Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Өзгөндүк ишкер депутаттын бир тууганын айыптады


Ишкер Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары.
Ишкер Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары.

Өзгөндүк жеке ишкердин жакындары Жогорку Кеңештеги депутаттын бир тууганын карактоого байланыштуу күнөөлөп жатат.

Карактоого кабылды делген Сактан Келдибаев аттуу ишкердин ата-энеси, бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү. Анда чуулгандуу ишке Социал-демократтар фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы, Ош шаардык прокуратуранын кызматкери Канжар Кадыралиевдин тиешеси бар деп айтышты.

Канжар Кадыралиев “Азаттыктагы” маегинде дооматты четке какты жана муну каралоо деп атады.

Ишкер Сактан Келдибаевдин атасы Ашыралы Келдибаевдин айтымында, карактоо ушул жылы 31-августта таңкы саат төрт чамасында болгон. Беткап кийген куралчан төрт адам Сактан Келдибаевди уруп, ата-энесине да күч колдонуп, 12 миң долларын алып кеткен. Алар ишкерден үч күндөн калбай Орусияга көчүп кетишин, бизнесин өткөрүп беришин талап кылышкан. Ашырали Келдибаев бул окуянын артында депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиев турарын, ал бир жылдан бери опузалап уулунан акча өндүрүп жүргөнүн айтууда:

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева.
Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева.

- Канжар Кадыралиев деген менин балама илээшип жүргөн экен. “Сыйың менен пул бер, болбосо баары бир алам, керек болсо ийне менен сага СПИД жуктуруп коем” деп эки миң доллардан алып жүргөн экен. Уулум минтип опузалап жатканын бир жыл эч кимге айтпай жүрө бериптир.

Сактан Келдибаевдин атасы Канжар бул окуяга байланыштуу өлкө жетекчилерине, прокуратурага жана милицияга арыз жазган. Азырынча кандайдыр бир реакция боло элек экен.

Ишкердин бир тууган эжеси Уулкан Келдибаеванын билдиришинче, бул окуядан кийин да Канжар Кадыралиев инисин опузалаган:

- Канжар Сактанга чалып “арыз жазыпсың, менин бир тууган карындашым Ыргал Жогорку Кеңеште депутат, Алмазбек Атамбаев менен түз сүйлөшөт, арызыңардан жыйынтык чыкпайт, эгер чыга турган болсо мен кызматтан кетем, мен бандиттиктен кетпейм, бандит боюнча калам, дагы сүйлөшөбүз, сен жашай турганыңды ойло” деп коркутуптур.

Ош милициясындагы ишенимдүү булактардын маалымдашынча, Өзгөндөгү карактоо боюнча кылмыш иш козголгон, шектүүлөр аныкталып, материал прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Сактан Келдибаевдин Өзгөндө Жалпак-Таш деген жерде мармар чыгарган ишканасы бар экен. Анын туугандары Канжар Кадыралиев ушул бизнесин тартып алууну каалаган деп айтууда.

“Азаттык” Канжар Кадыралиевдин өзү менен байланышты. Ал Келдибаевдердин айткандарынын баарын жокко чыгарды жана муну каралоо деп атады:

-Бизди криминал үй-бүлө деп жазышыптыр. Эгер криминал болсок биздин үйдөн эки депутат чыкпайт эле. Мен өзүм прокуратурада, бир тууган агам Каржы полициясында иштейт. Сактан менин досум болгон. Үй-бүлөлүк катышта болгонбуз. Ошол окуядан 15 күн мурун эле жолугуп чай ичишкенбиз. Эгер мен аны коркутуп жүрсөм, бирде опузалап, бирде дос болуп, ушундай мамиле курмак белем? Бул жерде саясат кылып жатышат. Алдыда парламенттик шайлоого карата мени жаман көрсөтүшүп, “кара пиар” жасап атышат.

Маркум Айбек Мирсидиков Жалал-Абаддагы үйүндө, 2010-жылдын 16-майы.
Маркум Айбек Мирсидиков Жалал-Абаддагы үйүндө, 2010-жылдын 16-майы.

Канжар Кадыралиевге байланыштуу милицияга дагы бир арыз түшкөн. 2010-жылы июнь коогасына үч күн калганда атып өлтүрүлгөн, уюшма кылмыш топтун лидерлеринин бири катары тизмеде турган, Жалал-Абадда “кара Айбек” деген каймана ат менен таанымал Айбек Мирсидиковдун апасы Лолахан күч органдарына кайрылган экен. Ал Канжар Кадырылиев уулуна таандык 25 баш жылкыны мындан төрт жыл мурун багып берем деп алып кетип, акчасын толук бербей жүрөт дейт:

- Биз жылкыларды өзүбүз Канжарга багып бер деп бергенбиз. Мына төрт жыл өттү. Ошондон бери 272 миң сом берди. Өзү менен деле кабарлашып жатабыз. Эми буюрса же жылкылардын өзүн алабыз, же акчасын толук алабыз.

Канжар Кадыралиев Айбек Мирсидиков менен тааныш болгонун тастыктады, бирок жылкысын алып бербей жүрөт деген дооматты төгүндөдү:

-“Кара Айбектин” бир тууган иниси Аваз 2010-жылы милициянын кызматкерин атып, Өзбекстанга качып кеткен. Мен мурун спортчу болгом, мелдештерге катышып жүргөндө Айбек экөөбүз таанышып калганбыз. Ошол айтып жаткан жылкылардын жарымы меники. Менин жылкыларымды мына берем, ана берем деп жатканда Айбекти өлтүрүп кетишет. Айбек өлгөндөн кийин эле июнь коогасы болот. Ал Өзгөндө Махмуд деген өзбек балага да 14 миң доллар карызы болот. Алардан да жылкы алган. Мен Авазды бирөөлөр аркылуу Өзбекстандан таптырып, мен аны менен сүйлөшүп жылкыларымды беришин талап кылгам. “Кара Айбек" ферма кылам деп жылкы жыйнап аткан эле. Аваз мага чалып “Канжар, досум жылкылар Махмуддун үйүндө турат, айырмасын аяш атаңа берип туруп жылкыларды алып кет” деп айткан.

Канжар Кадыралиевге байланыштуу окуялар боюнча ички иштер органдары жана прокуратура расмий комментарий бере элек. Кадырлиев болсо ага айтылган жалаа боюнча сотко арызданганы жатат.

XS
SM
MD
LG