Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Канжар Кадыралиевди апасы калкалап жатат


Канжар Кадыралиевдин туугандары маалымат жыйында. 21-ноябрь.
Канжар Кадыралиевдин туугандары маалымат жыйында. 21-ноябрь.

Канжар Кадыралиевдин туугандары жабырлануучу тарап тосмо арыз жазгандыктан анын кылмыш ишин кыскартып, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып жатышат.

Прокурорлор оор айып тагылгандыктан иш кыскарбай турганын билдиришти.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы, Ош шаардык прокуратуранын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиев 19-ноябрдан бери издөөдө жүрөт.

Канжар Кадыралиевдин апасы Акдаана Кочкорова жана анын адвокаты, Өзгөн районунун айрым тургундары 21-ноябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү. Анда Кочкорова уулунун күнөөсү жоктугун, ушундан улам аны калкалап жашырып отурганын маалымдады:

- Үй-бүлөбүз, тууган-уругубуз менен КСДПны колдогон адамдарбыз. Ушул партияны гана колдойбуз. Канжарбегиме жалган жерден жалаа жаап, күнөө коюп жатышат. Канжарды качты деп жатышат. Ал эч жакка качпайт. Канжар менин жанымда, аны мен чыгарбай жатам. Кызым Аида Салянова мыйзам чегинде бардык тараптарды карап, туура чечим чыгарып берсе экен деп тилейм.

Канжар Кадыралиев.
Канжар Кадыралиев.

Канжар Кадыралиевдин адвокаты Байыш Жоробеков анын жашырынып отурганга аргасыз болгон себебин түшүндүрүп берди. Эгер иш адилет териштирилет деген кепилдик болсо суракка келүүгө даярдыгын айтты:

- Абдимитал Бекташев арыз жазары менен эле иш козголуп, Канжарды чакырбастан сыртынан айыбын угузуп, камоо тууралуу сыртынан чечим чыккандан кийин ал убактылуу качканга аргасыз болду. Күнөөсү жок болсо деле барары менен камап коёт. Эгерде тергөө ар тараптуу, объективдүү иликтесе, Канжар сурак бергенге даяр.

Маалымат жыйынга Канжар Кадыралиевге байланыштуу арыз жазган анын айылдашы Абдимитал Бекташев да келди. Тосмо арызы тууралуу алакандай кагазга жазылган эки ооз сөздү гана окуп, башка комментарий бербестен кетип калды:

- Убагында пикир келишпестик болгон. Азыр ушул күндө биз келишип алдык. Биз жакын тууган адамдарбыз.

Маалымат жыйында Өзгөн районунун тургуну Рысбай Рысбаев да отурду. Ал Канжар Кадыралиевдин айланасындагы окуяларды ага арызданган дагы бир өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаев уюштуруп жатат деп айыптады. Кадыралиев камалса, жергиликтүү эл көтөрүлөт деп эскертти:

- Сактан тараптагылар эл-журтту уюштуруп алып, элдин тынчын алып, үймө-үй киришип, көңүлү бош, акчага кызыккан адамдарды тукуруп, Канжарга жалаа жаап, камаштын айласын кылып жатышат. Бул интригаларга элдин баары нааразы. Эгерде ушул нерсенин чын-төгүнүнө жетпей, ушакчылардын тилине кирип алып “камаш керек, антиш керек, минтиш керек” дей беришсе, анда биз, эл көтөрүлүп келгенге даярбыз.

Абдимитал Бекташев жыйындын бүтүшүн күтпөй эле чыгып кетти.
Абдимитал Бекташев жыйындын бүтүшүн күтпөй эле чыгып кетти.

Сактан Келдибаевдин бир тууган агасы Манияз Келдибаев болсо дооматтарды четке какты:

- Биздин угушубузга караганда Бекташев 10 жылдан бери эле арызданып жүрөт экен. Буга чейин Өзгөндүн милициясына, прокуратурасына, облустун күч органдарына, атүгүл губернаторго чейин бир канча ирет кайрылган экен. Биз аны менен тааныш эмеспиз. Канжар Кадыралиевдин бизге жасаган кордугу эле өзүбүзгө жетет. Бизге кылган кылыгы боюнча эле биз акырына чейин акыйкат үчүн күрөшүп жатабыз. Бирөөлөрдү үгүттөп, арыз жазгыла деп суранган жокпуз, суранбайбыз дагы. Атам менен иним жазган арыз боюнча тергөө иштери бүтүп калды. Бардык органдар сураган. Көзөмөлдөөчү орган болгон прокуратуранын кызматкери болсо, өзүн акмын деп эсептесе, эмнеге качып жүрөт? Таза болсо тергөөгө келбейби. Бул иш президенттин көзөмөлүндө турат. Президентке, баш прокурорго ыраазыбыз. Баарын акыйкат карап жатат. Бул жерде аша чапкан эч нерсе жок. Биз аягына чейин турабыз, буларды жоопко тарттырабыз.

Башкы прокуратуранын өкүлү Бакыт Кетиренов Канжар Кадыралиевдин адвокатын атайлап коомчулукту адаштырган маалымат берип жатат деп айыптады. Анын түшүндүрмөсү боюнча, тосмо арыз болсо деле бул кылмыш иш кыскарбайт:

- Канжар Кадыралиевге коюлган бир берене оор кылмыштарга кирет. Бул кылмыш иш тосмо арыз менен токтобойт. Бекташев тосмо арыз бергенде биз аны суракка алганбыз. Ал “мага келип кечирим сурашты, акча беришти, тосмо арыз жазып бердим, бирок мурунку арызым, берген көрсөтмөм күчүндө калат, эч кандай өзгөрүү ” жок деп көрсөтмө берген. Кадыралиев өзү 30дан өткөн, үч баланын атасы, бир районду, Ош шаарын дүңгүрөтүп турган чон эле жигит экен. Бирок азыр эмнегедир үч жаштагы баладай болуп апасынын артына жашынып, качып жүрөт. Өзү буга чейин укук коргоо органында иштесе, өзү келиши керек болчу. Эгер кылмыш жасаса жасадым деп айтып, жасабаса жок деп далилдеши керек эле. Бул деген укук коргоо органында иштеген адамдын эң негизги милдети болуп эсептелет.

Ал арада Оштун милициясы Канжар Кадыралиевди таба албай жатат. Облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев кармалмайынча издөө улана берерин айтууда:

- Дагы эле кармала элек. Апасы, өзү жашаган даректерге бардык. Башка жерге жашырынып алган болушу мүмкүн. Милиция издеп жатат, издөө ал кармалганда гана токтойт.

Канжар Кадыралиевге өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арызына байланыштуу 18-ноябрда кылмыш иш козголгон. Ага бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча айып тагылган. Эртеси күнү, 19-ноябрда сот камакка алуу тууралуу чечим чыгарган, тергөөгө келбей жатканына байланыштуу издөө жарыяланган. Андан мурдараак Кадыралиевди өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаев куралдуу карактоо боюнча айыптап чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG