Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Түндүк-түштүк жолунун тушоосу кесилди


Тогуз-Тородогу түндүк-түштүк жолу.
Тогуз-Тородогу түндүк-түштүк жолу.

Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн байланыштырган Балыкчы-Жалал-Абад жаңы автожолунун курулушу 2-майда Тогуз-Торо районунун Казарман айылынан башталды.

Бул иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев катышып, альтернативдүү жолдун олуттуу мааниси бар экенин белгиледи. Президенттин ишендиргенине караганда, Кочкор-Чаек-Көкөмерен - Казарман аркылуу өтө турган 433 чакырымдык бул жол төрт жылда курулуп бүтөт.

Жаңы башталып жаткан долбоорго ылайык 3,7 чакырымдык тоннель Тогуз-Торо аймагындагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүшү керек. Ошондуктан, бул жол курулушундагы эң оор аймак болору айтылууда. Курулушту расмий баштоо иш-чарасына катышкан прездент Алмазбек Атамбаев жол 4 жылда курулуп бүтүп, ишке кирсе Тогуз-Торо элинин жол көйгөйү чечилерин белгиледи:

- Түндүк-түштүктү бириктирген альтернативдик жолдун курулушунун расмий башталышы. Үч жерде иштеп башташкан бирок, расмий башталышы бүгүн болууда. Бул тарыхый нерсе, буюрса төрт жылда бүтүп калса ары-бери жүрүп калат. Тогузторолуктардын кийинки муунунун келечеги ачылып жатат буюрса. Эң алыс район, географиялык жактан өлкөнүн борбору болгон аймак чоң жолдун жээгинде жайгашкан район болгону турат.

Атамбаев ошондой эле бул жол менен кошо келечекте темир жол түшөрүн дагы кошумчалады:

Алмазбек Атамбаев түндүк-түштүк жолунун расмий башталышы учурунда.
Алмазбек Атамбаев түндүк-түштүк жолунун расмий башталышы учурунда.
- Түндүк-Түштүктү бириктирген жолдон сырткары темир жол дагы салынат деп ишенип турам. Ушундай жолдор Кыргызстанды ширетип, бириктирет.

Жолдун курулушун Кытайдын “Экспорт-Импорт” банкы каржылайт. Атаандаш жол үч фазага бөлүнүп, курулушун кытайлык “Чайна роуд” компаниясы жүргүзүүдө. 191 чакырым жол жаңы курулат, калган бөлүгү эски жолдун ордуна түшүрүлөт. Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов:

- Азыр түндүк менен түштүктү бириктирген бир гана жол бар. Ош-Бишкек жолу транспорттук агымды өткөргөнгө мүмкүнчүлүгү азайып калды. Айрыкча, Төө-Ашуу тоннелинин мүмкүнчүлүгү суткасына 400-450 машине өткөрө алат. Бүгүнкү күндө түндүк менен түштүктө суткасына 3000-3500 машине каттап турат. Ошон үчүн 2-жолду куруу зарылдыгын президент көтөрүп чыкты. Бул биздин өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн.

Бүгүнкү күндө Бишкек-Нарын-Торугарт эл аралык жолунун курулушун дагы кытайлык “Чайна роуд” компаниясы жүргүзүүдө. Бирок, эл аралык жолдун Ат-Башы аймагындагы жаңы бүткөн жерлери кайра жарыла баштаган эле. Бул жолкуда жолдун сапатына тыкыр көзөмөл болорун компаниянын инженери Таалайбек Эрматов билдирди:

- Бул жолдун сапатына көзөмөл болот. Эки жолу текшерет. Биринчи биз текшеребиз, анан бизден сырткары текшергендер болот. Ал текшерүүнүн адистери өзүнчө алынат.

Түндүк-түштүк жолун кытай компаниясы курууда.
Түндүк-түштүк жолун кытай компаниясы курууда.
Аталган аймакка курулушка керек болгон асфальт-бетон, темир ширетүүчү үч чакан завод курулат. Бүгүнкү күндө 200дөн ашык жумушчу иштеп жатат, басымдуу бөлүгү кытай жарандары. Келечекте 2000ге чукул жумушчу тартылары айтылууда. Айыл тургуну Жылкыайдар Карымшаков жолдун курулушу элдин жашоосуна жакшы таасир этерин айтып, бирок жумушчулар жергиликтүү элден алынса деген ойдо:

- Жол курулса жакшы эле болот. Экономикалык өсүш болот дегендей. Бирок, жумушка жергиликтүүлөрдү алса дейбиз, бизде жумушсуздар көп.

Түндүк-Түштүк кошумча жолун куруу демилгесин президент Алмазбек Атамбаев көтөргөн. Ош - Бишкек жолуна альтернатива болчу түндүк-түштүк же башкача айтканда, Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Балыкчы жана Жалал-Абад шаарларын бириктирген жол Кочкор - Чаек – Көкөмерен - Казарман аркылуу өтөт. Жолду толугу менен бүтүрүүнү кытайлык компания моюнуна алган. Долбоорго ылайык, курулушка жалпысынан 850 миллион Америка доллары талап кылынат. Анын алгачкы бөлүгүн тагыраак айтканда, 400 миллион АКШ долларын кытайлык “Экспорт-Импорт” банкы насыяга берди. Каражаттын калган бөлүгү да ушундай жол менен каржыланары айтылууда.

Альтернативдүү бул жолдун курулушуна каршы болгондор да бар. Айрым саясатчылар Атамбаев бул долбоор аркылуу саясий упай топтоону гана көздөп жатат, жолдон эч кандай экономикалык пайда болбойт дешет. Учурда өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган бир гана жол бар.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG