Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын желеги илинди


Үңкүр-Тоонун көрүнүшү. Сүрөттү "Азаттыкка" аксылык блогер Адылжан Шамшиев сунуштады.
Үңкүр-Тоонун көрүнүшү. Сүрөттү "Азаттыкка" аксылык блогер Адылжан Шамшиев сунуштады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын башчылары Аксыдагы Үңкүр-Тоого байланышкан талаш боюнча сүйлөшүүдө.

Кыргызстандын Аксы районундагы телемунара жайгашкан Үңкүр-Тоого келген Өзбекстандын чек арачылары өткөн ишемби күнү өздөрүнүн желегин илүүгө батынган. Өкмөт башчысынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов муну эл аралык укуктук ченемдерди бузган чагымчыл аракет катары баалап, аталган тилкеде түзүлгөн кырдаал эки тараптын чек ара аскерлеринин куралдуу тирешүүсүнө өсүп кетүү коркунучу бар экенин белгиледи. Чек ара сызыгы тактала элек бул аймактагы кырдаалга байланыштуу кыргыз тарап расмий Ташкенге нааразылык нотасын жөнөттү.

22-сентябрь күнү Аксы районунун Кербен шаарынан 13 чакырым алыстыкта турган Үңкүр-Тоонун башына Өзбекстандын чек арачылары тик учак менен ташталган. Кыргызстандын бийлиги өзбек чекарачылары андагы телемунаранын жана базалык станциянын кызматкерлеринин документтерин текшерген соң, кайра арыраак чектеги позицияга кетишкенин билдирген болчу. Андан бир күндөн кийин жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү Кербенге чогулуп, бул окуя боюнча кыргыз бийлиги тараптан тиешелүү чаралар көрүлүшүн талап кылышкан.


Жабылуу аяк жашыруун бойдон калган жок


Эл депутаттарынын Аксы райондук кеңешинин төрагасынын орун басары Жанарбек Надырбеков Өзбекстандын чек ара аскерлиги телемунара турган Үңкүр-Тоонун чокусун ээлеп алганы боюнча маалыматтар жашырылып жатканына токтолду:

- Өзбекстандын чек ара аскерлиги жүзгө чукул атайын даярдыктан өткөн куралдуу отрядын тик учак менен таштаган. Алар мына ошол күндөн бери аталган позицияны ээлеп турушат. Азыркы учурда мына ошол тоонун башына Өзбекстандын желегин илип алышыптыр. Райондун акими менен башка күч түзүмдөрүнүн башчылары өзбек аскерлери ал жерден кетишти деген жалган маалымат берүү менен гана чектелишүүдө. Бирок алар эч жакка кеткен эмес. Азыр дагы ошол чокуда турушат. Телемунарадагы иштеген биздин бир жаранды ал жакка “коркпой бара бер, ал жерде биздин аскерлер дагы бар” деп жөнөтүшкөн экен. Ал жерге барса өзбек чек арачылары чатырчаларды тигип алышып, атайын сызык сызып, мына ошол сызыктан өтсөң атып салабыз деп шылдыңдашыптыр.

Жанарбек Надырбековдун айтымында, Үңкүр-Тоосунун ары жагындагы эки айылдын Кербен шаары менен каттоосу кыйындап, коомчулукта түрдүү ушактар көбөйгөн. Мындан сырткары жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, өзбек чек арачылары Кашка-Суу деген чек арага жакын тилкедеги иштебей калган жеткинчектер лагеринин имаратын мындан бир жума мурун эле ээлеп алышканы маалым болгон.

Үңкүр-Тоосунун чокусуна коңшу мамлекеттин чек ара аскерлери 28-сентябрь күнү Өзбекстандын туусун көтөрүшкөнү боюнча маалыматты күч түзүмдөрү боюнча өкмөт башчысынын орун басары Токон Мамытов да тастыктады. Учурда эки тараптын чек ара аскерлигинин башчылары 30-сентябрда жолугушуу боюнча макулдашууга келишкен. Мына ошол жолугушууда тактала элек чек ара тилкесине Өзбекстандын чек арачыларынын мыйзамсыз кирип келишине байланышкан жагдайлар талкууга алынмакчы. Бул жолугушуу бүгүн Ош шаарында өтүп жатат.

