Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

Кагазда "итке минген" аткаминерлер


Мамлекеттик кызматкерлер былтыркы жыл үчүн кирешеси жана мүлкү тууралуу декларациясын тапшырып бүтүштү. Быйылкы өзгөчөлүк - андагы маалыматтын чын-бышыгы текшерилет.

2013-жылга карата саясый жана атайын мамлекеттик кызматта иштегендердин киреше жана мүлкү тууралуу декларация тапшыруу мөөнөтү 28-февралда аяктады.

Кагаздагы мүлк менен чыныгы турмуштагы айырма текшерилүүдө

Кыргызстанда жалпысынан жогорку тепкичтеги 1629 мамлекеттик кызматкер болсо, анын 98 пайыздан ашыгы өзүнүн жана туугандарынын мүлкү тууралуу маалымат берген. Бар байлыгы тууралуу маалымат тапшырбаган аткаминерлердин саны 13, алардын көч башында кылмыш иши козголгон депутаттар Акматбек Келдибеков, Нариман Түлеев жана мекенинен узакта жүрө берип мандатынан ажыраган Нурлан Сулайманов турат. Эң кызыгы, декларация тапшырбагандардын сегизи Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында иштегендер.

Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашев маалымат жыйынында билдирди. Анын ишендиришинче, 2013-жылы өз ыктыяры менен мүлкү тууралуу маалымат толтургандардын саны арбыган. Эң негизги суроо, кагазга түшкөн мүлк менен чыныгы сандардын ортосундагы айырма. Карашев бул маселеден күмөн санабаш үчүн декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтын чын-бышыгын мекеме аралык комиссия текшерип жатканын айтат. 300дөн ашык мамкызматкердин декларациясын караганда 100гө жакынында мыйзам бузуу табылган.

- Бүгүнкү күндө декларациянын аныктыгын текшерген механизм бар. Буга чейин жок болчу. Биз бир гана декларант эмес, анын жакын туугандарынын да мүлкүн атайын түзүлгөн мекеме аралык комиссия менен текшерип чыгабыз. Эгер мүлкү тууралуу маалыматты жашырып, декларацияны туура эмес толтурган болсо, ошол мекеменин жетекчилигине, андан кийин укук коргоо органдарына кайрылабыз. Мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын алат.

Декларацияны эстен чыгарган эски мэрлер

Өзүн бай чиновниктердин катарына кошпогон Аалы Карашев мыйзам боюнча кызматтан кеткен аткаминерлер 2 жыл бою декларация тапшырыш керектигин кошумчалады. Алардын саны 280 болсо, бүгүнкү күндө 170и гана тапшырган. Кызматтан кетери менен мүлкү тууралуу маалымат берүүнү "унутуп" калгандардын катарында Бишкек жана Ош шаарларынын мурдагы мэрлери Иса Өмүркулов жана Мелис Мырзакматов да бар.

Өмүркулов 2012-жылы тапшырган декларациясында жылдык кирешесин 1 млн. 841 миң 672 сом деп, 19 гектарга чукул жер тилкеси бар экенин жазган. Туугандарынын жыл ичинде тапканы 532 миң 953 сом деп белгиленип, аларга бир нече үй жана автомашинелер катталган. Ал эми Мырзакматов жылдык кирешесин 502 миң 369 сом деп көрсөтүп, 16 жер тилкесин туугандарына каттаткан. Ал эми алардын жылдык тапканы 150 миң сом деп жазылган.

Жогоруда айтылган Жаза аткаруу кызматынын 8 кызматкери эмне болуп декларация тапшырбай калганын аталган мекеменин расмий өкүлү Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” мындайча чечмеледи:

- Муну териштирүү үчүн биздин жетекчи тарабынан атайын тапшырма берилди. Азыркы маалыматка ылайык, кызматкерлерибиздин бирөө төрөп калып, экөө толтуруп, бирок убагында тапшырганга үлгүрбөй калыптыр. Ал эми үчөө түштүк аймакта иштегендиктен алардын декларациясы почта менен жолдо келатат. Дагы бирөө кызматтан четтетилгендиктен, кирешесине эмнени көрсөтөөрүн билбей, декларация толтурган эмес.

Атамбаевдин канча байлыгы бар?

2013-жылдын декларация жыйынтыктары май айында гана коомчулукка жарыяланат. 2012-жылдагы декларацияда президент Алмазбек Атамбаев жылдык кирешеси 984 миң 776 сом экенин көрсөткөн. Президент 93,3 чарчы метр аянттагы үйү, 64 гектар бак тигилген жери бар экенин көрсөткөн. Мындан тышкары “Форум” ЖЧКсына ээлик кыларын ачык көрсөткөн. Туугандарына “Медиафорум” ААКы баш болгон наркы 120 миң долларлык мүлк катталганы жана алардын жылдык кирешеси 367 201 сом деп көрсөтүлгөн. Атамбаев буга чейин “Азаттыктагы” маегинде Кыргызстанда орточо 10 млн. долларлык байлыгы бар экенин айткан.

Ал эми премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жылдык тапканы 812 миң 720 сом экенин, 87 чарчы метрлик батири бар экенин жазган. Мындан тышкары туугандарынын кирешесин 1 млн. 8540 сом деп баалап, эки үй жана эки кымбат баалуу машине көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков акча каражаттарын 3 млн. 326 миң 290 сом деп белгилеп, 168,63 чарчы метр үйү жана 10 гектарга жакын айдоо аянты бар экенин көрсөткөн. Мындан тышкары “Бий мырза” аталышындагы кафе-ресторан, мончо бар. “Алтын-Кол” акционердик коомунда үлүшкер экенин ачыктаган. Туугандарына үй, жер тилкеси жана өндүрүш ишканалары катталганы көрсөтүлүп, алардын жылдык кирешеси 125 миң деп жазылган.

Бизнесмен-аткаминер ким үчүн иштейт?

Деген менен саясый талдоочу Марс Сариев толтурулуп жаткан декларациялар коррупцияга каршы күрөшүүдө ишке жарабайт деген пикирде. Ал мамкызматкердин дээрлик көпчүлүгү ишкерлик менен шугулданарын айтып, декларацияда көрсөтүлгөн мүлк жашырылган деп билет. Анын ишениминде, чиновниктердин чыныгы байлыгы көрсөтүлгөн суммадан бир канча эсе көп болушу мүмкүн:

- Декларация азырынча эч кандай роль ойнобойт. Чиновниктер декларацияда жадагалса машинеси жок экенин, болгону үйү бар экенин жазып жатат. Баары эле мүлкүн туугандарына каттатып койгон. Негизи адам же бизнесмен, же мамкызматкер болуш керек да. Бизде экөө жуурулушуп кеткен. Анан кайдагы коррупцияга бөгөт болмок эле? Ишкер саясатчы өз кызыкчылыгын гана көздөп калат.

Кыргызстанда жогорку тепкичтеги мамкызматкерлер өз мүлкү жана жылдык кирешеси тууралуу 2004-жылдан бери декларация тапшырганы менен чыныгы байлыгын жашыргандыгы үчүн коомчулук тарабынан катуу сынга алынып келет.

Адистердин баамында, парламент депутаттары өлкөдөгү байлардын бейрасмий рейтингинде алдыңкы саптарды бербегени менен декларацияда үстүндө үйү жок, итке минген жарды болуп чыга келет. Декларация тапшырбагандарга мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамда административдик жазалар каралган. Эң жогорку жаза - кызматтан четтетүү жана аткаминерлердин жаңы түзүлгөн “кара тизмесине” киргизүү.

XS
SM
MD
LG