Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Кыргыз мушкеринин АКШдагы ийгилиги


Урмат Рыскелдиевдин (кызыл мээлейчен) беттешинен көрүнүш.
Урмат Рыскелдиевдин (кызыл мээлейчен) беттешинен көрүнүш.

Алгач Түштүк Кореяга иштеп кетип, ал жакта да бокс боюнча таймаштарга катышып жүргөн кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев соңку убакта АКШда байма-бай рингге чыгып, катары менен жеңишке жетүүдө.

Учурда АКШнын Лос-Анжелес шаарында жашаган Урмат Рыскелдиев 24 жашта. Ал аз убакыт ичинде Америкада беш ирет беттешке чыгып, төртөөндө жеңишке жеткен. Урматка "сиз утуп жаткан беттештердин бокс чөйрөсүндөгү баа-баркы кандай?" деген суроо узаттык:

- Өтө жогорку класстагы деңгээл деп айта албайм, орточо деп баа берсем болот. Профессионалдуу бокстун атайын сайттары болот, азыркы ийгиликтерим, утуштарым, нокауттарым ошол жакка катталып, рейтингиме кошула берет. Азыр мен ал рейтингде алты раундда жүрөм, 2015-жылы 8-10 раунддук упайга жетем деп турам. Бирок азыркы абалым деле жаман эмес, кудайга шүгүр.

Урмат алгач АКШга мигрант катары барып, жүк ташыгыч болуп иштеп, кийин такси айдап, каражат тапчу экен. Ошентип жүргөн кезде көп жылдан бери АКШда жашаган кыргызстандык ишкер, активист Жаныш Осмон менен таанышып калат. Урматты рингге кайрадан алып келген ушул инсан экен:

Урматтын ар бир таймашын мекендештери колдоп, сүрөп турушат
Урматтын ар бир таймашын мекендештери колдоп, сүрөп турушат

- Азыр менин эки менеджерим бар, бири кыргызстандык Жаныш Осмон, экинчиси - америкалык Онтанио деген жигит. Мен Жаныш Осмонго жолугуп калганым үчүн кудайга ыраазымын. Ага жолукпасам азыр кара жумушта иштеп эле жүрмөкмүн. Ал мага абдан көп жардам берди. Бул жакта спорт менен жумушту бирдей алып кетүү абдан кыйын. Кыргызстандан көп эле спортчулар келишет, машыкканга аракет кылышат, бирок анда каражат жагынан кыйналып калышат. Батир акысы, тамак-аш деген бар, анан туугандарга да акча жиберүү керек.

Чындыгында АКШда иштеп жүргөн кыргызстандык жигиттердин көпчүлүгү спортчу экени маалым, бирок алардын көбү күнүмдүк жумуш менен гана алектенип, профессионалдык спортту таштап коюшкан. Такси айдап иштеген мушкер Урмат машыгууга, беттештерди өткөрүүгө кантип убакыт жана каражат табарын мындайча айтып берди:

- Мен азыр Лос-Анжелестеги Wild Card залында машыгам. Ал жерде айтылуу мушкер Мэнни Пакьяо да машыккан экен. Мен машыккан зал ошол Пакьяонун устаты, атактуу машыктыруучу Фреди Роучка таандык. Мен ошол Роучтун колунда иштеген түбү мексикалык эки кишиден сабак алам. Америкада машыгуу системасы да жакшы экен, Кыргызстанда эски советтик системада машыкчубуз. Мелдешке даярдык көрө баштаган кезде иштебейм, чыгымдарымдын баарын менеджерим Жаныш Осмон көтөрөт. Ага ыраазымын.

Урматтын машыктыруучусу Жеси Рид да буга чейин 25 дүйнө чемпионун машыктырганы маалым. Улам-улам жеңишке жетишип жаткан жердешибиз атайын билет сатып алып, беттешке келген америкалык күйөрмандарынын да катары калыңдап баратканын кубануу менен айтып берди:

- Мен Кыргызстандын атынан, кыргыз желеги менен рингге чыгам. Америкалыктар аябай кызыгып, Кыргызстан жөнүндө сурашат. Жакшы сөздөрүн айтышат, ыраазы болуп калам. Мени тааныгандар да пайда боло баштады.

АКШдагы кыргызстандыктар Урматтын ар бир беттешине барып сүрөп, мушкерге дем берип турушат. Соңку убакта АКШдагы кыргызстандыктар интернеттеги социалдык тармактарда Урматтын катар-катар ийгиликтерин сүйүнчүлөп, анын рингдеги сүрөттөрүн кубануу менен жарыялашууда.

Урмат Рыскелдиев учурда келерки таймаштарга да катуу даярдык көрүүдө. Урматтын учурдагы максаты - дал ушул ринг аркылуу кыргыз желегин бүт дүйнөгө таанытуу.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG