Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Гүлнара Каримованын шериктери камалууда


Өзбек президентинин улуу кызы Гүлнара Каримованын он чакты жакын достору менен бизнес шериктерине кылмыш иштери ачылды.

Өлкөнүн башкы прокуратурасы коомчулукка Гүлнаранын жигити, же көңүлдөшү катары таанымал Рустам Мадумаров, Каримованын жакын бизнес өнөктөшү Гаяне Авакян жана Екатерина Клюева каржылык көз боёмочулук, мыйзамсыз бизнес жасоо, арам акчаны адалдаштыруу, салыктан качуу жана өлкөдөн чоң суммадагы акча алып чыгууга байланыштуу шектелип жатканын шаршембиде жарыялады.

Дүйшөмбү күнү Гүлнара Каримованын Ташкендеги үйү коопсуздук кызматтары тарабынан тинтүүгө алынганы, анын компаньондору камалганы кабарланган эле. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына маалым болгондой, Авакяндын наамына Гибралтар аймагында катталган компаниянын Швейцариядагы 600 миллион франкы жана Швециядагы 30 миллион АКШ доллары камакка алынды.

Швециялык тергөөчүлөр буга чейин эле өлкөдөгү эң ири Telia Sonera уюлдук телефон компаниясы менен ташкендик Авакяндын Takiland фирмасы ортосунда 300 миллион доллардай паракордук иши боюнча иликтөө жүргүзүп жатканы маалым. Бул тергөө ишинин жыйынтыгы Швециядагы сотто быйыл жай айларында каралаары күтүлүүдө.

Буга чейин Өзбекстанда Гүлнара Каримовага тийиштүү деп эсептелген бир нече маалымат каражаттарынын иши токтотулган жана алардын башын бириктерген Terra Group медиа холдингине каршы паракордук боюнча кылмыш иши козголгон. Гүлнаранын маданият жана өнөр иштерин колдогон "Форум" кору жабылып, прокурорлор бул уюмга тийиштүү имараттар менен бардык мүлктү конфискациялашкан.

Эксперттер Өзбекстанда башталган тергөө иштерин чет өлкөдө айыпталып, каражат-мүлкү камалган шектүү жарандардын байлыгынын жок дегенде кайсы бир бөлүгүн Ташкенге кайтаруу аракети катары баалашууда. Гүлнара Каримованын жакын достору өзбек президентинин эрке кызы бир нече күндөн бери байланышка чыкпай жатканын, ал иш жүзүндө үй камагына алынганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG