Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Табышмактуу өлүмдүн артында катылган сыр


Камила Дүйшөбаева.
Камила Дүйшөбаева.

Быйыл 10-мартта табышмактуу жагдайда киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин бети ачыла элек. Маркумдун атасы Эшмамбет Дүйшөбаев бийликте бул иштин ачылбай калышына кызыкдар күчтөр бар деген түкшүмөлүн билдирди.

Эшмамбет Дүйшөбаев анын кызы менен каргашалуу окуяга чейин байланышкан адамдар катары тергөөгө көрсөтмө бергендердин арасында жогорку даражалуу кызмат адамынын тууганы бар экенин билдирди. Бирок бул иште күбө катары өткөн жарандар тергөө алардын бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин аныктап чыкканын белгилешүүдө. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу иштин жүрүшү туурасында маалымат берүүдөн баш тартты.

Атактуу ысымдар аралашкан жагдай

Ички иштер министри Мелис Турганбаев быйыл жазында киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши жакында ачыларын жарыялаган болчу.

Андан бери дагы бир топ убакыт өттү. Бирок бул чуулгандуу кылмыш иши дагы деле ачыла элек. Ички иштер органдары маркумдун ошол кездеги мамиле-катнашы жана телефондук байланыштары текшерилип жатканын билдирген. Бул иш боюнча ондогон адамдар күбө катары сурак бергени маалымдалган. Бирок Эшмамбет Дүйшөбаев “Азаттыкка” бул иш боюнча көрсөтмө бергендердин арасында күмөн жараткан күбөлөр бар экенин биринчи жолу жарыялады:

- Мага тергөөдөгү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн көргөзүшкөн. Анда кызымдын курбулары, туугандары, тааныштары жана бирге окуган тайпалаштары сыяктуу бир катар адамдар көрсөтмө берген экен.

Эшмамбет Дүйшөбаев.
Эшмамбет Дүйшөбаев.

Анан бул иш боюнча көрсөтмө бергендердин арасында башкы прокурор Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Салянов менен “Мекен шейиттери” уюмунун жактоочусу болуп жүргөн Осунбек Жамансариев жүрөт. Менимче бул экөө дос болсо керек. Буларды сурагандын себеби, мына ошол Калый дегени менин кызым менен тааныш болгондуктан 9-марттын түнүндө жеткизген экен. Бир кудай билет эми. Мен кызымдын өлүмүнө мына ошол Калый Салянов күнөөлүү деп айта албайм. Бирок тергөөдө башка бир шектүү адамдар боюнча жыйынтык жок.

Чуулгандуу иштен чубалган чуу

Бул чуулгандуу кылмыш ишине байланыштуу тергөөнүн маалыматы боюнча жалпысынан кырктан ашуун адам суралган. Алардын көпчүлүгүн каза болгон кыздын байланыш чөйрөсүнө таандык адамдар түзгөн. Тергөө мына ошого байланыштуу кылмышка шектүү адамдардын алкагын аныктоо үчүн каргашалуу окуяга чейинки жана андан бир күн мурунку жалпы жагдайлардын таржымалын (хроникасын) түзгөн. Маркумдун эжеси Айжан Дүйшөбаева каргашалуу окуядан бир күн мурун Камила менен анын курдашын жашы бир топко барып калган адам автоунаа менен жеткирип койгон жагдай көбүрөөк шек жаратып жатканына токтолду:

- Мына ошол 9-марттын түнүндө Камила курбусу менен Чүй-Гоголь көчөсүндө жайгашкан “Демократ” деген кафеде отурган экен. Бул боюнча кийин курбусу бизге айтып берди. Мына ошол Калый деген кишиге “бизди жеткирип коюңуз” деп чалышкан экен. Анан ал келип, Камиланын курбусун 7-кичи районго ташташкан. Мына ошондон соң Калый деген киши "Камила “40x40” деген клубга жеткенде ошол жерге калтырып коюшумду суранган" деп көрсөтмө бериптир. Бирок мына ошол аралыкта эмне окуя болгону белгисиз. Анан ошол түнү Камила такси кармап алып, үйгө келген экен. Биз анда уктап жатканбыз. Өзү үйдү ачып, бөлмөсүнө кирип кетиптир. Ошондо алдынан тосуп алган жээнибиз Камиланын маанайы жок болгонун айтып берди. Эртең менен да ал бир топко чейин терезени карап ойлонуп отуруп, анан үйдөн чыгып кетиптир. Биз ага анча деле маани берген эмеспиз. Мына ошол чыгып кеткен боюнча ал кайра үйгө кайрылып келбеди.