Мамытов: Талап аткарылбаса чара көрүлөт

Кыргызстандын өкмөт башчысынын күч түзүмдөрү боюнча орун басары Токон Мамытов эки тараптуу жолугушуудан кийин расмий Ташкен чек арачыларын Үңкүр-Тоосунун чокусунан чыгарып кетпесе тиешелүү чаралар көрүлө турганын билдирди:

- Туура. Бул окуя боюнча менин колум койулган кат Өзбекстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басарына жөнөтүлдү. Анда биз мына ошол тактала элек чек ара тилкесинде кандайдыр бир аракеттерди көрүүгө Кыргызстан тарап жол бербей турганы эскертилди. Бул кат 26-сентябрда жөнөтүлгөн. Бирок ал жактан жооп ала элекпиз. Кыргызстандын башкаруусундагы чек ара тилкесине мыйзамсыз кирип келүүсүнө биз мүмкүнчүлүк бере албайбыз. Эгерде тынчтык жолу менен маселени чечүү боюнча биздин талапты талкууга алган сүйлөшүүлөрдөн кийин Өзбекстан чек ара аскерлерин алып чыгып кетпесе, анда биз адекваттуу чараларды көрүүгө мажбур болобуз.

Буга чейин Токон Мамытов өзбек чек арачылары Үңкүр-Тоонун чокусунан
ары жылып, кыргыз чек арачыларына карама-каршы тарапта турушат деген маалымат тараткан болчу. Бирок атайын тик учак менен ташталган өзбек чек арачылары телемунара менен базалык станциялар турган тоонун чокусунда бир нече күндөн бери турганы боюнча ооз ачкан эмес. Соңку маалыматтарга караганда, аталган чек ара тилкесине Кыргызстандын чек ара аскерлигинин кошумча күчтөрү киргизиле элек.

Вице-премъер-министр Токон Мамытов телемунара жайгашкан тоонун чокусу кыргыз чек арачыларынын көзөмөлүндө деп 26-сентябрда “Азаттыкка” билдирген болчу:

- Тик учак менен он бешке чукул өзбек чек арачылары келип, телемунарада иштеген кыргыз жарандарынын өздүгүн тактай баштаган учурда биздин чек арачылар барып, “эмнеге бул тилкеге мыйзамсыз келдиңер” дегенден кийин кайра алар аталган тилкеден чыгып кетишкен. Алар ары жакта эки чек ара постун койуп коюушкан. Алардын маңдайына биз дагы эки чек ара постун койгонбуз. Телемунара менен базалык станция жайгашкан тилкени алар басып алды деген жалган сөз.


Чагымга барган чатак иш

Расмий Ташкендин мындай аракеттери боюнча Кыргызстандын жогорку саясий жетекчилиги үн ката элек. Болгону вице-премьердин деңгээлинде гана Ташкенге нааразылык нотасы жөнөтүлгөн. Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев тиешелүү өкмөт мүчөлөрүнө Аксыдагы чек ара маселесин тынчтык жол менен жөнгө салуунун чараларын иштеп чыгуу боюнча тапшырма берген.

Өкмөт башчысынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов чек арадагы кырдаал эки тараптын куралдуу тирешүүсүнө алып келбейби деген кооптонуу бар экенин жашырган жок:

- Кичине эле эки тараптын тиреши күчөй турган болсо согуштук аракеттер башталып кетчүүдөй коркунуч болуп жатат. Ошон үчүн өкмөт башчысы бул маселени тынчтык жолу менен чечүүнү сунуштап жатат. Анан алар күчкө таянуу менен чагым салып, Кыргызстан кандай чара көрө алат экен деген маанайда турушат. Эгерде биздин аскерлер аларды сүрүп чыгара турган болсо куралдуу кагылышуу чыгып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн кызуу кандуулукка алдырбай маселени чечүү керек болуп турат.

Аксыдагы Үңкүр-Тоого байланышкан чек ара чатагы жергиликтүү коомчулукту да дүрбөлөңгө салды. Райондун борбору болгон Кербен шаарына чогулган жергиликтүү тургундардын митингинде чек ара чатагын тез арада чечүү боюнча борбордук бийликке бир нече талаптар койулду. Ошол эле кезде Үңкүр-Тоонун чокусундагы телемунаранын жана тоонун айланасындагы айылдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча маселе көтөрүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов бул маселеге мамлекет башчыларынын деңгээлинде кийлигишүү зарылдыгын белгиледи:

- "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" дегендей бул татаал маселени жашырып-жаап отурса эле ал чечилип калбайт. Өзбекстанда мындай аракеттер мамлекет башчысынын макулдугу менен гана чечиле турганын эске алсак, аны чечүү үчүн биздин президент токтоосуз түрдө Каримовго байланышка чыгыш керек. Болбосо бул маселе тереңдеп кетсе, анын арты жакшылык менен бүтпөйт. Чынында бизге эле эмес, Өзбекстанга деле масштабдуу кагылышуунун кереги жок.

Ошентип бүгүн тараптар бул маселе боюнча Ош шаарында сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ага Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аскерлигинин башчылары катышууда. Ошондой эле 10-октябрга дайындалган чек араларды тактоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссияларынын кезектеги жыйынында Үңкүр-Тоонун айланасындагы тактала элек чек ара тилкелеринин маселеси карала турган болду.

XS
SM
MD
LG