
MD
LG