Быйыл 10-мартта 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектин “Достук” кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң – 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.

Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бул боюнча Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болуп өлтүрүлгөнүн ырастаган. Анда зордуктоонун же кыйноонун өзгөчө белгилери табылган эмес. Бирок жабырлануучу тараптын айтымында, экспертиза анын өзүнүн моюн орогучу менен муунтулганын тастыктаган. Мына ошондон кийин милиция каза болгон кыздын окуяга чейинки байланыштарынын изине түшкөн. 9-марттын түнү, башкача айтканда, каргашалуу окуядан бир күн мурун Камила менен кафеде бирге болгон курдашы Гүлниза (аты өзгөртүлдү) өзүнүн тергөөдө берген көрсөтмөсүн кыскача айтуу менен чектелип, кошумча суроолорго ачык жооп берүүдөн чочулады:

- Ал аябай жакшы кыз болчу. Жакында турмушка чыгам деп даярданып жүргөн. Кылыч деген жигитке турмушка чыгам деп жаткан. Ал жигит Алматыда иштечү. Биз 9-мартта жакшы эле отуруп, эч кимге деле жолукпай эле үйгө кеткенбиз. Ооба, менин жолдон калып калганым чын. Анан түнкү саат 11лерде үйдө болгомун. Анан ал эрте менен мага каяктасың деп чалган. Мен сабакта отурам дегемин. Биз ошол боюнча көрүшкөн жокпуз. Мен башка эч нерсе билбейм. Эч нерсе айта албайм...

“Өзгөчө” күбөлөрдүн “өзгөчө көрсөтмөлөрү”

Бул иш боюнча Камиланын сүйлөшкөн жигити деп айтылган Кылыч аттуу жаран дагы тергөөгө көрсөтмө берген. Ал 10-март күнү Камила менен жолукмак болуп, бирок жолугуша албай калганын айткан. Тергөө башында андан жаш жигитти кызганычка түрткөн жагдайлар болушу мүмкүн деп шектенип, бирок иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кийин анын кылмышка катышы бары тастыкталган эмес. Ошол эле кезде каргашалуу окуядан бир күн мурунку жагдай тергөөнү кызыктырып туруп алган. Анткени ошол түнү Камиланы курдашы менен жеткирген орто жаштагы адам аны менен көптөн бери тааныш болгону аныкталган. Ал күбөнүн айтымында, мындай тааныштыкка Камила менен Чолпон аттуу кыздын ишкердин мекемесине жумуш сурап келгени себеп болгон. Тергөөдө Чолпон аттуу кыз Камила экөө мурда ошол адам менен таанышканын айтып, көрсөтмө берген. Бирок каргашалуу окуя болгон кезде ал кыз Орусияда болгон.

Күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө жогорку даражалуу кызмат адамынын тууганы деп айтылып жаткан күбөлөрдүн бири, 53 жаштагы жеке ишкер Калыбек (Калый) аттуу адам өзүнүн тергөөдөгү көрсөтмөсү боюнча мына буларды айтып берди:

- 9-март күнү кечинде жолдош балдар менен мончодо отурганбыз. Анан түнкү ондордо мага Камила “Калыбек байке, карыз болуп калдык эле, кафеден коё бербей жатат, бир миң сом бересизби?" деп чалып калды. “Мен балдар менен отурам, мүмкүнчүлүгүм жок бара албайм” – десем болбой жети-сегиз жолу чалды. Жаш баланын көңүлүн кыя албай, Нарындын экс-губернатору болгон досум экөөбүз алар отурган кафеге келдик. Анан акчаны берип кетип бара жатсак, “бизди дагы таштай кетиңиздерчи” деп калды. Анан анын жанындагы курдашын үйүнө таштап келе жатсак, Камила "40x40" деген кафенин жанына таштап коюңузчу деди. Аны ошол жерге калтырып, досум экөөбүз үйгө кеткенбиз. Досумду үйдө коноктоп, 7-апрель окуясынын баатырлары үйгө келип, алар менен чогуу сүйлөшүп отуруп, эртеси эртең менен, тактап айтканда 10-март күнү Осунбек Жамансариев экөөбүз Жумгалга кеткенбиз. Биздин мына ошол окуя болгон күнү Бишкекте болбогонубузду тастыктаган далилдер менен күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн тергөө изилдеп чыккан. Белгилей кетчү жагдай, кыз жоголгондон кийин туугандары курбусу аркылуу мага чыгышкан. Ушундан кийин мен аларга жолугуп, Камиланы чогуу издегенбиз.

Адам өлүмүнө байланыштуу бул кылмыш ишинин алкагында “Мекен шейиттери” уюмунун мурдагы коомдук жактоочусу Осунбек Жамансариев дагы күбө катары көрсөтмө берген. Бирок Жамансариевдин көрсөтмөсү анын жеке өзүнүн каза болгон кыз менен мына ошол окуяга чейин түздөн-түз байланышкан же жолу кесилишкен жагдай боюнча эмес. Осунбек Жамансариев өзүнүн ал окуяга түз же кыйыр жагдайда катышы жок экенин төмөндөгүдөй белгиледи:

Осунбек Жамансариев.
Осунбек Жамансариев.

- Мен андай деп көрсөтмө берген эмесмин. Мүмкүн Салянов бергендир. Ал кызды жеткизгем деп. Менин тергөөгө берген көрсөтмөмдө аны жеткиздик деген сөз жок бул жердечи. Бул киши, жанагы кызды билген дагы эмесмин, көргөн дагы эмесмин. Акыркы жолу мүмкүн башка бирөөлөр жеткизгендир, тааныштары болгондур. Мага бул жагдай боюнча такыр сурак болгон эмес. Бул боюнча эми коомчулукка чыкса, эл башкача түшүнүп калышы мүмкүн. Ошондуктан башка бир кишилер жеткирсе, мына ошолордон сураш керек да. Менин буга эч кандай катышым болгон эмес. Аны тергөө дагы тастыктап берет.

Каралоого калкаланган жагдай барбы?

Эске сала кетүүчү жагдай, мурдагы ички иштер министри Абдылда Суранчиев парламентте сүйлөп жатып, бул ишти киши колдуу болду деген версияны четке каккан.

Абдылда Суранчиев
Абдылда Суранчиев

Ошондой эле Суранчиевдин бул кылмышты ачпай туруп эле, каза болгон кыздын жеңил ойлуу жүрүм-туруму тууралуу айтканы коомчулукта сынга кабылган болчу. Каза болгон кыздын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев кызды коомчулукка каралоо аркылуу бул кылмыш ишин башынан эле жаап салуу аракети болгон деп күмөн санайт:

- Мен мурдагы ички иштер министри Суранчиевдин коомчулукка тараткан маалыматына аябай капа болдум да. Менин кызымды жеңил ойлуу жана көчө таптаган бирөө катары сүрөттөп салыптыр. Камила барын бар, жогун жок деп бетке айткан кыз эле. Ал окуусуна баргандан башка үйдөн көп деле чыкчу эмес. Ошол майрам күндөрү гана курдаштары менен кечеге барып келүүсүнө уруксат бергем. Бирок Суранчиев менин кызымды өзүн-өзү асып алып, анан Байтиктин жанындагы талаага барып, жатып алды дегендей айтканы мени аябай кыжырдантты. Азыр талдап көрсөм, бул кылмышты ачтырбоо үчүн ошондо эле ушундай бир аракет болгон экен. Анан менде бийликтеги кайсы бир адамдар менин кызымдын өлүмүнүн ачылбай калышына кызыкдар болуп жаткандай күмөн саноо болуп жатат. Ошондуктан бул иштин бетин ачуу кечеңдеп жатат окшойт.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев бул чуулгандуу кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн жакында тергөөгө чет элдик эскперттер тартылганын айткан болчу. Малайзиядан келген мобилдик байланыш тармагы боюнча адистер каза болгон кыздын телефонундагы каттоого алынганы тастыкталбай жаткан чалууларды изилдеп, жыйынтык чыгарат. Анткени тергөө мобилдик чалуулардан башка WhatsApp байланыш каражаты аркылуу болгон байланыштын түйүнүн чече албай туруп калган. Мындан сырткары бул маселени парламенттин Укук тартиби комитети 16-декабрда карап, чуулгандуу кылмыш ишинин ачылбай жатышынын айрым көмүскө сырлары талкууга алынары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG