Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

“Карышкырдын” келиши эмнени каңкуулайт?


Кылмыш дүйнөсүндө "Карышкыр" деген каймана ат менен таанымал Мурсалим Өмүрзаковдун кармалышы Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү кылмышкерлердин кармашы күчөбөйбү деген кооптонууларды жаратты.

Өмүрзаков буга чейин абактан эрте бошоп, Чеченстанга учуп кеткен кримтөбөл Азиз Батукаевдин кылмыштуу тобунун өкүлү катары таанымал болгон. Аны Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы Орусиядан кармап келди.

"Карышкыр" деген ким?

“Карышкыр” деген каймана аты бар Мурсалим Өмүрзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Ал азыр Ленин райондук сотунун чечими менен эки айга Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына камалды. Аталган кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Өмүрзаков кылмыш дүйнөсүндөгү “мыйзамдагы ууру” статусун быйыл Москвада алганын белгиледи:

- Ал Москва облусундагы кылмыштуу топтордун бирин жетектеп, ушул жылдын август айында “мыйзамдагы ууру” статусун Орусия федерациясынан алган.

Азиз Батукаев. Сүрөт Нарындагы абакта тартылган
Азиз Батукаев. Сүрөт Нарындагы абакта тартылган
Өмүрзаков буга чейин талап-тоноочулук, каракчылык фактысы боюнча соттолуп, абактагы мөөнөтү аяктаган соң, Кыргызстандын ичинен чыкпоо шарты менен эркиндикке коё берилген. Бирок ушул жылдын апрель айында айтылуу кылмышкер Азиз Батукаев Нарындагы түрмөдөн табышмактуу бошотулуп, Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кетээр замат Өмүрзаков үч күндөн кийин анын артынан жөнөп кеткен.

Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев Батукаев чуусу чыккан учурда “Азаттыкка” буларды айткан:

- Мурсалим Өмүрзаков Грозныйда, Батукаевдин жанында жүрөт. 9-апрелде Батукаев учуп кетсе, Өмүрзаков 12-апрелде артынан кеткен. Аны ууру кылып дайындай турганы ошондо эле сөз болгон.

"Тизгин тартыла элек"

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев “Карышкырдын” келиши боюнча биринчилерден болуп пикирин айтып чыкты. Депутат “Карышкырдын” Кыргызстанга келишине түздөн-түз Азиз Батукаев кызыкдар деген пикирде:

- “Карышкырдын” “мыйзамдагы ууру” болушу, Кыргызстанга келиши - бул Батукаев өзү Кыргызстанда жок болгону менен анын колу бул жакта турганынан кабар берет. Криминалдык чөйрөдө “общяк” деген түшүнүк бар экен, ошону көзөмөлдөгөнү “Карышкыр” келди деп баары эле түшүнүп турат. Биз муну мурун эле айтып чыкканбыз, иштин баары бүткөндөн кийин тартип коргоо органдары кармап атышат. "Карышкыр" Кыргызстанга келүүгө өзү кызыкдар, анткени ал бул жактан өз ордун ээлеши керек.

Бишкектеги абаккана, 26-январь, 2012-жыл
Бишкектеги абаккана, 26-январь, 2012-жыл
Сапарбаев Кыргызстанда криминалдык дүйнө мурдагы бийлик убагындагыдай баш көтөрбөй калганын, бирок учурда катардагы кылмышкерлер менен гана күрөш көбүрөөк жүрүп, кримчөйрөнүн анабашылары али тизгинин тарта электигин кошумчалады.

Криминалдык чөйрө тууралуу макала жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу “Карышкырга” Орусиядан “мыйзамдагы ууру” статусу кимдер тарабынан берилгени анык болгондон кийин гана анын кийинки кадамдарын жоромолдоого болоорун айтат.

- Мунун артында кимдер турганы, кайсы кылмыштуу топ таажы кийгизгени аныкталса гана чечим чыгарууга болот. Кримчөйрөдө ар кандай болушу мүмкүн, “жасалма уурулар” да болот, “чыныгы уурулар” болот. Азыр Орусияда да жаңы “уурулар” биригип, кавказдыктар күчөп жатышпайбы. Эгерде “Карышкырдын” артында күчтүү топ турса, анда сөзсүз башаламандык болот.

Талас уулунун байкоосунда Орусиядагы таасирдүү кылмышкер Дед Хасандын өлүмүнөн кийин, ал жактагы таасирдүү кылмыш топторунун ортосунда “так талаш” токтой элек. Анткен менен буга чейин Өмүрзаков Чеченстандын борборунда Азиз Батукаев менен бир нече күн чогуу жүргөнүн укук коргоо органдары ачыктаган. Ал тургай Өмүрзаков Батукаевдин ар кандай тапшырмаларын аткарып Москвада жүргөнүн Грозныйдан келген кыргызстандык жаран “Азаттыкка” эксклюзивдүү маегинде айткан.

Мурунку бийлик тушунда Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу менен Азиз Батукаевдин тобу тирешип, Көлбаевдин жигиттери дал ушул Батукаевдин оң колу саналган Өмүрзаковдун колу-бутун сындырып кыйнашканы маалым болгон. Эми “түбөлүк душмандар” Кыргызстандын түрмөлөрүндө тирешип, кырдаалды курчутушу мүмкүн деген кооптонуулар айтыла баштады.

"Карышкырды" кармашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG